Майкл Доббс — «Картадан үй» романынын автору, анын негизинде ошондой эле аталыштагы көп сериялуу тасма тартылган. Майкл Доббстун 2009-жылы бир нече күн Кыргызстанда болуп, ал турсун окуясы Борбордук Азияда болгон китеп жазгандыгын көпчүлүк билбесе керек.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт.

2014-жыл, март

Мен «Картадан үй» сериалына 2014-жылдын февралында, анын экинчи сезону чыкканда кызыга баштадым.

Адамдар тасма башталып жана бүтүп жатканда көрсөтүлгөн титрдеги жазууларга канчалык көп көңүл бурушат? Мен андагы жазууларды өтө эле сейрек окуйм. Мага болгону сериалда Кевин Спейсинин ойной тургандыгын жана продюсерлеринин бири Дэвид Финчер экенин билүү гана жетиштүү болгон.

Кээ бирде кайсыл бир объектини же белгини байкабай, ага көңүл бурбай калган учурлар болот, бирок перифериялык көрүү мээге: Алло! Сенин көңүл сыртыңда бир нерсе болду! деген белги берет!

«Картадан үй» башталып жаткандагы титрлердин скриншоту. Титрдеги жазуу: «Сериал Майкл Доббстун романы менен Эндрю Дэвис кичисериалынын негизинде тартылган».
«Картадан үй» башталып жаткандагы титрлердин скриншоту. Титрдеги жазуу: «Сериал Майкл Доббстун романы менен Эндрю Дэвис кичисериалынын негизинде тартылган».

Бул жолу да ошондой болду. Мен актерлор-продюсерлер-операторлор-композиторлордун ысымдарын эмес, а Вашингтондун пейзаждарын карап отургам. Күтүүсүздөн мээме сигнал келди — «титрлердин бири маанилүү болчу, аны кайрадан окуп чыгуу керек» деген.

Мен кайрадан артка түрдүрдүм.

«Майкл Доббстун романынын негизинде тартылган».

Ба! Биз деген таанышпыз да!

2009-жыл, январь, Майкл Доббстун атам Искен Сыдыковго жазган каты

Ардактуу мырза Сыдыков,

Буга чейин Майкл Атсопартиске жөнөткөн катым жана анын жазган жообун окусаңыз керек. Ал кичи пейилдик менен сиздин байланыш даректериңиз менен бөлүштү жана сиз менен байланышка чыгып жатканыма каршы болбосоңуз керек.

Мен романымдагы окуя ойдон чыгарылган борборазиялык өлкөдө болушун каалайм. Кичине болсо да атмосферасын өздөштүрүп, өзүмө сиңирип алуу үчүн Кыргызстанга барганы жатам. Китептеги окуя чыныгы Кыргызстанда эмес, а  Та’аргистан деген аталыштагы ойдон чыгарылган республикада боло тургандыгын белгилеп кетким келет. Учагым 17-февраль күнү таңкы саат 3тө барып конот, а 20-февралда мен Бишкектен кайра кетем. Түшүнүшүмчө салыштырмалуу анчалык деле чоң эмес болгон Бишкекте сейилдеп, эски совет имараттары менен өкмөттүк мекемелердин атмосферасын сиңирип, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын, күнүмдүк жашоосун таануу үчүн анчалык формалдуу эмес мекемелерде болууну пландап жатам. Гид катары Бишкекти жакшы билген, мени менен бир-эки күн күндүзү, ошондой эле шаардын түнкү жашоосу менен таанышуум үчүн бир күнү кечинде иштеше ала турган жергиликтүү жашоочу жанымда коштоп жүрсө өтө пайдалуу болот эле.

Сизди бул сунуш кызыктырабы? Эгер кызыктырса сиздин кайсыл убакта бош болоруңуз жана кызматыңыздын канча экендигин билүү мен үчүн кубанычтуу кабар болот эле. Сиз менен жолугууга мүмкүн болот деген чоң үмүттөмүн.

