«Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунда «Конституция менен Жарандык кодекске каршы келген жерлери бар» экенин билдирди.

Парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев алтын өндүрүүчү «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу жөнүндөгү мыйзамдын долбоору менен тааныштырды. Документке ылайык, «Кумтөрдүн» бардык мүлкүн, анын ичинде компаниянын өндүрүш объектилерин дагы улутташтыруу сунушталууда.

Мыйзамда ошондой эле «Кумтөрдүн» 100 пайыз акциясына ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясына компенсация төлөп берүү мүмкүндүгү жазылган. Бирок депутаттар компенсация алтын казууда келтирилген экологиялык чыгымдарды эсептөө менен төлөнүшү керектигин белгилешкен.

Анда 300 млн. куб метр муздун «жок кылынгандыгы», ошондой эле кендеги айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө кете турган алдыдагы чыгымдар көрсөтүлгөн.

«Центеррадагы» Кыргызстандын 33 пайыз акцияларын башкарган «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы Токон Мамытов «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунда Конституция менен Жарандык кодекске «каршы келген жерлери» бар экенин билдирди, бирок кандай карама-каршылыктар экенин тактап айткан жок.

Мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасы «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү маселеси боюнча канадалык «Центерра» менен башкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү катары катышууда — тараптар үлүштөрү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мамытовдун айтымында, азырынча улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо ишкананын түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизе элек.

«Азырынча бул жөн гана долбоор жана талкууланып гана жатат. […] Азырынча сүйлөшүүлөрдү токтотуу тууралуу буйрук келе элек», — деди Мамытов.

Ал тараптардын ортосунда экологиялык маселелерди талкуулоо бөлүгү гана калгандыгын жана сүйлөшүүлөрдүн акыркы бачкычы 23-марттан 30-мартка чейин жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.

Кыргыз парламенти эгер келишим 2015-жылдын 1-апрелине чейин даяр болбосо «Кумтөрдү» улутташтыруу маселесин карап баштай тургандыктарын айтып өкмөттү коркуткан.

Ишкананы улутташтырууну президент Алмазбек Атамбаев дагы колдогон. Ал кыргыз бийлиги «биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибергендигин», анткени канадалык сот башка соттук иштер боюнча Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 55 миллионунан ашыгын камакка алгандыгын билдирген.

«Мындай шартта эми биз биргелешкен ишкана да түзө албайбыз, анткени биздин акцияларыбыздын көпчүлүк бөлүгү камакка алынган. Тактап айтканда, тилекке каршы биз Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибердик», — деп билдирген Атамбаев.

Жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр 2012-жылдын кузүнөн бери уланып келе жатат.

Оператор: Виталий Белошапкин