Акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанда күнөскана чарбаларынын саны төрт эсеге өстү. Бул Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн фонунда болууда.

Күтүлүп жаткандай, Кыргызстан 2015-жылдын майынан тарта Евразиялык экономикалык жана Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болот. Кыргыз бийлиги 2011-жылдан бери Бажы биримдигине кирүүдөн баарынан да айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр утушка ээ болушат деп убада берип келет.

Жыл бою даяр азык-түлүктөрдү сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кыргыз фермерлери өз үлүш жерлерине жашылча-жемиштерди өстүрүүчү күнөскана чарбаларын куруп башташты.

Күнөскана бизнесин өнүктүрүүгө дем берүү үчүн Кыргызстандын бийлиги лизинг боюнча алынып келинип жаткан күнөсканаларды кошулган баасына алынчу салыктан (НДС) бошоткон, ошондой эле жакында аларды алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрү да жоюлат.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев — 2014-жылы жашылча-жемиштерди өстүрүү менен алектенген «Жашыл Чарба» компаниясын негиздеген жаш ишкер. Ал Чүй облусунун Киргшёлк талаасындагы беш гектер жерге ээлик кылат — азыр анын 30 сотугуна беш күнөскана орнотулган.

«Кыргызстанда дээрлик ар бир үй-бүлөдө өз бакчасы бар […] Эгер алар эң кийинекей болсо да күнөскана орнотуп алышса, үй-бүлө өзүн гана бакпастан, өстүргөн жашылчаларын сатуу менен да алектене алат. Өз кезегинде бул көптөгөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн каржы көйгөйлөрүнүн чечилишине жардам бермек» — дейт Тилек.

«Жашыл Чарба» компаниясынын Киргшёлктогу күнөсканалары.
«Жашыл Чарба» компаниясынын Киргшёлктогу күнөсканалары.

Азыр анын күнөсканаларында жети киши иштейт, алар жашылчаларды карашат: помидор, бадыраң, капуста, болгар переци, сельдерей жана башкалар. Тилектин пландары боюнча, жакында алар алгачкы 100 тонна түшүмдү жыйнашат.

Алгачкы түшүмдү ал ички рынокто сатат, бирок жакынкы келечекте күнөсканалардын санын көбөйтүп, азык-түлүктөрүн чет өлкөгө экспорттоп баштоону пландап жатат.

«Азырынча өстүрүп жаткан жашылчалардын аз экендигине карабастан күнөсканаларды кеңейтүү пландар бар, ошондуктан чет өлкөлөргө, Бажы биримдигине киргенден кийин Казакстан менен Орусияга сатуу рыногун издеп жатабыз — оюмча, бул бизге жардам берет», — дейт ал.

«Жашыл Чарба» компаниясынын күнөсканаларынын биринин ичинде.
«Жашыл Чарба» компаниясынын күнөсканаларынын биринин ичинде.

Бажы биримдиги жана кыш мезгилиндеги жогорку баалар

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандагы күнөскана чарбаларынын саны боюнча толук статистика жүргүзбөйт.

Министрликтин Өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Акбарали Абдывасиевдин маалыматы боюнча, 2013-жылдан бери өлкөдө 351 күнөскана чарбасы курулган. Ал күнөсканалар жалпысынан 31 гектар аянтты ээлешет — бирок бул өлкө тарабынан берилген гана статистика.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев февралдын башында жалпысынан Кыргызстанда 470 күнөскана чарбасы иштей тургандыгын билдирген.

Түштүк Кореядан алынып келинген өндүрүштүк күнөсканалар. Сүрөт: «АПЭК» сайты.
Түштүк Кореядан алынып келинген өндүрүштүк күнөсканалар. Сүрөт: «АПЭК» сайты.

Абдывасиев Кыргызстанда күнөскана чарбаларынын өнүгүүсүнө өлкөнүн Бажы биримдигине кириши жана жер-жемиштерге болгон кыш мезгилиндеги жогорку баалар себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Андан сырткары чиновник Бажы биримдигине киргенден кийин айыл чарба бизнесинин мындай түрүн өнүктүрүүгө болгон түрткү көбүрөөк болорун белгиледи — бийлик импорттолуп жаткан күнөсканаларга болгон бажы төлөмдөрүн (баасынын 10 пайызы) алып салышат.

Ал эгер бажы төлөмдөрү алынса бийлик фермерлерге төмөнкү пайыз менен жана жеңилдетилген төлөө мөөнөттөрү бар насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн коммерциялык банктар менен келишимдерди түзүүсү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Сертификаттардын жоктугу

Айыл чарба министрлигинин Маркетинг бөлүмүнүн башчысы Жумабек Жумалиев мекеме азык-түлүктөрдү жеткирүү боюнча Орусиянын дүңүнөн сатып алган ири компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

«Айыл чарба азыктары биринчи кезекте бизге жакын болгон Свердловск, Оренбург облустарына, Сибирь жана Алтай аймактарына экспорттолот. Аба ырайына байланышкан шарттардан улам бул аймактар өз айыл чарба азыктарын толук өстүрө алышпайт», — деди Жумалиев.

