Кытайдын бийлиги «Жибек жолунун экономикалык алкагынын» кеңейтилген планы менен тааныштырат. Концепция Түштүк-Батыш Азия, Европа жана АКШ менен болгон эл аралык соода, транспорт жана эпергетика тармактарындагы мамилелердин өнүгүүсүнө багытталган.

Кытай бийлиги «Жибек жолунун экономикалык алкагынын» деталдуу планы менен коомчулукту үстүбүздөгү жылдын 26-29-март күндөрү Боаоск азиялык форумунда тааныштырганы жатат деп билдирүүдө «Синьхуа» маалымат агенттиги.

«Жол картасы өз ичине негизги инфраструктуралык долбоорлорду камтыйт  — жакынкы жылдары темир жол тармактарын, унаа жолдорун, энергетикалык объектилерди, маалыматтык технологияларды, индустриалдык парктарды куруу», — деп жазды агенттик.

«Синьхуанын» билдирүүсү боюнча, негизги инфраструктуралык долбоорлордун саны бир нече жүзгө жетиши мүмкүн — алар Кыргызстан, Казакстан, Таджикстан, Орусия жана Кытай менен чектешкен башка өлкөлөрдү кучагына камтыйт.

«Жибек жолунун экономикалык алкагы» — бул Кытай өкмөтүнүн Европа, Орусия жана башка кургактыктагы коңшулары менен болгон соода жана экономикалык, ошондой эле транспорттук байланыштар тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган эки инфраструктуралык программасынын бири.

Экинчи программасы — «XXI кылымдын деңиздеги Жибек жолу» — Австралия, Түндүк жана Түштүк Америка менен болгон суу транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Марттын башында «China Newsweek» журналы уставдык капиталы 40 млрд. АКШ долларын түзгөн Silk Road Fund Company Ltd. кытай кору «Жибек жолунун экономикалык алкагы» жана «XXI кылымдын деңиз Жибек жолу» долбоорлорун ишке ашырууга акча бөлүп баштагандыгын жазган.

Кытай-Кыргызстан-Тажикстан

Андан ары Орто Азия аркылуу Европага чейин кете турган Кытай-Кыргызстан темир жолу «Жибек жолунун экономикалык алкагынын» долбоорлорунун бири болуп калышы мүмкүн.

17-мартта Кыргызстандын транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов кыргыз-кытай бийликтери Кытай-Кыргызстан-Тажикстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга келгендиктерин билдирген.

Анын айтымында, курулушка 6 миллиар АКШ доллары керектелет.

«Жолдун каттамы өзгөртүлдү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, биз туннелдердин санын 50 пайызга кыскарттык. Анткени туннель курууга өтө көп акча керек жана курулуш аяктагандан кийин да көңүл буруп турууну талап кылат», — деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги Султановдун айткандарын.

Султанов 2015-жылдын февралында, Пекинге болгон жумушчу сапарынын алдында темир жол Кыргызстандын ичинде Торугарт чек ара өтмөгүнөн Жалал-Абадга чейин өтүшү керектигин билдирген.

Мамлекеттик «Кыргыз Темир Жолу» компаниясынын басма сөз катчысы Эркин Каимов Kloop.kgге берген январдын аягындагы маегинде Кыргызстандын бийлиги Кытай-Кыргызстан жолунун бир бөлүгү боло турган Түндүк-Түштүк темир жолунун курулушун баштоону каалап жаткандыгын билдирген.

Кытай бийлигинин планы боюнча, Кытай-Кыргызстан темир жолу Тажикстан, Ооганстан, Иран аркылуу өтүп, андан Ары Европага чейин барат.

Сүрөттө: КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинь менен Кытайдын премьери Ли Кэцань.

Сүрөт: Эдриэн Брэдшоу.