2010-жылы америкалык «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Шопоков шаарындагы аялдардын муниципалдык кризистик борборунун имаратын оңдоп-түзөөгө 750 миң доллар бөлүп берген. Оңдоодон өткөндөн кийин имарат жеке бизнеске өтүп, бир дагы жолу зомбулуктан жабыркаган аялдарды кабыл алган эмес.

Бишкекке жакын жайгашкан, анчалык чоң эмес Шопоков шаарына барып калган адам дароо эле шаардык администрациядан бир нече квартал алыстыкта турган эки кабаттуу чоң имаратка көңүл бурат.

Сапаттуу оңдоодон өткөн, ачык кызыл түстөгү чатыр жана пластика терезелер аны айланасындагы эски курулуштардан, үйлөрдөн өзгөчөлөнтүп турат. Эшиктериндеги электрондук кулпулар, аймагын толугу менен камтыган видеокөзөмөл камералар жана кире беришиндеги «Чоочундарга кирүүгө болбойт» деген жазуу дароо эле мындагылар журналисттердин келишине кубанбай тургандыктарын көрсөтүп турат. Тосмонун аркы бетинде балдар аянтчасы, чубалган сарайлар жана чарба курулуштар орун алган.

20150220_120806-002-1024x622

Мурда бул имаратта Сокулук райондук ооруканасынын терапевт бөлүмү жайгашкан. Бүгүн болсо анда зомбулукка кабылган 55 аялды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ муниципалдык баш калка жайдын ордуна айына ар бир бала үчүн 4 миң сомдон алып турган жеке бала бакча иштеп келет.

2010-жылы аялдардын кризистик борборун жайгаштыруу үчүн АКШнын Коргоо министрлиги оорукананын эски имаратын кайрадан оңдоп-түзөө үчүн гуманитардык жардам катары 748 000 доллар бөлгөн. Макулдашууга ылайык, грантты муниципалдык менчиктеги объект гана ала алмак. Анда келишимдин түзүлүшүнө Кыргызстандын аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева көмөктөшкөн.

750 миң доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардам берилген муниципалдык объектиде бүгүн кандай жол менен жеке бизнес жайгашып калган?

Имарат кимге таандык?

Kloop.kgнин кабарчылары Сокулук районунун кыймылсыз мүлк нарккаттам департаментине мамлекеттик тизмеден имараттын кимге тиешелүү экендигин ырастаган көчүрмөсүн алып берүү өтүнүчү менен сурам жөнөткөн. Андан алынган маалымкатка ылайык, имарат Шопоков шаардык башкармалыгына — шаардын учурдагы мэриясына таандык.

doki

Курулуш өкмөттүн 2003-жылдын 14-августундагы токтому менен Шопоков шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине берилген.

Мэриянын документтерине ылайык, мамлекеттик башкармалык имаратты өз балансына 2003-жылдын 26-августунда алган. Үч күндөн кийин Шопоков шаардык кеңешинин V чакырылышы тарабынан курчалган аймагы менен бирге курулуш Замира Акбагышеванын «Диалог» коомдук билим берүү корунун менчигине берилген.

Нажмите на изображение, чтобы посмотреть полный пакет документов о передаче здания фонду "Диалог".
Имаратты «Диалог» коруна берүү тууралуу документтердин толук жыйындысын көрүү үчүн сүрөттү басыңыз.

2003-жылы «Диалог» коомдук билим берүү кору мурунку оорукананын имаратын «кичи жана орто бизнестин өнүгүүсүнө салым кошуу, кошумча жумушчу орундарын түзүү жана инвестицияларды тартуу» вазыйпасын аткарышы керек болгон бизнес-инкубаторго берүү өтүнүчү менен ал кездеги Шопоков шаарынын башчысы Евгений Белокуровго кат жолдогон.

