Белгисиз адам Бишкектеги Спорт ордосуна жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирди. Маалымат келип түшкөн маалда анда эрежесиз мушташ боюнча чемпионат башталып жаткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге берген маегинде белгисиз адам 102 кызматына телефон чалып, Спорт ордосунда «бомба» бар экендиги тууралуу билдиргендигин айтты.

«Ал жакта [Спорт ордосунда] жаңы гана спорттук иш-чара башталган. [Бомба коюлгандыгы тууралуу] чалуудан кийин шаардык милициянын күчү менен көрүүчүлөр имараттан чыгарылышты. Азыр ал жакта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин саперлору иштеп жатышат», — деди Казабаев.

19:00дө Спорт ордосунда эрежесиз мушташ боюнча чемпионат башталышы керек болчу.

Анын айтымында, «бомбаны» издөө иштери дагы деле аяктай элек.

«Адамдар күтүп турушат. Бүтөөрү менен [«бомбаны» издөө], киргизе баштайбыз», — деп кошумчалады Казабаев.

«ЭлТР» телеканалынын спорт ордосунда жүргөн журналисти Гүлжан Турдубаева Kloop.kgге көрүүчүлөр залга кирээри менен «жардыруучу зат» тууралуу жарыялап, алардын чыгып турууларын өтүнүшкөн.

«Эшикке чыккандардан 20 мүнөт күтүп тургула деп өтүнүшкөн, бирок бир аздан кийин тарап кете бергиле дешти», — деди Турдубаева.

Анын айтымында, Спорт сарайынын имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Турдубаева чемпионат бүгүн «болбой калды окшойт» деп кошумчалады.

АКИпресс маалымат агенттиги имаратка чогулгандарды мелдештин ачылышынын расмий бөлүгү аяктагандан кийин чыгарып баштагандыктарын билдирди.

«Милиция кызматкерлеринин бири микрофонго чуркап келип, имаратта жардыруучу түзүлүш коюлганы жөнүндө маалымат түшкөнүн билдирип, баарын тышка чыгууга чакырды», — деп жазды АКИпресс.

АКИпресстин билдирүүсү боюнча, эрежесиз мушташ боюнча мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында үч жаш курак категориясында өткөрүлмөк — жалпысынан ага 300 спортчу катышышы керек болчу.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча, дүйнөлүк мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасы куралат деп болжолдонуп жаткан.

Сүрөт: Кожомкул атындагы Спорт ордосунун «Фейсбуктагы» расмий баракчасы.