Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Эгемберди Эрматов орус тилин расмий макамынан ажыратуу жөнүндөгү демилгени четке какты. Ал бул идеяга каршы экенин айтты.
Эрматов Kloop.kgге берген маегинде орус тилин расмий макамынан ажыратуу тууралуу идея башка бир жыйында сунушталгандыгын, а ал болсо бүгүн жөн гана ошол демилге тууралуу айткандыгын билдирди. Ал өзү аталган идеяга каршы.
«Негизи эле мен андайга каршымын. Бизде өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа бар, ал программаны биздин жумушчу топ иштеп чыккан, анда андай көйгөй болгон эмес. Расмий макамынан ажыратуу идеясын ким айткандыгы эсимде жок», — деди Эрматов.
Кыргызстандын Конституциясына ылайык, орус тили расмий, а кыргыз тили — мамлекеттик тил макамына ээ.
Эрматов кыргыз тилин иш кагаздарын жүргүзүүнү которуу аркылуу өнүктүрүү керек деп эсептейт.
«Мен мамлекеттик мекемелер менен иш кагаздарын жүргүзүү кыргыз тилине өтсүн деп сунуштагам», — деди ал.
Орус тилин расмий макамынан ажыратуу тууралуу сунуш социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Бул демилге тууралуу жаңылык 24.kg агенттигинин сайтына чыккан.
«Мен кыргызмын, өз эне-тилимди сүйөм жана сыйлайм, эркин сүйлөйм, бирок орус тилин макамынан ажыратууга каршымын! КСДП ушундай чирик оюндарды токтотсо боло, Эрматов Атамбаевдин досу, аны менен макулдашмайынча орус тилине каршы дем ала да албайт! Насыялар менен гранттарды суроодо дайыма алдыда! Кыргыз тилин өнүктүрүү керек, бирок ошол эле маалда расмий тилди басмырлабоо зарыл!», — деп жазган «Дизель» онлайн-форумунун gameland.team деген колдонуучусу.
Колдонуучулардын бир бөлүгү басмырлоолор менен Кыргызстандын калкынын орус тилдүү бөлүгүнүн миграциялык агымы башталышы ыктымалдыктары боюнча кооптонууларын билдиришкен.
«Пенсия курагындагы орус тилдүү мугалимдер менен дарыгерлер көп, алар үчүн тилди керектүү деңгээлде үйрөнүү кыйын болот. Эгер андай мыйзам кабыл алынса кетүүлөрдүн толкуну башталары түшүнүктүү», — деп эсептейт Туки2 деп катталган колдонуучу.
«Фэйсбуктун» Emil Yoma аттуу колдонуучусу кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн аны Кыргызстанда «өтө керектүү» кылуу зарыл деп эсептейт.
«Дагы мекенчилдикке көндүрүүгө болот. Мүмкүн кайсыл бир мекенчил өзүнүн жашоодогу позицияларын карап чыгып, кыргыз тилин үйрөнүүгө белсенээр», — деп эсептейт ал.