Ал имарат менен айланасындагы курчалган аймак үчүн «Диалог» 2005-жылдын июнунда 20 600 сом, ошол кездеги алмашуу курсу боюнча 500 долларга чукул каражат төлөгөн. Өкмөттүн 2003-жылдагы токтомунда объект 444 608 сомго бааланган болчу.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун адисинин айтымында, имарат «Диалог» корунун менчигине берилгенден кийин мүлк кайрадан жаңы ээсинин атына катталган эмес, дал ушундан улам кыймылсыз мүлктөрдүн мамлекеттик тизмесинде курулуш дагы деле Шопоков шаардык мэриясынын балансында көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктү бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Тимур Малбашев менчикке алуу маалында имаратты кайрадан жаңы ээсине каттатууга мүмкүндүк бербеген документтерге байланышкан маселелер жаралган болушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Эгер «Диалогдо» ал имаратты каттатууга керектүү болгон документтердин бардыгы болсо, анда алар ал мүмкүнчүлүк менен пайдалана алышат», — деди Малбашев Kloop.kgнин кабарчыларына.

Имарат «басым алдында» берилген

2008-жылдан бери Шопоковдун мэри кызматында иштеп келе жаткан Сулейман Умаралиев Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маегинде мурунку оорукананын имараты жеке менчик экенин билдирди. Ал курулуштардын тизмесинде имараттын дагы деле Шопоков шаардык мэриясынын балансында тургандыгын көрүп абдан таң калды.

«Мен [«Диалог» кору] ал имаратты өз менчигине алган документтердин көчүрмөсүн жана күлкү келээрлик өлчөмдөгү сумманы төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөгүн көргөм. Эми азыр мен мурда иштегендерди айыптабайм, анткени алардын бул кадамга басым алдында баргандыктарын билем», — деди Умаралиев.

Шопоковдун мэри Сулейман Умаралиев.
Шопоковдун мэри Сулейман Умаралиев.

Имаратты «Диалог» коруна берүү тууралуу документтерди даярдаган Шопоков мэриясынын кызматкери Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маегинде чечим кабыл алууда шаар бийлигине басым жасалгандыгын ырастады.

«Аларда [«Диалог» корунда] [жергиликтүү кеңештин] тилкени берүү тууралуу чечими бар болчу. […] Бизге документтерин [имаратты берүү тууралуу] көтөрүп алып, «Биз ушул жерди алгыбыз келет» деген сөздөр менен келишкен. Анда биз аларга кичинекейрээк аянтты бергибиз келген, бирок алар: «Бир миллиметрин кесип көргүлөчү. Болгонун болгондой бергиле», деп жооп беришти. Анан болгонун толугу менен бергенбиз», — деди ал.

Бирок мэр дагы, шаардык администрациянын кызматкери дагы Шопоков мэриясына кандай жол менен жана ким аркылуу басым жасалгандыгын так айтып, түшүрдүрүп бере алышкан жок.

Сулейман Умаралиев Транзиттик жүк ташуу борбору гуманитардык жардамды мамлекеттик имараттарды гана оңдоого бөлгөндүгүн укканда андан бетер таң калды.

«Ооба, мен андагы оңдоп-түзөө иштерин көргөм, анан «америкалыктар мынчалык чоң грантты кантип жеке адамга бөлүп берип койду?» деп таң калып койгом. Мен барып: «Акча бергилечи. Бейтапкана өтө начар абалда. Мектептер дагы ошондой абалда», деп сурагам — жок, алар жеке адамга 750 миң доллар беришти! 750 миңге бул шаардагы көп нерсени оңдоого болот да!» — деди Умаралиев.

Жүк ташуу борбору менен келишим түзүүдөгү «алдоо»

«Манас» транзиттик жүк ташуу борбору оңдоп-түзөө үчүн 750 миң доллар бөлгөн кезде имараттын мамлекеттик объект эмес, а Акбагышеванын корунун жеке менчиги болгондугун документтер ырастап турат.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун расмий өкүлү, майор Джон Элольф 2011-жылы Eurasianet.org басылмасына берген маегинде гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттин менчигиндеги имараттар тандалгандыгын билдирген — бул тандоонун башкы критерийи болгон.

Kloop.kgнин журналисттери Транзиттик жүк ташуу борбордун гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча бөлүмүнүн мурунку директору, майор Макс Коберлиге бул боюнча түшүндүрмө берип коюу өтүнүчү менен кат жөнөткөн, бирок макала жарыяланып жаткан маалга карата андан жооп келген жок.