Урматтоо менен,

Майкл Доббс.

2014, март

Доббсту беш жылдан бери билгеним менен анын ушунчалык белгилүү адам экени ойго да келген эмес. Жеке жазышуулардан улам атам экөөбүз анын жашоосундагы үй-бүлөлүк жагымдуу учурларын билип турчубуз. Биз 2010-жылы Доббс барон наамы менен сыйлангандыгын, кийинчерээк британ парламентинин Лорддор палатасынын мүчөсү болгондугун билчүбүз.

Кайсыл бир кездерде ал Маргарет Тэтчердин оң колу жана Консервативдик партиянын сөз түзүп берүүчүсү болгондугун окуп билгенбиз. Ошондой эле анын 90-жылдардан бери китеп жазып келээрин жана анын чыгармаларынын биринин негизинде Би-би-си сериал тарткандыгын билчүмүн…

А ооба, ал сериал «Картадан үй» болчу да! Бул мозаиканын бардыгы 2014-жылы гана башымда жетилди.

1990-жылы Би-би-сиде көрсөтүлгөн «Картадан үй» кичи сериалында Фрэнсис Уркуанын ролун аткарган Иэн Ричардсон.
1990-жылы Би-би-сиде көрсөтүлгөн «Картадан үй» кичи сериалында Фрэнсис Уркуанын ролун аткарган Иэн Ричардсон.

«Картадан үй» — анын алгачкы чыгармасы, эки жүздүү Фрэнсис Уркуа жөнүндөгү 90-жылдары экрандаштырылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон саясий романдарынын трилогиясы. Эмнеге жеке тааныш, бир нече күн бою иштешкен жана дээрлик беш жылдан бери атам кез-кезде жазышып келген адамдын чыгармасын окуп чыгуу менин оюма келген эмес?

2009, февраль

Биз деген ак көңүл самаритянбыз да. Атам экөөбүз Доббско Бишкекте аны кубануу менен тосуп ала тургандыгыбызды, а биздин кызматтар бекер болорун, анткени биз… жөн гана ошондуктан. Ак көңүл жана меймандос экендигибизди айтып жооп бердик.

Биз анын өмүр баянын үстүртөн окуп чыктык («О, биз Маргарет Тэтчердин мурунку жардамчысы менен иштейт экенбиз! Кызык»). Анын жазуучу катары масштабдарын түшүнгөн деле эмеспиз жана кайсыл бир таң калычтуу британдыктын келишине даярданганбыз.

Майкл Доббс
Майкл Доббс

Мүмкүн ошондуктан Доббс бизге кандайдыр бир өзгөчө ишенич менен мамиле кылса керек. Биз андан акча алган жокпуз жана (биз эч нерсе билбеген) «Картадан үй» менен (биз билген) Маргарет Тэтчер жөнүндө бир дагы жолу эч нерсе деп сураган жокпуз.

Атам мага караганда Доббс менен көбүрөөк убакыт өткөрдү. Ал ага сыпаттоолору романда керек болуп калышы мүмкүн болгон жана автоунаа менен гана жетүүгө мүмкүн болгон жерлерди көрсөткөн.

Мага төмөнкү милдеттер жүктөлгөн: а) Доббско Бишкек жаштарынын өзгөчө бир үлгүсүн көрсөтүү; б) Доббско кайсыл бир нааразычылык акциясын же саясатка байланышкан башка бир кубулушту көрсөтүү.

2014, март

2012-жылга чейин Доббс көбүнчө Улуу Британияда эле белгилүү болгон.

Бирок 2012-жылы «Картадан үй» сериалына анын ремейкин тарткысы келген «Нетфликс» америкалык компаниясы кызыгуусун билдирген. Режиссёр катары Дэвид Финчерди чакырып, мыкты актердук курамды чогултушту — Кевин Спейсинин өзү эле кандай актер, андан сырткары Робин Райт, Кейт Мара жана башка анча белгилүү эмес, бирок кыйла таланттуу актерлор бар.

