Документтин демилгечиси, депутат Нуркамил Мадалиев мыйзам чет өлкөлөрдөн каржыланган жана «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү болорун билдирди.

Документке ылайык, андай коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик агенттерге» киргизилет жана бийлик тарабынан катуураак көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик органдар коммерциялык эмес уюмдарга каршы бир топ чараларды көрө алышат — эгер уюм уставдык максаттарга ылайык ишмердүүлүк жүргүзсө аны жаба алат жана жеке каржы текшерүүлөрүн өткөрө алышат.

«Кайсыл бир коммерциялык эмес уюмду чет элдик агент деп таанууда биз эки факторду негиз кылып алабыз: эгер уюм чет өлкөдөн каржыланса жана алар саясий ишмердүүлүк менен алектенип жаткандыгы белгиленсе. Биз коммерциялык эмес уюмдарга каршы чыкпай элебиз. Эгер алар устав боюнча иштешсе жана өлкөнүн саясатына кийлигишпесе, анда аларга эч кандай доомат жок», — деп жазган 24.kg агенттиги Мадалиевдин айткандарын.

Депутат Ширин Айтматова «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун «объективдүү эмес» деп атады, бул тууралуу «АКИпресс» агенттиги жазды. Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет өзү эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн гранттарына көз каранды.

«Жакында эле биз бирикмелерди кичи каржылоо үчүн немис грантын алдык. Бул биздин өлкөнүн каржы саясатын таңуулап жатат. Же башка жактан алынган гранттык акчаларга Ошто перинаталдык борбор куруп жатабыз. Эгер өлкөнүн өзү гранттык салымдарга жашап жатса коммерциялык эмес уюмдарга чет өлкөдөн акча алып атасыңар, тигил туура, бул туура эмес деп кантип кемчиликтерин көрсөтөбүз. Бул объективдүү эмес», — деди ал.

Кыргыз парламентинин депутаттары «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын экинчи версиясы карап жатышат. Мыйзам 2012-жылы Орусияда кабыл алынган ушундай эле аталыштагы мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет.

Мыйзам долбоорунун биринчи версиясы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2013-жылы каралып, кабыл алынган. Бирок анда президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол коюудан баш тарткан.

2014-жылдын аягында президент Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамдын идеясын жактырып, аны кабыл алуу зарылдыгын «улуттук коопсуздук» жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн «ачык кылуу» каалоосу менен түшүндүргөн.

Анда өлкө башчысынын ал пикири коммерциялык эмес уюмдардын нааразычылыгын жараткан. Алар президенттин айткандарын «жаңылыштык» деп аташып, «тирешүүнүн ордуна кызматташууга чакырышкан».