Парламент депутаттары шайлоого катышуу үчүн төлөнчү күрөө суммасын жогорулатуу боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууга кайтарып беришти.

Парламентарийлер үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн төлөнчү күрөө суммасын 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин жогорулатуу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарышты.

Киргизилген өзгөртүүлөр шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген башка эки өзгөртүү — добуш берүүнү автоматташтыруу жана саясий партиялардын «ийкемдүү» деп аталган тизмеси менен бирге бир пакетте каралган.

Депутаттар «ийкемдүү тизмелердин» киргизилишин колдошкон жок — ал пунктка ылайык, партиялар парламенттик шайлоолордон кийин талапкерлердин тизмесин өзгөртө алышмак.

Төрага Асылбек Жээнбеков «Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн пакетин экинчи окууга кайтарды. Алар боюнча экинчи жолу добуш берүү 25-26-март күндөрү өтөт.

Саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн күрөөгө белгилүү бир сумма төлөөлөрү керек. Ал акчалар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын коруна которулат. Төлөнгөн күрөө суммасы өлкө боюнча беш пайыздан ашык добушка ээ болгон партияларга кайтарылып берилет.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ак Ниет» партиясынын негиздөөчүсү Дастан Бекешев жаңы киргизилген өзгөртүүлөр күзүндөгү шайлоолордо «олигархтардын» жеңишке жетишине мүмкүндүк бере тургандыгын билдирди.

«Силер мүлктүк ченди бир топ көтөрүп жатасыңар. Шайлоого катышуу үчүн күрөө суммасын 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин көбөйтүү парламентте акчага ээ олигархтардын гана отуруп калышына алып келет деп эсептейм. Орточо кирешеге ээ адамдар үчүн парламентке өтүү кыйын болуп калат», — деп жазган vb.kg интернет-басылмасы Бекешевдин айткандарын.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Азаттык» радиосуна берген 2015-жылдын январындагы маегинде шайлоого катышуу үчүн күрөө акчаны көбөйтүү идеясын колдоп, шайлоого «шайлоочулардын колдоосуна ишенген» партиялардын катышуулары керектигин билдирген.

«Жөн гана элге көрүнүп, телевизор аркылуу сүйлөгүсү келген талапкерлерди ылгап, алып салуу керек. Шайлоо — бул оюн эмес. Бул мамлекеттик масштабдагы окуя. Ат салышууга шайлоочуларынын колдоосуна, коюлган күрөө акчаны кайтарып ала алаарына ишенген партиялар чыгышы керек», — деп билдирген анда Мадумаров.

Парламенттик шайлоолор 2015-жылдын күзүнө пландалган. Бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки Кыргызстандын мыйзам чыгаруу органына болгон экинчи жолку шайлоо болот.