2010-жылы «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстанга дээрлик 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөткөн. Сүрөт: жүк ташуу борборунун басма сөз кызматы.
2010-жылы «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстанга дээрлик 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөткөн. Сүрөт: жүк ташуу борборунун басма сөз кызматы.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун Kloop.kgге жашыруун негизде маек курууга макул болгон мурунку кызматкери борбордун жетекчилиги имаратты мамлекеттин менчигинде деп ойлогондугун билдирди — айтымында, Акбагышева Транзиттик жүк ташуу борборуна аны ырастай турган документтерди көрсөткөн.

«Анда жетекчилик кылган аял [Замира Акбагышева] алдоо жолу менен жасагандыгын, тактап айтканда, эски документтерди көрсөткөндүгүн так билем», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, Акбагышева менен имараттын ээси ал боло тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү макулдашууга эч ким кол койгон эмес. Макулдашуунун текстине ылайык, ал болгону Шопоковдогу кризистик борборду жетектеши гана керек болгон.

Kloop.kgнин кабарчылары Замира Акбагышеванын өзү менен байланышып, жолугушуу тууралуу сүйлөшүшкөн, жооп катары ал интервью берүүгө кызыкдар экенин жана имарат тууралуу айтып берүүгө макул экендигин билдирген. Бирок эки аптадан бери Акбагышева журналисттер менен жолугушуудан качып келет. Бир жолу ал интервью бере турган жер менен убакытты белгилеген, бирок эмнегедир дароо эле кайра баш тарткан.

Кризистик борбордун ордунда жеке бала бакча

Бишкектеги «Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова Kloop.kgге берген маегинде анын кызматкерлери 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышта жабыркаган бир нече аялды Шопоковго жөнөтүүгө аракет кылгандыктарын, бирок аларга жардам берүүдөн баш тарткандыктарын айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик кризистик борбор жок, а иштеп жаткан он борбор коомдук уюмдарга таандык.

«Биз баарыбыз тең толук кандуу иштебей элебиз, анткени кимдир бирөөндө имарат жок, башкасынын каражаты жок. […] Кризистик борборлор өтө аз», — деди «Сезимдин» башчысы.

Рыскулованын өзү 2010-жылдын августунда Шопоковдогу имараттын оңдолгондон кийинки салтанаттуу ачылышында болгон.

«Өтө жакшы оңдолгон. […] Беш жылдыздуу мейманкана деп айтууга болбойт, бирок мен андайды Кыргызстанда биринчи жолу көргөм. […] Кийин ал имараттын жанынан өткөндө анда бала бакча иштеп калгандыгын көрдүм», — деп эскерет ал.

Бүгүн кризистик борборго арналган имаратта бала бакча иштеп жатат.
Бүгүн кризистик борборго арналган имаратта бала бакча иштеп жатат.

Kloop.kgнин кабарчылары имаратты өз көздөрү менен көрүп келүү үчүн Шопоковго 20-февралда барышкан – аларга эшикти кошуна жайгашкан дүкөнгө чыккан кызматкерлеринин бири кокустан ачып берген.

Бала бакчанын жетекчиси Нуржан Рыскулова имаратта Шопоков, Сокулук жана жакын жайгашкан айылдардан 60ка жакын бала тарбиялана тургандыгын айтты. Ата-энелер бир бала үчүн айына 4 миң сомдон төлөшөт. Бакчанын жетекчиси анда 2012-жылдан бери иштейт. Рыскулова Kloop.kgнин кабарчыларын ата-энелер деп ойлогондугун, эгер журналисттер экенин билгенде бала бакчага кое бербей коймоктугун мойнуна алды.

Дээрлик беш жылдан кийин да кире беришинде имараттын «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун акчасына «Кыргызстандын эли үчүн» оңдолгондугун эске салган жазуу илинип турат. Ал кезде оңдоп-түзөө иштеринен кийин жергиликтүү бийлик имараттын ишине жана сакталышына жоопкерчилик алат деп болжолдонгон, бирок азыр анын мамлекетке эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталып отурат.

Башкы сүрөт: АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн сержанты Натан Бивье.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Анна Лелик.