Парламентте баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов бажычылар менен чекисттер аралашкан аткезчиликти калкалаган фактыны иликтөө боюнча депутаттык топ түзүлдү.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.

Эксперттердин белгилешинче, Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын чек арадагы аткезчилик каналдарын калкалоосу кадимки өнөкөткө айланууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров Темирбек Бекмаматов ага телефон чалып, Казакстандан мыйзамсыз өткөрүлгөн контрабандалык жүк боюнча кылмыш ишин козгобоону талап кылганын айтып чыкты.

Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов муну негизсиз айыптоо катары баалап, ал билдирүүгө комментарий бербестигин айтты.

Тери аткезчилигин “тейлеген” чекисттер

Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов кыргыз-казак чек арасындагы тери аткезчилигин калкалады деген билдирүү Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин жыйынында каралды. Мындай кескин билдирүү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров чыкты.

Анын айтымында, бул аткезчилик жүктү Казакстандан Кыргызстанга киргизүүдө атайын кызматтын үч өкүлү коштоп жүргөн. "Бирок кийин бул ишти жабууну баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу телефон аркылуу таклип кылды", - дейт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров:

- Мен парламент комитетинде айткан маалыматтардын бардыгы туура. Бул үчүн толук жүз пайыз кепилдик менен жооп берем. Казакстандан кирген контрабандалык жүк эч кандай бажы төлөмүн төлөбөстөн туруп, Кыргызстанга тынымсыз кирип турган. Биз, мына ошондой жүктүн болгону бирөөн эле кармай алдык. Аны биздин тиешелүү органдын өкүлдөрү коштоп алып өтүп турган. Баш прокурордун орун басары Бекмамат уулу "кармалган кызматкерлерди бошотуп койгула, алар биздики" деп телефон чалды. Мен андай болбойт дедим. Бул ишти тастыктаган аудио-видео далилдер ишке тиркелген. Буга негиз болгон үчүн мен бул туурасында айтып жатам. Анан эми мен жөндөн жөн эле Бекмамат уулуна асыла бербейм да.

Баш прокурор орун басары “баскан жол”

Талдоочулардын баамында, терини Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташыган аткезчилик каналы көп жылдан бери калыптанган. Кыргызстандын бажы көзөмөлүн кыйгап өтүп, Казакстандан кирген мал терисин Кытайга кайра жөнөтүп турган бул туруктуу каналдын кожоюну ким экени белгисиз. Мындай көмүскө жол менен ташылган контрабандалык жүктүн агымы бир канча миллион АКШ долларына бааланышы мүмкүн. Бул кармалган аткезчилик фактысы боюнча айдоочуга, жүктү коштогон чекисттерге жана бажычыларга кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар топтолгон.

Анткен менен башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов аны аткезчиликти калкалады деп айыптоого негиз жоктугун айтып, бул жагдай туурасында комментарий берүүнү туура көргөн жок:

- Эми бул маселе комментарий берүүгө жатпаган эле бир болбогон сөз. Ал ошентип айта берет. Ошондуктан мен тараптан ага комментарий берилбейт.

Башкы көзөмөл органында жетекчи кызматта турган Темирбек Бекмамат уулунун ысымы аталган бул окуяны парламенттин тиешелүү комитети карап чыгып, жагдайды териштирүү чечими кабыл алынды. Адатта прокуратура укук коргоо органдарындагы мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөйт. Бирок бул жолу башкы көзөмөл органдын жетекчилиги өзү мына ошондой мыйзам бузууга кириптер катары аты аталып жатканы эмнени каңкуулайт деген маселе кабыргасынан койулду.

Ошондуктан Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев маселе жогорку деңгээлде көңүл бурууну талап кыларын белгиледи:

- Биз азыр комитеттин алдында бул ишти иликтөө боюнча атайын жумушчу топ түздүк. Айтылган маалыматтар кылдат иликтенип чыккандан кийин маселени кайрадан кароого алып чыгабыз. Терини аткезчилик менен алып кирип жаткан УКМКнын кызматкерлерин бошотууну сурап, Бекмамат уулу Умаровго чалган экен. Ал айтып аталган чекисттер бул контрабандалык жүктү калкалап келген деп айтып жатат. Мына ошонун бардыгы эми териштирилет. Бул жерде бирөөлөрдү кармап, кээ бирөөлөрдү калкалаган кош стандарттар бар экени тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан маалымат түштү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров Темирбек Бекмамат уулунун аткезчиликти калкалоо аракеттерин күбөлөндүргөн далилдер бар экенин кошумчалаган. Парламенттик комитетте бул ишти териштирүү бүткөн соң анын жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыялана турганы белгилүү болду. Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу кезинде чынчылдыкты жана акыйкаттыкты туу туткан көрүнүктүү саясий ишмер, маркум Бекмамат Осмоновдун уулу.