Алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын улутташтырууда инвесторлор Кыргызстанга каражат жумшашпайт, а мамлекет 3,5 млрд. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп бериши керек болот, деп билдирди «Кыргызалтындын» аткаруучу директору Кылычбек Шакиров.

Шакиров Kloop.kgге берген маегинде «Кумтөрдү» улутташтырууда Кыргызстандын бийлиги компенсация катары кенди иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясынын акционерлерине 3,5 млрд. АКШ долларын төлөп бериши керек болорун билдирди.

«Азыр ал 3,5 млрд. АКШ долларын түзөт. Биздин бюджеттин бүгүнкү күндөгү абалын эске алганда, азыр ал сумманы төлөп берүүгө мүмкүн эмес. Андан сырткары улутташтырууга барардан мурун аны төлөп берүүнүн [компенсацияны] булактары аныкталышы керек. Бюджетте андай акча жок», — деди ал.

Шакиров ишкананы улутташтыруу инвесторлорду качыруусу мүмкүн деп эсептейт, анткени эч ким «жеке менчикти сыйлабаган» мамлекетке өз каражатын салгысы келбейт.

Акыркы кездерде «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү кептер жогорку кызматтагы чиновниктер тарабынан көп айтыла баштады. Ишкананын улутташтырылышы мүмкүндүгү тууралуу президент Алмазбек Атамбаев дагы 2014-жылдын аягында билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын февралынын аягында парламент «Центерра» менен биргелешкен ишкана түзүү үчүн өкмөткө дагы бир ай убакыт берген. Жаңы түзүлгөн компанияда эки тарап акциялардын 50 пайыздан үлүшүнө ээ болуусу керек. Учурда Кыргызстан «Кыргызалтын» аркылуу «Центерранын» акцияларынын 33 пайызына ээлик кылат.

Бирок анда парламент депутаттары эгер өкмөт канадалык инвесторлор менен макулдашууга жетише албаса, ишкананы улутташтыруу процессин баштай тургандыктарын убадалашкан — бул кадамды беш фракциянын үчөөсүнүн лидери жана Жогорку Кеңештин төрагасы колдоого алган.

«Биз жеңишке согуш талаасында эмес, а жеке менчикти сыйлаган, адамдар өзүн адекваттуу алып жүргөн цивилдүү мамлекет катары сүйлөшүүлөр жолу аркылуу жетишибиз керек. Акыркы жылдары Кыргызстан сүйлөшүү жолу менен иш алып барууда», — деди Шакиров.

Анын айтымында, биргелешкен ишкана түзүлгөндөн кийин Кыргызстандын «Центеррадагы» 33 пайыз акциясын жаңы ишканадагы 50 пайызга алмаштыруу кошумча көйгөй жаратат. Башкы тоскоолдук Кыргызстандын акцияларынын бир бөлүгүнүн башка соттук процесстердин алкагында камакка алынгандыгында.

«Кыргызалтын» тоңдурулган акцияларды өз көзөмөлүнө алмайынча канадалык компания менен биргелешкен ишкана түзүү процесси аягына чыкпайт. Шакировдун пикиринде, «Кумтөр» улутташтырылган күндө да Кыргызстандын бийлигине ишкананы сатуу оор болот.

«Мен чоң абройлуу жакшы компания келет деп ойлобойм. Улутташтыргандан кийин компенсация төлөп берүү керек. Эгер төлөп берсек, ооба. Бирок биз бюджетте акча жок экенин билебиз да. А эгер төлөп бербесек өзүн сыйлаган компания келбейт. Мындан да көп көйгөй жарата турган кайсыл бир чайкоочу келет», — деп эсептейт ал.