Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде Кыргызстандын башында казак лидери Нурсултан Назарбаевдей саясатчыны көргүсү келгендигин билдирди. Казакстандын президенти коррупцияга жана сөз эркиндигин бузууга айыпталып келет.
Атамбаев мындай билдирүүсүн 20-мартта «Ала-Тоо» жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде айтты. Ал билдиргендей, Казакстандын бийлиги билим берүү мекемелерин курууга 150 млн. сомдон ашык каражат бөлгөн.
«Мен премьер-министр кезимде бизде Нурсултан Назарбаевдей лидер болсо деп кыялданчумун. Нурсултан Абишевичти бардык жакта билишет, буга мен Европага, Азияга, Орусияга, Кытайга жана башка өлкөлөргө болгон сапарларымда ынангам», — деп жазган президенттин айткандарын «Knews» маалымат агенттиги.
Өлкө башчысынын айтымында, эгер Кыргызстандын алгачкы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин ордуна өлкөнү Назарбаев башкарганда «бардыгы башкача болмок».
«Ар бир жолугушууда анын казак элинин гана эмес, Кыргызстандын да аксакалы экендигине көзүм жетип барат. Ал биздин эл үчүн да жан тартат. Мындай лидерлер өтө аз. Жакында Казакстанда шайлоо болот, Назарбаевдей лидерди табуу кыйын», — деп жазган Атамбаевдин айткандарын «АКИпресс» маалымат агенттиги.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2015-жылдын 26-апрелинде өтөт — анда Нурсултан Назарбаев башкы талапкер болуп эсептелет жана бешинчи жолу өлкө башчылыгына шайланышы мүмкүн.
Назарбаев Казакстанды акыркы 24 жылдан бери башкарып келет. Өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнүн фонунда эл аралык уюмдар казак президентин «коррупция жана сөз эркиндигин чектегендиги» үчүн сындап келишет.
«Транспэренси Интернэшнл» эл аралык уюму жыл сайын жарыялап туруучу «Коррупцияны кабылдоо индексинин» 2014-жыл үчүн чыгарган жыйынтыгында Казакстанды 175 өлкөнүн ичинен 129 орунга жайгаштырган.
Журналисттердин укуктары үчүн күрөшкөн эл аралык «Репортеры без границ» уюмунун сөз эркиндиги боюнча түзгөн рейтингинде өлкө 180 мамлекеттин ичинен 161-орунга жайгаштырылган, ал эми «Фридом Хаус» уюму өлкөнү «эркин эмес өлкө» катары мүнөздөгөн.
Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюму 2015-жыл үчүн жарыялаган отчетунда Казакстандын бийлиги тынчтык чогулуштарды өткөрүү, өз пикирин билдирүү жана дин эркиндиктерин «ырайымсыздык» менен чектегендигин жазган.
«2014-жылы Казакстандын бийлиги гезиттерди жаап, санкцияланбаган тынчтык акцияларынан кийин ондогон кишилерди абакка камап же аларга айып салган, ошондой эле динди мамлекеттин көзөмөлүсүз тутунгандыктары үчүн динчил адамдарды кармап, айып пул салышкан», — деп жазган ХРВ өз отчетунда.