Ош шаарында “Кыргыз журтум” коомдук фонду балдарга зордук-зомбулук көрсөткөнөргө өлүм жазасын киргизүү боюнча бир айлык акция өткөрүштү. 6-мартта чыккан жыйынтыкка ылайык акцияга катышкан 14500 адамдын ичинен 14180 өлүм жазасын колдоп үн кошкон.

Сапаргүл Бердалиева “Кыргыз журтум” коомдук фондунда эмгектенет. Бул фонд 2010-жылдан бери генофондду сактоо, жалгыз бой энелердин, балдардын укугун коргоо боюнча иш жүргүзүп келет. Өлкөдө жүз берип жаткан балдар зомбулугуна байланыштуу акыркы окуялар фонддун төрайымы Бердалиеваны мындай акцияны уюштурууга түрткөн.

“Элдин оюн билели деп, эл эмне дейт экен деп бул акцияны уюштурдук. Анткени эл чечет көп нерсени. [...] Балдарыбыз биздин келечегибиз, бул менен азилдешпешибиз керек. Өлүм жазасы да эң акыркы нерсе, ага дагы кайдыгер карап бир жыйынтык чыгарбашыбыз керек”, - деп билдирди Бердалиева Kloop.kgнин кабарчысына берген маегинде.

Акциянын катышуучуларына алар эки жооп сунушташкан: өмүр бою абак жазасы, же өлүм жазасы. Балдарга зомбулук кылгандарга өлүм жазасын колдоп акциянын катышуучуларынын 14180и добуш беришкен. 300 адам өмүр бою абак жазасына тартууну колдогон болсо, 20 адам бул көрүнүшкө кайдыгер караган.

Эми коомдук фонд акциянын жыйынтыгын чыгарып өзүнүн сунушу менен өкмөткө жана президентке кайрылмакчы.

Ал ортодо Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарга зомбулуктун алдын алуу боюнча программа иштеп чыгып аны өкмөттүн кароосуна жибергенин Kloop.kgнин кабарчысына билдирди. Аталган министрликтин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Марина Жапаркулова программанын мазмунун кыскача мындай түшүндүрдү.

“Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды эртерээк табуу боюнча жер-жерлерде иштерди уюштуруу, балдар менен ырайымсыз мамилелерге каршы туруу боюнча жалпы улуттук маалыматты түшүндүрүү компаниясын өткөрүү [...] жана башка бир канча иш чараларды өз ичине камтыйт”, - деди Джапаркулова.

Ал кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча балдарды коргоо боюнча штабдар ачылып, көйгөйлүү үй-бүлөлөрдү табуу жана аларга социалдык жардам көрсөтүү менен алектенип жатат.

Ошондой эле штабдын кызматкерлери миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары кимдин колунда калган, алардын окуусу кандай болуп жаткандыгы боюнча маалымат алып турушат.

Буга чейин февраль айында Жалал-Абад облусунда балдарга карата зордук-зомбудуктун алдын алуу боюнча отуздан ашуун штаб ачылганы, Нарын шаарында болсо балдарды зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча рейд жүрүп жатканы боюнча маалымат булактары жазып чыгышкан.

Андан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин балдарды кыйноо көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында акция уюштурган.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянсак, 2013-жылы 1045 балдарга зомбулук көрсөтүү учуру катталган. Алардын ичинен балдарга карата 138 сексуалдык типтеги зомбулук катталган. 2014-жылы балдарга карата 909 зомбулук көрсөтүү учуру катталган. Сексуалдык типтеги зомбулук 140ты түзгөн. Бирок 2013-2014-жылдары мындай учурлар 2015-жылдагыдай ачыкка чыккан эмес.

Сүрөттө: "Кыргыз журтум" коомдук фондунун иш чарасы. Автору: Айгерим Ыраатбек кызы