«Картадан үйдүн» америкалык ремейкинин жаратуучулары менен актерлору. Оңдон солго: Майкл Доббс, Кейт Мара, Бо Уиллимон, Робин Райт жана Кевин Спейси.
«Картадан үйдүн» америкалык ремейкинин жаратуучулары менен актерлору. Оңдон солго: Майкл Доббс, Кейт Мара, Бо Уиллимон, Робин Райт жана Кевин Спейси.

Окуя болуп өткөн жерди Лондондон Вашингтонго которушту. Консерваторлор менен лейбористтердин урушу республикачылар менен демократтардын урушуна айланды.

А Фрэнсис Уркуа Фрэнк Андервуд болуп калды.

Эгер сен америкалык кинематограф рыногунда популярдуулукка жетсең, анда көп өтпөй эле бардык жерде популярдуу болуп каласың. Майкл Доббс дагы кайсыл бир деңгээлде дүйнөлүк масштабдагы жылдыз болуп калды. (Эң кур дегенде титрлерди көңүл коюп окугандар үчүн.)

«Кызык, — деп ойлодум мен. — А ал азыр менин катыма жооп береби?»

Ал кезде атам экөө дээрлик бир жылдан бери жигердүү жазышыша элек болчу. Доббс экөөбүздүн ортобуздагы электрондук жазышуубуз болсо биздин 2009-жылдагы Бишкектеги иштешүүбүздөн кийинки бири-бирибизге жолдогон бир канча ыраазычылык каттар менен гана чектелген.

Ошентсе да анын электрондук дареги менде бар болчу, 2014-жылдын 8-мартында мен ага көлөмдүү кат жөнөттүм. Анда акыркы жаңылыктар менен бөлүшкөм, ошондой эле мага жазуу түрүндө интервью берүүсүн жана атам менен жазышууларынын бир бөлүгүн качандыр бир кезде жарыялоого уруксат берүүсүн өтүнгөм.

Бир апта өттү. Жооп болгон жок.

«Бүттү, эми ал белгилүү адам да», — деп ойлодум мен.

2009, февраль

2009-жылдын башталышына карата президент Курманбек Бакиевдин режими Бишкекте дээрлик нааразычылык акциялары өтпөй калгандай деңгээлде жырткычтык мүнөзгө ээ боло баштаган. 2008-жылы кандай гана кичинекей нааразычылык акциясы болбосун — өзгөчө ал президенттин саясатына каршы болгон болсо — бийлик алардын катышуучуларын кысымга алып, милиция кызматкерлеринин тобун жөнөтүп турган.

Бакиев убагында өзүнүкүнөн кайтпай, Ак үйдүн алдына жалгыз нааразычылык акцияларга чыгуусун уланта бергендердин акыркыларынын бири Максим Кулешов болгон. Кимдир бирөө аны жинди деп эсептесе, башкалары ага суктанышчу, бирок эмнегедир ал нааразычылык билдирген башка бир чоңураак кыймылдарга кошулган жок — көбүнчө жалгыз чыгып, өтө оригиналдуу бир нерселерди кылчу.

Максим Кулешовдун 2009-жылы Ак үйдүн алдында өткөргөн акцияларынын бири.
Максим Кулешовдун 2009-жылы Ак үйдүн алдында өткөргөн акцияларынын бири.

Бир жолу ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин дубалына буурчак ыргытуу чечимине келген. Муну менен ал УКМКдан маалымат сурап кайрылууга болгон кандай гана аракет болбосун — жоопсуз каларын көрсөткүсү келген. (Албетте анда аны түйүнчөгүн ачып баштаганда эле кармап кетишкен.)

2009-жылдын 19-февралында Кулешов кезектеги жолу жалгыз акцияга чыккан — бул жолкусунда ал Ак үйдүн алдына Ctrl, Alt, Delete деген үч сөз жазылган плакатты көтөрүп чыккан.

Бул компьютерди өчүрүп кайрадан ишке киргизүү үчүн (перезагрузка үчүн) керек болгон клавишалардын комбинациясы. Кулешов бул акциясы менен кыргыз бийлигине дагы «перезагрузка» керек деп айткысы келсе керек.

Ал кезде жалпыга маалымдоо каражаттары түрдүү себептерден улам Максимдин акцияларына болгон кызыгууларын жоготуп башташкан. Аз болсо да мамлекеттик таасирге ээ болгон маалымат каражаттары акцияларды чагылдырышкан эмес, анткени тымызын тыюу бар болчу. Калган көпчүлүк маалымат каражаттары анын акцияларына кызыкпай калышкан, анткени жыйынтыгы алдын ала эле белгилүү болгон — Кулешов кайрдан өзгөчө бир нерсе менен чыгат, милиция кызматкерлери кайрадан аны сылыктык менен салып кетишет, анан аны камакка алуу үчүн кандайдыр бир акылсыз себеп ойлоп табышат да күлкү келээрлик сот өтөт, ал болсо активистти айып пул төлөөгө милдеттендирет да бошотуп жиберет.

Ал күнү, 19-февралда, Кулешовдун акциясына «Клооп» менен «Немис толкуну» басылмасынын гана журналисттери келишкен. Кайраттуу милиционерлер активист плакатын ачып көтөрөөрү менен аны автозакка узатып баруу үчүн акциянын башталышын унааларында күтүп отурушту.

Анда дагы бир өзгөчө көрүүчү бар болчу, ал Чүй проспектисинин кең жээгинде менин досум, фотограф Елена Скочило менен көңүлдүү сүйлөшүп, башкача бир көрүнүштү күтүп турган Майкл Доббс болчу.

Майкл Доббс менен Елена Скочило.
Майкл Доббс менен Елена Скочило.

Ал менден өлкөнүн саясий жашоосуна байланышкан бир нерсе көрсөтүүмдү өтүнгөн. Мен Доббско көрсөтүү үчүн жалгыз митинг өткөрүп жаткан кишини кармап кетип жаткандыктарынан башка жакшы нерсе таба алган жокмун.

«Силердин полиция романдын бир бөлүмүнөн да көп жазууга дем бере алат», — деп билдирген Доббс ал көрүнүш тууралуу, андан соң Ак үйдүн фонунда эстеликке сүрөткө тартып коюумду өтүнгөн.

2014, март

Доббс сегиз күндөн кийин акыры жооп жазды.

Ардактуу Бектур,

Сенден кабар алганыма кубанычтамын. Жоопту кечеңдеткеним үчүн кечирим сурайм — жумуш өтө көп.

Сага «Картадан үйдүн» жаккандыгы мен үчүн жагымдуу. Убактымдын өтө эле аз экендигине карабастан сага кубануу менен интерью берем. Мага кандай суроолорду бергиң келип жатат?

Сүрөттөрүмдү да пайдалана берсең болот. Менин атаңа жазган каттарым тууралуу — алгач кайсыларды жарыялагың келип жатканын билгим келүүдө. Атаңа эң жакшы каалоо-тилектеримди айтып кой, Формула 1дин жаңы сезонун көрүп ыракаттанып жатат деген үмүттөмүн.

Анан албетте сага дагы жакшы каалоо-тилектерди каалайм,

Майкл.

2009, февраль

Доббско мен тааныштырган жаш бишкектиктер жагыптыр — алар жаш журналисттер, активисттер жана искусство ишмерлери болушкан.

