Оппозициялык парламентарий Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго болгон жеке сапарын депутаттык иликтөөгө алууну сунуштады. Буга чейин президенттин аппараты «азырынча Атамбаевдин Молдовага болгон сапары тууралуу түшүндүрмө берүүгө мезгил келе электигин» билдирген.

Депутат жана Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков парламент жыйынында Атамбаевге расмий кат жөнөткөндүгүн билдирип, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевден «бул тууралу өлкө башчысына айтуусун» өтүндү.

«Катта мен төмөндөй суроолорду жазгам: ага жеке учакты ким берди? ага ким акча төлөдү? эмнеге президент Молдовага учуп барып премьер-министр менен жолуккан жок да миллиардер менен жолугуп келе берди?» — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Жээнбековдун айткандарын.

Атамбаев Молдовага 2015-жылдын 15-мартында барган. Молдова ЖМКларынын билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстандын президенти Кишиневго жергиликтүү банкир Илон Шоранын чакыруусу боюнча «Нобиль Эйр» компаниясынын жеке учагы менен учуп барып, анда болгону бир гана жолугушуу өткөргөн — олигарх Владимир Плахотнюк менен.

Атамбаевдин сапарынан эки күн өткөн соң Молдованын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору менен Антикоррупциялык прокуратурасы молдовалык эки ири банктан  — Banca de Economii жана Banca Sociala банктарынан «мыйзамсыз каражат алып чыгуу» иши боюнча Шоранын үйүн тинтүүгө алышкан.

Равшан Жээнбековдун айтымында, Акматбек Келдибековдун 2011-жылы спикерлик кызматтан кетишинин себептеринин бири анын Орусиянын Астрахань шаарына жеке учак менен учуп баргандыгы болгон, а президенттин жеке сапары тууралуу кеп козголгондо «бардыгы башын кумга катып алышты».

«Кыргызстандын башчысы мындай кылууга моралдык жана конституциялык укукка ээ эмес болчу. Мындай кызуу талкуудан кийин ал өзү комиссия түзүүнү демилгелеш керек. Эгер ал таза болсо аны комиссиянын алкагында айтуу керек, андай болбосо – анда мындан ары мындай иштин кайталанбашы үчүн прецедент түзүү керек», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги оппозиционердин айткандарын.

АКИпресс президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев Жээнбековдун катына «өз учурунда» жооп берүүнү убадалагандыгын билдирүүдө.

Президенттин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы жана Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков 17-мартта «азырынча Атамбаевдин Кишиневго болгон бейрасмий сапары тууралуу түшүндүрмө берүүгө мезгил келе электигин» билдирген.

«Мунун баары жыйынтыгында кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө  өбөлгө болооруна ишенем», — деп кошумчалаган Исаков.

«Мыйзамсыз акча чыгарып кетүү»

Молдованын Антикоррупциялык прокуратурасы менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору Banca de Economii жана Banca Socialа банктарынан «мыйзамсыз каражат алып чыгып кетүү» иши боюнча тинтүү жүргүзүштү, бул иште шектүүлөрдүн бири катары молдовалык ишкер Илон Шор да айтылууда.

Молдовалык «News Maker» жаңылыктар сайты жазгандай, 2014-жылдын ноябрында Banca de Economii жана Banca Sociala банктары «кеңселери жок» беш компанияга 13,7 млрд. лей (45 млрд. сомдон ашык каражат) насыя беришкен.

Молдовалык «Омега» маалымат агенттиги Кыргызстандын президентинин жергиликтүү олигарх жана Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Владимир Плахотнюк менен жолугушуусу үчүн Шор Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго болгон 15-марттагы сапарынын чыгымдарын төлөп бергендигин жазууда.

«News Makerдин» билдирүүсү боюнча, Плахотнюктун ысымы дагы Banca de Economii жана Banca Sociala банктарынан акча алып чыгып кетүүгө байланыштуу айтылууда — Молдованын Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон олигархты банктардан миллиарддаган лейди алып чыгып кетүүгө айыптады.