«Калыс» кыймылы «сырткы коркунучтарга» каршы күрөшүү үчүн спортчулардын «жарым-жартылай аскердик» уюм түзүүсүнө жардам берип жаткандыгын билдирди. Укук коргоо органдары бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздугун коргоо» жана «сырткы коркунучтарга каршы күрөшүү» максатында спортчу-активисттер тарабынан «Эл Намысы» аталышындагы кыймыл түзүлдү — бул тууралуу 18-мартта «Калыс» биримдигинин төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Ал аталган кыймылга түздөн-түз тиешеси жок экенин айтты — Молдокматовдун айтымында, ал спортчу-активисттерге кыймылды юридикалык жактан каттоодон өткөрүүгө жардам берип жатат. «Калыс» кыймылынын өзү гейлерге каршы жана «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоп өткөргөн нааразычылык акциялары менен белгилүү.

«Эл Намысынын» теңтөрагасы Руслан Ниязакунов Kloop.kgге берген маегинде кыймыл «улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендер» менен «алдын алуу иштерин» жүргүзө тургандыгын айтты.

Ал аталган «коркунучтардын» бир катарын санап айтып берди: «Ислам мамлекети», террористтер, балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр жана митингдерди уюштурган бейөкмөт уюмдар.

«Биз алдын алуу иштерин жүргүзүп, акцияларды өткөрбөө боюнча өтүнүчтөрүбүздү айтабыз. Биз акцияларды өткөрүүгө каршы эмеспиз, бирок акциялардын Орусия, Европа, АКШ жана башка өлкөлөрдүн желектерисиз өтүүсүн өтүнөбүз», — деди ал.

Ниязакунов уюмдун мүчөлөрү «өлкөнүн кайсыл гана чекитине болбосун мобилизацияланууга даяр экендиктерин» билдирди — айтымында, «жарым-жартылай аскердик» деген аталыш ушуну менен түшүндүрүлөт. Ал кыймылдын мүчөлөрүндө курал-жарак болбой тургандыгына ишендирди.

«Эл Намысынын» башчысы «коркунуч» жараткандарга карата зомбулук аракеттерге бараар-барбастыктары тууралуу берилген суроого так жооп берген жок. «Адамдарга жараша болот», — деди Ниязакунов.

Ал мисал катары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кириши үчүн чыгып жаткан активист Игорь Трофимовду атады — кыймылдын лидеринин айтымында, андай активисттер менен «алдын алуу иштери» жүргүзүлөт.

Ниязакунов «алдын алуу иштери» деп акциянын катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү түшүнөт.

«Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, идеологиябызды алдыга жылдырабыз, жаман жакшынын айырмасын түшүндүрөбүз. Бирок эгер колдобогон же түшүнбөгөн адамдар чыкса, биз алар менен иштерди жүргүзө тургандыгыбызды белгилеп кетким келүүдө», — деди ал.

Ниязакунов жаңы түзүлгөн уюм «сырткы коркунучтарга» каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары жана Коргоо министрлиги менен кызматташуу ниетинде экенин кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде аталган кыймылдын түзүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө бербей тургандыгын айтты. Ал улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн атайын органдар бар экенин кошумчалап, ИИМге кайрылуубузду өтүндү.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстанда расмий мамлекеттик органдар бар. Жарандарыбыздын түрдүү уюмдар менен кыймылдарды түзүп жаткандыгы — бул алардын укугу. Мыйзамда ага тыюу салынган эмес. УКМК тууралуу айтсам, биз иштеп, улуттук коопсуздукту камсыз кылып жатабыз», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан басма сөз кызматтын башчысы гана жооп бере тургандыгын айтышты, бирок ал түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Kloop.kgге берген маегинде түрдүү уюмдардын пайда болушунун себеби — мамлекеттин алсызданышына байланыштуу экенин айтты.

«Мамлекет башкы функцияларын — коргоо менен коопсуздукту — камсыз кылбай эле. Бул март окуяларынан кийин эле башталган, аларга болгон ишеним төмөндөдү. Бул жогорудагыдай жарым-жартылай аскердик уюмдардын пайда болушуна алып келди», — деди ал.

Төлөгөнов мындай кыймылдардын түзүлүшүнүн жакшы жактарына караганда жаман жактары көп деп эсептейт.

«Буларды кайсыл бир коомдук же саясий институттардын, цивилдүү жарандык коомчулуктун алкагында, парламент же ЖМКлар аркылуу чечүүнүн ордуна алар өз идеяларын, аргументтерин келтирүү үчүн зомбулук көрсөтүү ыкмаларына баруулары мүмкүн деген тобокелчиликтер бар. Биздин тобокелчиликтерибиздин бири болуп эсептелет», — деди ал.

Иллюстрацияланган сүрөт. Булак: «Фергана.ру».