Канадалык «Центерра» компаниясынын башкы директору Ян Аткинсон 2015-жылдын октябрында отставкага кете тургандыгын билдирди. Анын компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштетет.

12-мартта Аткинсон «Центерранын» директорлор кеңешинде 2015-жылдын октябрында отставкага кете тургандыгын билдирди, бул тууралуу компаниянын өзүнүн сайтында жазылган. Анын отставкага кетишинин себептери белгисиз. Билдирүүгө ылайык, 2015-жылдын октябрында Аткинсондун компания жетекчилигине келгенине он жыл болот.

«Центерранын» башчысы отставкасы тууралуу алтын өндүрүүчү «Кумтөр» компаниясынын түзүмүн өзгөртүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычынын фонунда жарыялады.

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев февралдын аягында Кумтөр боюнча жаңы келишим 2015-жылдын апрелинде даяр боло тургандыгын убадалаган.

Жогорку Кеңештеги парламенттик көпчүлүктүн лидерлери менен төрага Асылбек Жээнбеков эгер келишим убадаланган мөөнөттө даяр болбосо «Кумтөрдү» улутташтыруу жана өкмөттү таркатуу маселелерин карап баштай тургандыктарын айтып коркутушкан.

Материал толукталат. Көз салып туруңуздар.

Сүрөт «Кумтөр» компаниясынын сайтынан алынды