Өндүрүштүк күнөскананын ичинде. Сүрөт: «АПЭК» сайты.
Өндүрүштүк күнөскананын ичинде. Сүрөт: «АПЭК» сайты.

Бирок ал азырынча кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттой албай тургандыктарын кошумчалады — аларга тиешелүү сертификаттардын жоктугу тоскоолдук жаратууда.

Фермерлер сертификаттарды Бажы биримдигине киргенден кийин ала алышат. Аларды азык-түлүктөрдү фито-санитардык текшерүүдөн өткөрө турган атайын лабораториялардан алышат. Кыргызстан ал лабораторияларды ББга киргенге чейин жабдып бүтүшү керек.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, азырынча айыл-чарба азыктарынын дээрлик бардык экспорту коңшу Казакстанга жөнөтүлүүдө. Орусияга болгону баш пияздарды экспорттоонун бир аз гана бөлүгү туура келет.

Улуттук статистика комитети – айыл-чарба азык-түлүктөрүн экспортто боюнча маалыматтар

Агробизнес ассоциациясынын өкүлү Азиза Юлдашева Kloop.kgге берген маегинде кыргыз фермерлери өзбек кесиптештерине караганда атаандаштыкка туруштук бере баштагандыктарын айтты.

«Буга чейин биз Өзбекстан менен атаандаш болчу эмеспиз. Ушуга чейин Өзбекстан өз азык-түлүгүн бизге жеткирип турган. Алардын Андижанында ар бир короодо күнөсканалар турат, ошондой эле аларда газ өтө арзан болчу. Мындан улам алар тараптан өндүрүлгөн азык-түлүк да кыйла арзан болчу. Бирок азыр Өзбекстанда газды күнөсканаларда пайдаланууга уруксат беришпейт, чек аралар жабык, ошондуктан [кыргыз фермерлеринде] ушундай мүмкүнчүлүктөр пайда болду», — дейт Юлдашева.

Бирок ал күнөскана бизнесинин өнүгүшү үчүн акча жана «эң башкысы» — күнөскананы жылытуу үчүн арзан энерго ташуучу заттар керектигин белгилейт.

Күнөсканалардын популярдуулугунун артышы

Даяр күнөсканаларды сатуу жана импорттоо менен алектенген «АПЭК» компаниясынын директору Вячеслав Кват Kloop.kgге берген маегинде өткөн 2014-жылы күнөсканаларга болгон суроо-талап үч эсеге өскөндүгүн айтат.

«Негизинен ооба, өсүү [күнөсканалардын санынын] тенденциясы бар. Азыр көпчүлүгү ушунун үстүнөн ойлонуп жатышат, анткени бул актуалдуу», — дейт Кват.

Фермердик күнөсканалар. Сүрөт: «АПЭК» сайты.
Фермердик күнөсканалар. Сүрөт: «АПЭК» сайты.

Даяр күнөсканалар Кыргызстандан Түштүк Кореяга, Кытайга жана Европа өлкөлөрүнө импорттолот — 1 чарчы метринин орточо баасы 70 долларды түзөт.

Ошол эле «АПЭКтин» даяр күнөсканалары үч түргө бөлүнөт: шаардан оолак жайгашкан жайкы үйлөр үчүн (25 чарчы метрден), фермердик (300 чарчы метрден) жана өндүрүштүк (10 миң чарчы метрден).

Фермердик күнөскананын ичинде. Сүрөт: «АПЭК» сайты.
Фермердик күнөскананын ичинде. Сүрөт: «АПЭК» сайты.

Кваттын айтымында, фермерлердин көбү өз күнөсканаларын өзүлөрү курушат. «Технологиялардын апробациясы жана Кыргызстандын шартында энергонатыйжалуу күнөсканаларды пайдалануу» долбоорунун бетачарына ылайык, негизинен алар үйдүн күнөстүү тарабына коюла турган дубалдарга улаштырып курулган күнөсканалар.

Тилек Токтогазиевдин айтымында, фермерлердин өзүлөрү курган күнөскана чарбараларынын көбү Кыргызстандын түштүк облустарында жайгашкан.

Токтогазиевдин «Жашыл Чарба» компаниясы да даяр күнөсканаларды сатып алуудан баш тарткан — ишкер менен анын өнөктөштөрү дизайны менен конструкцияны өзүлөрү түзүшүп, жалпысынан 200 миң АКШ долларын жумшашкан.

Бирок алар алгач бир катар көйгөйлөргө туш болушкан — «Жашыл чарба» сатып алган Киргшелктогу үлүш жерде суу, электр жарыгы, жерди иштетүүгө эч кандай шарттар болгон эмес.

«Качан мен талаага барып көргөнүмдө анда суу дагы, жарык дагы, эч нерсе жок болгон. Транформатор орнотууда көйгөйлөр жаралды — орнотууга уруксат алууга өтө көп убакыт кетти, андан улам долбоордун чыгымдары да өсүп кетти. Биз бардыгын генераторлор менен курдук. Электр зымын тартып, скважина бургуладык, жумуш кыйла эле көп болду» — дейт ал.

Бирок ал келечекке позитивдүү көз карашта — Токтогазиевдин пикиринде, буга чейин топтолгон тажрыйбаларды эске алганда, кийинки күнөсканалар 2-3 эсе арзаныраак болот.