Ички иштер министрлиги кыздардын кийимин кийген баланы жыпжылаңач болуп чечинүүгө мажбурлап жатышканы тартылган видеотасма боюнча тергөө жүргүзүүдө. Болжол менен суракты милиция бөлүмдөрүнүн биринин кызматкерлери жүргүзүшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге видеонун ким тарткандыгы, ким тарабынан сурак жүргүзүлгөндүгү жана андагы баланын ким экендиги боюнча азыр милицияда маалымат өтө эле аз экенин билдирди.

Анын пикиринде, видео милиция кызматкерлери тарабынан сойкуканаларга жасаган рейддердин биринде тартылган болушу мүмкүн.

«Рейддин жүрүшүндө бирөө тартып, аны башка жакка тараткан болушу мүмкүн, анан дагы башкасы интернетке жайылткан болушу мүмкүн, азырынча эч нерсе түшүнүксүз. «АКИпрессте» пайда болгонго чейин видео WhatAppта жүргөн», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Видео 16-мартта «Репортёр-АКИпресс» сайты тарабынан таратылган. Анда кыздын кийимин кийген жана жасалма чач таккан баланын суракка алынып жаткадыгы тартылган.

Баладан аты-жөнүн, качан жана кайсыл жерде туулгандыгын, эмне менен алектене тургандыгын сурашкан. Андан соң аны жыпжылаңач болуп чечинүүгө мажбурлашып, шылдыңдап күлүшкөн.

Осмонбаев баланы шылдыңдап, кордогондорду кандай жаза күтүп тургандыгын азырынча айта албайт.