Жогорку аттестациялык комиссия депутат Акматбек Келдибековдун аялы, Аида Токтоматованын докторлук ишинин 47,7 пайызы плагиат экенин аныктады. Саясатчынын жубайы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборун жетектейт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-мартта Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун жаңы директорун шайлоо маалында Токтоматованын диссертациялык ишиндеги плагиат аныкталгандыгын билдирди.

Жогорку аттестациялык комиссия депутаттын аялынын диссертациясын медицина илимдеринин доктору даражасын алуу боюнча талаптарга туура келээр-келбесин текшерип, иштин 47,7 пайызы плагиат экенин аныктаган.

«Жогорку аттестациялык комиссиянын корутундусу боюнча, Токтоматова А.Ндин диссертациялык ишинин 47,72 пайызы плагиаттан тураары аныкталды, иш көрсөтүлгөн 14.01.01 шифрине – акушерлик менен гинекологияга дал келбейт», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Токтоматова илимий даражасын АКШдагы Илим, өнөр жай, билим берүү жана искусство эли аралык академиясында алган. Жогорку аттестациялык комиссиянын президиуму анын дипломун кайрадан аттестациядан өткөрүүсүнөн баш тартты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, Токтоматова кызматынан алынат, а анын ордун Илимий борбордун башчылыгына болгон талаптарга жооп берген директордун милдетин аткаруучу ээлейт.

Депутаттын аялы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун башчысы болуп 2010-жылдын декабрынан бери иштеп келет.

Токтоматованын өзү бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

«Башаламандыкпы»?

Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун башчысын шайлоо 2014-жылдын октябрында өткөн — анын жыйынтыгы боюнча, Илимий борборду кайрадан эле Аида Токтоматова башкарып калган. Бирок мекеменин кызматкерлеринин бир бөлүгү анын кайрадан дайындалышына каршы болушуп, депутаттын аялынын ишин «башаламандык» деп аташкан.

Алар үстүбүздөгү жылдын февралында маалымат жыйынын өткөрүшүп, Токтоматова төрт жылдык башкаруусунда өзүн «иштин жөнүн билбеген жана профессионалдуу эмес» жетекчи катары көрсөткөндүгүн билдиришкен.

«Токтоматова […] Адамдын репродукциясы боюнча илимий борбордун көптөн бери иштеп келе жаткан жана өз ишинде кыйла чоң тажрыйбага ээ кызматкерлеринин көбүн кетирди. Ал алар үчүн чыдай алгыс шарттарды түзүүдө, а анын айланасындагылар чагымчылдык менен алектенишип, тажрыйбалуу жана абийирдүү дарыгерлер жумуштан «өз каалоолору боюнча» кетүүгө аргасыз», — деп жазылган борбордун кызматкерлеринин катында.

Дарыгерлер Токтоматованын Илимий борборду жетектей албастыгынын бир нече себептерин аташкан: жетектөөчү кызматтардагы жетишсиз тажрыйбасы, Кыргызстанда таанылбаган диплом, илимий публикацияларынын санынын аздыгы.

«Кадрларды тандоодо ал жумушчунун квалификациясына карабайт, а тандап алуунун аймактык принциптерин пайдаланат, өз кезегинде ал борбордун акыркы кездердеги ишине таасирин тийгизүүдө. Бизге келген бейтаптардын саны бир нече эсеге азайып кетти», — деп жазышкан борбордун кызматкерлери.

Же «иштетпей жатышабы»?

Борбордун кызматкерлери маалымат жыйынын өткөргөндөн бир нече күн мурун Токтоматованы колдоп анын орун басары Арстанбек Атаканов билдирүү жасаган.

Ал жетекчисинин дипломунун таанылышын талап кылып, анын иштөөсүнө мүмкүндүк бербей жаткандыктарын билдирген.

«Токтоматова диссертациясын Эл аралык илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүндө жактаган, ал жакка аймактын каалаган илимий жумушчусу өз ишин берүүгө укуктуу. Аталган өкүлчүлүк тарабынан берилген документ 40 өлкөдө бааланат. Чыңгыз Айтматов да анын академиги болуп эсептелет», — деп жазган «Вечерний Бишкек» басылмасы Атакановдун айткандарын.

Ал Илимий борбордун башчылыгына болгон талаптарда чет элдик диплом Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан таанылышы керек деп айтылбагандыгын билдирди.

«Бирок комиссиянын талаптары Эл аралык илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүкүнөн башкача болууда, ошондуктан Жогорку аттестациялык комиссия документти беките албай жатат. Эми биз шайлоонун жараксыз деп табылышын, же жаңы шайлоонун дайындалышын каалайбыз», — деген Атаканов.