Ноокат районунун жаш тургуну Тимурлан Мурзакаримов жаңы техника ойлоп таап, аны велопед деп атады. Бул техника менен майып окуучулар мектепке келсе болот, дейт ал.

Тимурлан 5-классында устачылыкка кызыгып, ширетүүнү үйрөнгөн. Ошондон бери ар кандай жабдууларды жасап келет. Ал азыр Кызыл-Булак айылында 9-класста окуйт.

Timurlan (1)

Велопедди жасоо идеясы ага ошол 5-класста окуган кездерде эле келген. Өз алдынча аракет кылып, аны кадимки арабадан жасап көргөн.

Timurlan (2)

«[Андан соң] Мотор койдум. Бир канча убакыттан кийин өзгөртүү киргизип, аккумулятор, стартер жана генератор коштум. [...] Ар түрдүү өзгөртүүлөр киргизгенден кийин сынап көрдүм. Акырында мын ушул техниканы жасадым. Үч дөңгөлөктүү болгондугу жана мотор менен жүргөндүгү үчүн велопед деп атадык», - деп баяндайт Тимурлан.

Timurlan (3)

Велопеддин жасалышына жалпысынан 11500 сом кеткен. Үйдө бар болгон нерселерди жыйып, кураштырып жасагандыгын айтат Тимурлан.

Timurlan (4)

«Техниканы жасоонун алдында ата-энем «даярдай албайсын» деген сөздөрдү айтышты. Бирок велопедди жасап жатканымда алар өздөрү колдоп, жардам да берип турушту. Акырында өз ойлогон максатыма жеттим», - деп бөлүштү жаш ойлоп табуучу.

Timurlan (5)

Велопеддин иштөөсүн Тимурлан жөнөкөйлөтүп мындайча түшүндүрдү: Аккумулятор 12 вольттук. Аккумлятор моторду жүргүзөт. Мотор жүрүп алгагандан кийин генератор зарядды аккумляторго жиберет. Бул жерде ток айланып велопедди арекетке келтирет.

Timurlan (2)

«Бул техниканы майып адамдарга ыңгайлаштырып жасадым. Аны менен майып окуучулар мектепке келсе болот»

Timurlan (3)

Тимурлан физика, алгебра жана геометрия сабактарына кызыгаарын айтат. Андан сырткары ширетүү менен да алектенип, кичинекей стол жасаганга жетишкен.

Timurlan (4)

«Келечекте дарыгер болгум келет. Бирок ширетүү жана устачылыкка абдан кызыгам. Ар түрдүү нерселерди даярдасам деп жатам. Келечек алдыда. Кудай буюрса максаттарыма жетем», - деген ниетте Тимурлан.

Сүрөттүн автору: Рысбек Маматов, «Кызыл-Булак» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси