Милиция жогорку класстагы мектеп окуучуларына кол салган жети баланы кармады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, мушташ кызганычтан улам башталган.

Мектеп окуучуларына кол салуу 9-мартта Ош облусунун Араван районунда болгон — 16 бала жергиликтүү мектептердин биринин жогорку классынын окуучулары чогулган үйгө кирип барышкан.

Милициянын маалыматы боюнча, кол салгандардын бири мектепте окуган кыздардын бири менен сүйлөшүп жүргөн жана аны классташтарынан кызганган — ал кыздан отурушка барбай эле коюусун өтүнгөн, бирок кыз укпай койгон.

«Жалпысынан 16 бала кол салган, негизинен алар 18 жаштан 22 жашка чейинки курактагылар болушкан. Кол салууга азгырган бала досторун чогултуп, коңшу айылга жөнөгөн», — деди Kloop.kgге берген маегинде Ош облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Кол салгандардын аракеттеринен беш мектеп окуучусу жабыркаган, алардын экөөсү райондук ооруканага жеткирилишкен.

34ac5d82fdbdf7b4e0ccc501a84db20b

Сыдыков тогуз балага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун айтты. Алардын жетиси кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда камакта.

Алгач КирТАГ маалымат агенттиги мушташ жергиликтүү жашоочулардын Нооруз майрамына даярдануусунан улам келип чыккандыгын билдирген.

«Кирип келгендер аялдын «динди бекем туткан мусулмандарда жок бутпарастык майрамга» тамак-аш даярдап жатканына нааразы болушуп, аялды коркута башташкан. Андан соң диний фанаттар менен аялга болушуп чыккан кишилердин ортосунда мушташ чыккан. Мушташтын жүрүшүндө «Аллах Акбар» деген кыйкырыктар угулган», — деп жазган басылма.

ИИБнин басма сөз катчысы мушташтын диний көз караштан улам чыккандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

«Кол салгандардын бири чынында эле «Аллах Акбар» деп кыйкырган, кийинчерээк ал антип кыйкыруу «мода» болгондуктан кыйкыргандыгын айтып түшүндүргөн. Кармалган тогуз баланын бири дагы намаз окубайт, светтик жашоо мүнөзүн кечиришет, ислам тууралуу эч кандай түшүнүккө ээ эмес», — деди Сыдыков.

Со-автор: Роза Ланахунова

Сүрөт: «Турмуш» агенттиги