Президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаев Кишиневдо Владимир Плахотнюк менен гана эмес, молдова парламентинин спикери Адриан Канду менен да жолуккандыгын билдирди. Жолугушууда алар «Молдованын Орусия жана Евробиримдик менен кызматташуусун» талкуулашкан.

Президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин Молдовага болгон жашыруун сапарынын себептерин түшүндүргөн билдирүү таратты. Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, өлкө башчысы Молдованын Орусия жана Евробиримдик менен өз ара кызматташуусу маселесин талкуулаган.

«Башка маселелер менен бирге аталган маселелер дагы Атамбаев А.Ш. менен Орусиянын президенти Путин В.Внын. жолугушуусунда сүйлөшүлдү. Ушул эле маселелерди башка темалар менен бирге Кыргыз Республикасынын президентинин алдыдагы Европа өлкөлөрүнө болгон сапары маалында талкуулоо пландалууда. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатат жана Евразиялык континенттеги тынчтыктын бекемделиши, ошондой эле абалдын курчушуна жол берилбешине түздөн-түз кызыкдар», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматтын билдирүүсү боюнча, Атамбаев жеке учактын кызматтарын өз каражатынан төлөгөн. Буга чейин Молдова ЖМКлары Кыргызстандын президентинин сапарына кеткен чыгымдарды кишиневдук ишкер Илон Шор төлөп бергендигин жазышкан.

Басма сөз кызматтын билдирүүсү оппозициялык парламентарий Равшан Жээнбеков Атамбаевдин сапары боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүүнү талап кылгандан бир нече саат өткөндөн соң пайда болду. Оппозиционердин айтымында, ал президентке расмий кат жөнөткөн.

«Катта мен төмөндөй суроолорду жазгам: ага жеке учакты ким берди? ага ким акча төлөдү? эмнеге президент Молдовага учуп барып премьер-министр менен жолуккан жок да миллиардер менен жолугуп келе берди?» — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Жээнбековдун айткандарын.

Атамбаев Молдовага 2015-жылдын 15-мартында барган. Молдова ЖМКларынын билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстандын президенти Кишиневго жергиликтүү банкир Илон Шоранын чакыруусу боюнча «Нобиль Эйр» компаниясынын жеке учагы менен учуп барып, анда болгону бир гана жолугушуу өткөргөн — олигарх Владимир Плахотнюк менен.

Атамбаевдин сапарынан эки күн өткөн соң Молдованын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору менен Антикоррупциялык прокуратурасы молдовалык эки ири банктан  — Banca de Economii жана Banca Sociala банктарынан «мыйзамсыз каражат алып чыгуу» иши боюнча Шоранын үйүн тинтүүгө алышкан.

Молдовалык «News Maker» жаңылыктар сайты жазгандай, 2014-жылдын ноябрында Banca de Economii жана Banca Sociala банктары «кеңселери жок» беш компанияга 13,7 млрд. лей (45 млрд. сомдон ашык каражат) насыя беришкен.

Молдовалык «Омега» маалымат агенттиги Кыргызстандын президентинин жергиликтүү олигарх жана Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Владимир Плахотнюк менен жолугушуусу үчүн Шор Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго болгон 15-марттагы сапарынын чыгымдарын төлөп бергендигин жазууда.

«News Makerдин» билдирүүсү боюнча, Плахотнюктун ысымы дагы Banca de Economii жана Banca Sociala банктарынан акча алып чыгып кетүүгө байланыштуу айтылууда — Молдованын Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон олигархты банктардан миллиарддаган лейди алып чыгып кетүүгө айыптады.