Орусиянын президенти Владимир Путин интеграциялык сүйлөшүүлөр боюнча жолугушууга барган кыргыз кесиптеши Алмазбек Атамбаевди Петербургда кабыл алды. Жолугушуу Путиндин он күндөн бери коомчулукка көрүнбөгөндүгү тууралуу билдирүүлөрдүн фонунда өттү.

Жолугушуудан видео:

Жолугушуу 16-мартта Петербургдагы Константиновск сарайында өттү. Ал алгач белгиленген убакыттан эки саат кечиктирилип башталды. Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киришине жана инвестициялык долбоорлорго арналды.

Бул Путиндин акыркы он күндөн бери биринчи жолу коомчулукка көрүнүшү болду. Анын бир топ күн бою коомчулук алдына чыкпай калышы  көптөгөн ушактар менен божомолдоолорду жаратты: баласынын туулгандыгынан улам өргүүгө чыккандыгынан тарта анын өлүмүнө чейин же Кремлдеги төңкөрүш тууралуу.

Путиндин эмне себептен бир канча убакыт коомчулукка көрүнбөгөндүгү белгисиз бойдон калганы менен анын журналисттердин алдына чыгышы орус президентинин өлүмү тууралуу айтылган божомолдоолорго чекит койду. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин берген суроолоруна Путиндин көрүнбөй калышынан улам пайда болгон ушактарды жылмаюу менен санап берди.

«Сасык тумоо болуп ооруп жаткан, генералдарга кармалган жана жаңы гана төрөт үйүнөн келген президентти көрдүңөрбү? Ушактарга ишенүү керекпи?» —деп тамашалады басма сөз катчы.

Путиндин өзү «ушак-айыңсыз жашоо кызыксыз боло тургандыгын» айтты, бирок кыйла убакыттан бери коомчулукка көрүнбөгөндүгүн башка эч кандай деп түшүндүргөн жок.

Атамбаев журналисттерди орусиялык кесиптешинин ден соолугу жакшы экенине, суроо жаратпай тургандыгына ишендирди. Ал Путин жеке өзү унааны башкарып, меймандарды сейилдеткендигин билдирди.

«Ушактардын азыраак болушу үчүн Владимир Владимирович азыр эле рулга өзү отуруп мени сейилдетти. Орусиянын президенти — өз алдынча гана баспастан, унааны өзү башкарып меймандарды сейилдетти», — деди Атамбаев.

Болжол менен жолугушууда кыргыз журналисттери болгон жок. Азырынча Кыргызстандын президентинин аппараты бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле. Журналисттин өзүлөрү социалдык түйүндөргө аккредитация болбогондугун жазышты.

Алгачкылардан болуп орус президентинин сүрөтүн орусиялык журналист Дмитрий Смирнов твиттер-эккаунтуна жарыялады — анын Путин менен Атамбаевдин имаратка кирип бара жаткандыгы тартылган сүрөт коштолгон билдирүүсү менен 750 колдонуучу бөлүшкөн.

Смирнов жолугушууда эки өлкөнүн мамлекеттеринин биргелешкен билдирүүлөрү болбогондугун жазды.

Тексттик хроника:

17:45 Жолугушуудан сүрөттөр (автору Султан Досалиев):

11063939_865899543456723_4743254983403245574_n

11046574_865899510123393_1873189460597272132_o

10999010_865899480123396_9137879363810527821_n

10646800_865899430123401_176140397220411325_n

10991222_865899476790063_5765795705235276958_n

17:17

17:08 

17:00 «Атамбаев: Владимир Владимирович азыр рулга өзү отуруп мени сейилдетти, анын саламаттыгы жакшы», – деп жазды Смирнов.

16:55 Жолугушуу башталды!

