Бишкектеги кафелерде эшек эти болгондугу жөнүндөгү билдирүүлөрдүн бардыгы — «ушак», деп билдиришти Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан. Бишкектин тамактануу жайларында эшек этинен тамак даярдалып келгендиги тууралуу маалыматтар жашоочулардын арасында кызуу талкуу жараткан.

Маминспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова Kloop.kgге берген маегинде Бишкек кафелеринде эшек этинен тамак даярдалып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар «ой-жоруу, ушак жана дүрбөлөңгө» негизделгендигин билдирди.

«Түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан Бишкектеги, облустардагы жана райондордогу бардык кафе, ресторандар текшерилди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, эшек эти табылган фактылар аныкталган жок», — деди ал.

Садырбекова рейддин жүрүшүндө бир нече тамактануу жайы жабылгандыгын кошумчалады. Айтымында, бирок алар башка себептер  менен — азык-түлүктөрдүн сапатын аныктай турган документтери менен маалымкаттардын жоктугу жана санитардык нормаларга жооп бербегендиктен улам жабылышкан.

Бишкектин тамактануу жайларына эшек эти жеткирилип жаткандыгы тууралуу биринчилерден болуп кыргыз тилдүү гезиттердин бири жазып, андан соң Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) журналисттери эшектер союлган жерге барып сюжет даярдашкан. Анда сюжеттин автору Эльнура Молдокадырова эшектин эттери борбордогу тамактануу жайларына жеткириле тургандыгын билдирген.

«Биздин маалыматтар боюнча, эшектин эттери койдун же уйдун эти катары сатылган. Аларды тонналап борбордогу белгилүү фаст-фуддарга, чайхана жана кытай кафелерине сатышат, а алара болсо андан самса, гамбургер жана башка тамактарды жасашат», — деген ал.

Ферманын ээлери КТРКнын маалыматын четке кагышкан. «Кайтал» компаниясынын башчысы Алмаз Такырбашев эшек эти Кыргызстандын сыртына, Гонконгдун зоопаркына жеткириле тургандыгын билдирген.

«Биздин колубузда тоңдурулган түрдө этти Гонконгго жеткирүү боюнча келишим бар. Аны жырткычтарга берүү үчүн зоопаркка алышат», — деп билдирген анда ал.

Ал жалган жалаасы үчүн телеканал менен соттошуу ниетинде экенин кошумчалаган.

Сюжет интернеттин кыргыз сегментинде кызуу талкуу жараткан — анда бир катары мындан ары Бишкектеги кафелерден азыраак тамактана тургандыктарын айтышса, башкалары эшек этинин зоопаркка жөнөтүлүп тургандыгына ишенишкен.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ферма ээлерине каршы мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Учурда эттин үлгүлөрүнө соттук-химиялык экспертиза белгиленди, иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Тергөө жүрүүдө», — деп билдирген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы марттын башында.

Автор: Роза Ланахунова