Алар Доббско ушунчалык жаккандыктан ал Та’аргистан жөнүндөгү китебине бийликтин адилетсиздигине каршы чыккан интернет-активисттер тууралуу сюжеттик линияны кошуу чечимине келген. (Албетте, ал өзү жолуктурган адамдарды болгонун болгондой көрсөткөн эмес, бирок ал кезде Кыргызстанда чынында эле бийлик авторитардык болуп баштаган, а Интернет болсо ага каршы чыгууга мүмкүн болгон жаңы талаалардын бири катары каралып келген.)

Бирок анда Доббс бизге канчалык деңгээлде чын жүрөктөн мамиле кылып жатат деген суроо мени бир нече жолу түйшөлткөн. Мисалы биз кечинде отуруп сыра ичип жатканда. Ал чынында эле биздин компания жагымдуу болгон үчүн жылмайып жатабы же бул анын британ саясатындагы көп жылдык ишиндеги көнүмүш нерсесиби?

Доббс менен Бектур Искендер.
Доббс менен Бектур Искендер.

Ал кезде мен үчүн бул маселенин эмнеге анчалык маанилүү болгондугун билбейм. (Азыр мен «Ал мен жөнүндө эмне деп ойлоп калат?» деген суроолорго көп деле маани бербейм).

Бирок ак ниеттүүлүк майда-чүйдөдөн билинет. Доббс Бишкектен кетип, Борбордук Азия жөнүндө китеп чыгаргандан кийин бизди унутуп деле коймок.

Бирок ал эмнегедир атам менен болгон жазышууларында Формула 1ди (ал экөө тең Льюис Хэмилтондун күйөрманы болуп, ошого жан тартышчу) талкуулоосун уланта берди.

Качан Доббс атам экөөбүздүн битломан экенибизди жана ал топко тиешелүү болгон бардык нерселерди чогулта тургандыгыбызды билгенде бизге сейрек кездешүүчү эки британиялык пластинканы — Sgt. Pepper’s Lonely Hearts Club Band менен Abbey Roadды берип жиберген.

Мунун канчалык деңгээлде чын жүрөктөн болгондугун өзүңөр баалагыла. Бирок мен бир нерсени так билем — адамдарга ушундай жагымдуу белектерди берүүнү үйрөнүү тууралуу кыялданам.

2014, апрель. Доббс менен болгон жазуу жүзүндөгү маек:

Я: Сиз сериалдын америкалык версиясында «Картадан үйдүн» автору катары гана эмес, а «аткаруучу продюсер» катары да көрсөтүлүптүрсүз. Бул эмнени билдирет? Сериалды жаратууда сиздин ролуңуз кандай болгон жана тасма тартып жаткан аянтта канчалык деңгээлде тез-тез болуп турдуңуз?

ДОББС: Мен маектешип, кеңеш берип, мезгил-мезгили менен тасма тартылып жаткан аянтчага барып турам. Чыгарманын түп нускасынын автору болгондуктан ал жакта мен чыгармачыл топко дем берип турам деген үмүттөмүн. Анда кол чаап да турам. Анан да бардыгына Кевин Спейсинин, Робин Райттын жана Бо Уиллимондун мыкты экендиктери тууралуу айтып берип, көп убактымды ошол жакта өткөрөм.

Бо Уиллимон, Майкл Доббс жана Кевин Спейси «Картадан үй» сериалын тартуу маалында.
Бо Уиллимон, Майкл Доббс жана Кевин Спейси «Картадан үй» сериалын тартуу маалында.

Мен: Фрэнсис Уркуа сизге канчалык деңгээлде окшош? Китептеги/сериалдагы сюжеттик линиялардын канчасы сиздин жеке жашооңуздан алынган?