16:15 Президенттин аппаратындагы булак эки өлкө башчысынын жолугушуусу баштала электигин, бирок «жакынкы мүнөттөрдө башталышы керектигин» билдирди. Буга чейин «Азаттык» радиосу президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаковго шилтеме жасоо менен Петербургдагы жолугушуу Бишкек убактысы боюнча 15:00гө белгиленгендигин кабарлаган.

«Жолугушуу бир нече мүнөттөн кийин башталышы керек. Бирок азырынча баштала элек. Азыр баарыбыз тең күтүп атабыз», — деди өлкө башчысынын аппаратындагы булак  Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Жолугушуунун кечиктирилип жаткандыгы тууралуу маалымат орусиялык журналисттердин твиттери менен кыйыр түрүндө ырасталууда — Дмитрий Смирнов өз эккаунтуна жолугушуу бир саатка кечиктирилип жаткандыгын жазды.

«Константинов сарайына президенттер келиштиби? деп сурап жатышат? Өзгөчө коопсуздук режими киргизилгендигине караганда – келишкен. Же азыр келишет», — деп жазды ал.

Контекст: Петербургдагы жолугушуу

Атамбаев Санкт-Петербург шаарына Путин менен интеграция жана инвестициялык долбоорлор тууралуу кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн 15-мартта барган. Бул Орусия президентинин 10 күн бою эл алдына чыкпагандан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

Орус лидеринин эл алдына чыкпай калышы көптөгөн ушактар менен божомолдоолорду жаратты: баласынын туулгандыгынан улам өргүүгө чыккандыгынан тарта анын өлүмүнө чейин жана Кремлдеги төңкөрүш тууралуу.

Орусиялык блоггер Рустем Адагамов Атамбаев менен Путиндин жолугушуусуна бир күн калганда твиттер-эккаунтуна Кремлдин басма сөз кызматы журналисттерди иш-чарага акредитациядан өткөрбөө чечимине келгендигин жазган.

Кыргыз журналисти Константин Конкин өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу Атамбаевдин жолугушуусуна Бишкектеги журналисттерден кимдир бирөө барган-барбагандыгы тууралуу суроо салды — ага жооп катары «5-каналдын» башкы директору Евгения Бердникова аккредитация болбогондугун жазды. Ошондой эле Смирнов өзүнүн твиттер-эккаунтуна иш-чарада кыргыз кесиптештеринин жок экендигине таң калып жаткандыгын жазды.

Путин каякта?

Британиялык телеберүү корпорациясы (Би-би-си) Орусия президентин эл алдына чыгууга аргасыз кылгыдай Атамбаев менен Путиндин ортосундагы жолугушуунун кандай маанилүүлүгү бар деген суроо салды. Басылма эгер Путин кыргыз лидери менен жолуга турган болсо, кеминде ал анын өлүмү тууралуу айтылып жаткан ушактарды жокко чыгара тургандыгын жазды.

«Эгер Путин кыргыз кесиптеши Алмазбек Атамбаев менен көптөгөн журналисттердин, телекамералардын алдында жолугушуп, элге көрсөтүлө турган болсо, анда ал жок дегенде анын өлүмү же катуу оорусу тууралуу айтылган ушактарды жокко чыгарат, өзгөчө анын баары түз эфирде көрсөтүлсө», — деп жазды Би-би-си.

Басылма Путиндин эл алдына чыкпагандыгы таасирдүү орус оппозиционери Борис Немцовдун өлүрүлүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн деген теорияны жазды.

«Кылмышка шектүү катары чечендердин кармалышы Путиндин жакын санаалаштары менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) ортосунда карама-каршылыктарды жараткан болушу мүмкүн», — деп жазды Би-би-си.

Басылма божомолдор божомол бойдон калып жаткандыгын жана азырынча алардын бирине да расмий далилдер жок экенин белгилеген.

«Анан аягында жашыруун сыр ачыкка чыкканда Путин жөн гана сасык тумоо менен ооруган болушу мүмкүндүгү аныкталышы ыктымал», — деп жазган Би-би-си.