Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши менен жолугуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. Бул Путиндин 10 күндөн бери эл алдына биринчи жолу чыгышы болот.

15-мартта кыргыз президентинин басма сөз кызматы Атамбаев Санкт-Петербургга баргандыгын билдирди. Кыргызстандын башчысынын сайтындагы билдирүү президент менен аны тосуп алган Петербургдун губернатору Георгий Полтавченконун сүрөтү менен коштолгон.

«Президент Алмазбек Атамбаев менен президент Владимир Путин кыргыз-орусиялык кызматташтыктын маселелерин, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулоону болжолдоп жатышат», — деп билдирди Атамбаевдин басма сөз кызматы.

Бул Путиндин он күн эл алдына чыкпагандан кийинки алгачкы жолугушуусу болот. Орус лидеринин эл алдына чыкпай калышы көптөгөн ушактар менен божомолдоолорду жаратты: баласынын туулгандыгынан улам өргүүгө чыккандыгынан тарта анын өлүмүнө чейин жана Кремлдеги төңкөрүш тууралуу.

Кыргызстандын президентинин аппаратынан Kloop.kgге эки өлкөнүн башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүү жолугушуу аяктагандан кийин гана анын жыйынтыктары боюнча жарыялана тургандыгын айтышты. Булактын билдиришинче, билдирүү видео жана сүрөттөр менен коштолот.

Орусиялык блоггер Рустем Адагамов Атамбаев менен Путиндин жолугушуусуна бир күн калганда твиттер-эккаунтуна Кремлдин басма сөз кызматы журналисттерди иш-чарага акредитациядан өткөрбөө чечимине келгендигин жазды.

Кыргыз журналисти Константин Конкин өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Атамбаевдин жолугушуусуна Бишкектеги журналисттерден кимдир бирөө барган-барбагандыгы тууралуу суроо салды — ага жооп катары «5-каналдын» башкы директору Евгения Бердникова аккредитация болбогондугун жазды.

Британиялык телеберүү корпорациясы (Би-би-си) Орусия президентин эл алдына чыгууга аргасыз кылгыдай Атамбаев менен Путиндин ортосундагы жолугушуунун кандай маанилүүлүгү бар деген суроо салды. Басылма эгер Путин кыргыз лидери менен жолуга турган болсо, кеминде ал анын өлүмү тууралуу айтылып жаткан ушактарды жокко чыгара тургандыгын жазды.

«Эгер Путин кыргыз кесиптеши Алмазбек Атамбаев менен көптөгөн журналисттердин, телекамералардын алдында жолугушуп, элге көрсөтүлө турган болсо, анда ал жок дегенде анын өлүмү же катуу оорусу тууралуу айтылган ушактарды жокко чыгарат, өзгөчө анын баары түз эфирде көрсөтүлсө», — деп жазды Би-би-си.

Видео: 13-мартта «Россия-24» телеканалы Путин менен Атамбаевдин жолуккандыгы тууралуу жаңылыш билдирди.

Басылма Путиндин эл алдына чыкпагандыгы таасирдүү орус оппозиционери Борис Немцовдун өлүрүлүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн деген теорияны жазды.

«Кылмышка шектүү катары чечендердин кармалышы Путиндин жакын санаалаштары менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) ортосунда карама-каршылыктарды жараткан болушу мүмкүн», — деп жазды Би-би-си.

Басылма божомолдор божомол бойдон калып жаткандыгын жана азырынча алардын бирине да расмий далилдер жок экенин белгилеген.

«Анан аягында жашыруун сыр ачыкка чыкканда Путин жөн гана сасык тумоо менен ооруган болушу мүмкүндүгү аныкталышы ыктымал», — деп жазган Би-би-си.

Сүрөттө: Петербургдун губернатору Атамбаевди аба майданынан тосуп алууда