ДОББС: Экөөбүздүн саясатка абдан кызыкканыбыздан башка мени менен Фрэнсис Уркуанын ортосунда дээрлик жалпы эч нерсе жок. Саясат тармагында мен кырк жылдан ашык убакыт иштедим, ал убакыт аралыганда мага чыгарманын сюжетин түзүүгө жардам берген көптөгөн окуяларга күбө болуп, кээ бирлерине өзүм катышкам — бирок албетте жашоодо ал окуялар сериалдагыдай курчтукта, каныккандыкта өткөн эмес. Дагы мен өз колу менен журналистти өлтүрө ала турган британ премьер-министрин же АКШнын президентин билген эмесмин.

Мен: Кыргызстандагы адамдар өз өлкөсүн популярдуу адабий чыгармада же кинематографта көп деле көрүшпөйт. Менин оюмча, «Амалсыз каарман» — бул окуясы биздин өлкөдө болгон, Кыргызстан шыктандырган сейрек чыгармалардын бири.
Эмнеге дал биздин өлкөнү тандап алдыңыз?

ДОББС: Биздин өлкөдө буга чейин окуясы Кыргызстанда болгон романдарды эч ким жазган эмес, ошондуктан мен силердин өлкөнү тандап алдым. Мен физикалык кооздук саясий туруксуздук менен айкалышкан сырдуу жана толкундантуучу жерди тапкым келген. Андай жерге Кыргызстан идеалдуу туура келди. Анан да мени өтө жылуу тосуп алышты.

Мен: Кыргызстанда сиз үчүн эмне күтүүсүз белек болду? Өлкө канчалык деңгээлде сиз күткөндөй болуп чыкты?

ДОББС: Биринчи кезекте мени этникалык жана маданий көп түрдүүлүгү, дагы президенттик сарайдагы алтындын коллекциясы (?), гүлдөр, базарлардагы башаламандыктар, жарылып кеткен, бирок ошол эле учурда моюн сунбас Лениндин эстелиги, эски менен жаңынын айкалышы, адамдардын ак ниеттүүлүгү таң калтырды.

Тигил өкмөт үйүнүн алдындагы нааразычылык акциясына чыккан адамды кантип кармап кеткендиктери да таң калтырды — полиция дээрлик өтө сылыктык менен анын автоунаага баруусун өтүндү. Нааразычылык акциясына чыккандарды дайыма эле ушинтип кармабастыктарын түшүнөм, бирок ал көрүнүш кээ бирде батыш басылмаларына жарыяланган Кыргызстан тууралуу үрөй учурчу темалардын карама-каршы көрүнүшү болгон.

Мен: Көбүнчө биздин өлкө сыяктуу кедейирээк өлкөлөрдө адамдардын популярдуу телесериалдардын пираттык версияларын көрө тургандыктарына кандай көз караштасыз?

ДОББС: Хммм, силердин экономика өсүп, адамдар легалдуу жазылууларга гана өтөөрүнө үмүттөнөм. Андай күндөр жакынкы жылдарда келет деген үмүттөмүн!

2010, январь

2010-жылдын алгачкы күндөрү Майкл Доббстун «Амалсыз каарман» китеби сатыкка чыкты. Ал пландагандай эле чыгармадагы окуя Та’аргистан деген аталыштагы ойдон чыгарылган ортоазиялык өлкөдө болот.

«Амалсыз каарман» китебинин мукабасы
«Амалсыз каарман» китебинин мукабасы

Доббс каалоо-тилектер жазылган, кол тамгасы коюлган китебинен белек катары атам экөөбүзгө бир-бирден жөнөтүп жибериптир. Бирок мени чыгарманын текстинин өзүндө күтүүсүз белек күтүп турган экен — ал каармандарынын бирин менин ысымым менен атаптыр, а башкы кара санатайга атамдын фамилиясын бериптир.

Кызык, эгер качандыр бир кезде ал китептин негизинде сериал тартыла турган болсо менин ролумду кайсыл актер аткарат болду экен?

(Мен ал актердун Орландо Блум болушун каалайм. Комментарий катары баяндын төмөн жагына өз варианттарыңыздарды сунуштаңыздар.)