Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников «Биринчи каналдын» эфиринде орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө шектелген эки адам кармалгандыгын билдирди.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бүгүн аталган кылмышка шектүү эки адам кармалды — алар Губашев Анзор менен Дадаев Заур», — деп билдирди Бортников «Биринчи каналдын» эфириндеги шашылыш билдирүүсүндө.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы президент Владимир Путинге шектүүлөрдүн кармалгандыгы тууралуу кабарлангандыгын айтты. Бортников иштин башка чоо-жайы тууралуу билдирген жок.

«Бүгүнкү күндө ыкчам иликтөө жана бардык тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда», — деп кошумчалады ал.

Немцовдун жактоочусу Вадим Прохоров «Интерфакс» агенттигине берген маегинде тергөө органдары шектүүлөрдүн кармалгандыгы тууралуу ага дагы, каза болгон саясатчынын туугандарына дагы кабарлабагандыктарын айтты.

«Бул жакшы жаңылык. […] Бул тууралуу бизге кабарлаша элек болчу. Бул иштин алкагында Борис Ефимовичтин туугандары аларды жабырлануучу катары табуулары керек деп эсептеп, ага жетишүүгө аракет кылышат», — деди ал.

Немцов 27-февраль күнү түн ичинде Москванын борборунда атылып өлтүрүлгөн. Ага карата алты жолу атышкан, алардын төртөөсү оппозиционердин далысына тийген. Алган жаракаттарынан улам ал ошол жерде көз жумган.

Немцов оппозициянын 1-мартка белгиленген Москвадагы жүрүшүнө бир күн калганда өлтүрүлгөн. Анын уюштуруучуларынын бири Немцов болгон. Саясатчы өлтүрүлгөндөн үч саат өткөндөн кийин жүрүш болбой калгандыгы белгилүү болуп, анын ордуна саясатчынын тарапташтары Орусиянын борборунда он миндеген киши катышкан аза күтүү акциясын өткөрдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Немцовдун өлтүрүлүшүн «чагымчылдык» жана «буйрутма өлтүрүү» деп атады. Кийинчерээк өлкө башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков «чагымчылдык» Немцовдун бийликтин ачык каршылашы болгондугунда экенин түшүндүргөн.

Оппозиционердин тарапташтары Немцовдун өлтүрүлүшү саясий мүнөзгө ээ деп эсептеп жатышат. Алардын маалыматтары боюнча, Немцов Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууларга орусиялык аскерлердин катышуу ыктымалдыктарын иликтеп жүргөн.

Тема боюнча: Немцовдун өлтүрүлүшү

Тергөө кылмыштын бир нече версиясын караштырып жатат: өлкөдөгү саясий абалды туруксуздаштыруу үчүн жасалган чагымчылдык, ислам экстремисттеринин кол салуусу, Немцовдун коммерциялык ишмердүүлүгү, жеке кастык же Украинадагы кагылышууларга байланыштуу.

90-жылдары Нижегородск облусунун губернатору жана вице-премьер-министр кызматтарын ээлеген Немцов оппозициялык «Солидарность» кыймылынын лидерлеринин бири жана «РПР-Парнас» партиясынын теңтөрагасы болуп эсептелген.

2000-жылдардын башынан бери ал президент Владимир Путинди сынга алып келгендердин эң белгилүүлөрүнүн бири болгон.

Өлүмүнө үч күн калганда ал «Собеседник» журналына берген маегинде өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгынан коркуп жатканын билдирген. Немцовдун жардамчысы Михаил Конюхов акыркы кездерде саясатчынын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылып келгендигин ырастаган.

«Акыркы кездерде ал медицина тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенип келген, тагыраак айтсам — онкология тармагындагы. Мен бир ай мурун гана анын жардамчысы болгом, ошондуктан тигиндей же мындай деп айта албайм, бирок анын дарегине өлтүрүү тууралуу коркутуулар болуп келген», – деп жазган «Медиазона» анын айткандарын.

Сүрөт: Зарема Султанбекова