Милиция «Кырк чоро» кыймылынын лидери Замир Көчөрбаевди кармап, «бейбаштык» менен «өзүм билемдикке» айыптады. Ал Бишкектеги караоке-барларда өз алдынча рейд өткөргөн уюму менен белгилүү. Учурда Көчөрбаев тергөө аяктаганга чейин белгилүү бир аймактан чыкпоо шарты менен бошотулду.

Кылмыш иши «Кырк чоро» рейддерди өткөргөн караоке-барлардын ээлеринин даттанууларынан кийин козголгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев активисттердин ал аракеттерин «бейбаштык аракет» деп атады.

«Биз «Кырк чорого» муктаж эмеспиз. Бизде өзүбүздүкүлөр жетиштүү. Эгер коомдук тартипти камсыз кылуу керек болсо «Кырк чоро» эмес, а элдик ыктыярчылар бар», — деди Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал мамлекеттик органдар менен жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын болгондугуна карбастан активисттерде андай текшерүүлөрдү өткөрүү укуктары жок экенин кошумчалады. «Кырк чоро» кыймылы 2014-жылдын аягында караоке-барлардын бириндеги кытай мигранттары менен кыргыз кыздарына кол салгандан кийин кеңири белгилүүлүккө жеткен. Алар андагы кыздарды «сойкулук» менен алектенүүгө айыпташкан.

«Андай жайларды текшерүү укугуна күч түзүмдөрү гана ээ. Биргелешкен аракеттер тууралуу айтсам, ИИМде ал макулдашууну көрүшкөн эмес. Андай макулдашуу болгон күндө да жеке менчик жайга кирип барып текшерүү деген жери болушу мүмкүн эмес», — деди Осмонбаев.

ИИМдин өкүлү тергөө аяктаганга чейин Көчөрбаев Бишкектен сыртка чыга албай тургандыгын айтты.

«Таатандагы» аракеттер боюнча кылмыш иши уланууда, ал аяктаганда материалдар сотко берилет. Андан ары сот чечим кабыл алат. «Кырк чоронун» мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин Свердлов РИИБси гана эмес, Биринчи май РИИБси да козгоодо», — деди ал.

«Бул саясий буйрутма»

«Кырк чоро» кыймылынын Чүй облусу боюнча координатору Бактыбек Нуралы улуу Көчөрбаевдин дарегине айтылган айыптоолорду «саясий буйрутма» деп эсептейт.

«Биздин маалыматтар боюнча, аларды (караоке-клубдардын ээлерин) жөн гана бизге каршы арыз жазууга мажбурлап жатышат, анткени ИИМдин басма сөз катчысы эч кандай кылмыш иши козголбогондугун айткан», — деди ал.

Нуралы улуу «Кырк чоро» өз аракеттери үчүн жооп берүүгө даяр экенин жана мыйзам чегинде коргоно тургандыгын кошумчалады. Ал кыймылдын активисттери менен Көчөрбаевдин эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

«Эгер Көчөрбаев күнөөлүү болсо аны эмнеге бошотушту?» — деп суроо салды ал.

«Кырк чоро» кыймылы Бишкектеги караоке-барларда рейддерди өткөргөндөн кийин белгилүү болуп калган. Активисттер андай жайлардын ээлерин «сойкукана» иштетүүгө айыптап, «өзүм билемдик» менен текшерүүгө алышкан.

Буга чейин Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде кыймылдын рейддерин «Кырк чоро» менен укук коргоо органдарынын ортосундагы меморандум менен түшүндүргөн.

Караоке-клубдар болсо «Кырк чорону» «өзүм билемдик» менен «бейбаштыкка» айыпташкан. Кийинчерээк активисттердин өз алдынча рейддерди өткөргөндүгү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Роза Ланахунова