Европа биримдиги Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча «өтө зарыл» маселелерди көтөрүп чыгып, Алмазбек Атамбаевди аларды чечүүгө көндүрүшү керек, деп жазылган эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө.

«Хьюман Райтс Вотч» өз билдирүүсүн 2015-жылдын 22-мартында ― Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө болгон сапары башталган күнү жарыялады. Кыргыз лидеринин алгачкы сапары Австрияга болот.

«Европа лидерлери кыргыз президентинин демократиялык коомдогу адам укуктарын сыйлоо менен шайкеш келбеген эки мыйзамды кабыл албоо убадасына жетишүүлөрү керек. Биринчи майзам ― көз көрүнөө басмырлоочу «гейлерге каршы» мыйзам, а экинчи документ ― укук коргоочу жана башка бейөкмөт уюмдардын маанилүү иштерин улантуу мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам», ― деп жазылган ХРВнин билдирүүсүндө.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбооруна ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» тыюу салуу сунушталууда ― анда мыйзамды бузуу үчүн  бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүн болгон кылмыш жоопкерчилиги каралган.

«Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген бейөкмөт уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштайт. Бирок мыйзамда «саясий ишмердүүлүк» катары кандай ишмердүүлүктү аныктоого боло тургандыгы так жазылган эмес.

Ошондой эле укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө Европа биримдигинин лидерлери Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы «жаңылыш түрдө» өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотушу үчүн Атамбаевге «басым» жасоолору керектиги жазылган.

Аскаров Кыргызстандын бийлиги тарабынан 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улуттар аралык кагылыш маалында орун алган бир нече кылмышка, анын ичинде милиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталган. Аскаровдун өзү дарегине айтылган айытоолорду четке каккан, бирок 2010-жылдын ноябрында өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Европа лидерлери [адам укуктарынын бузулушу жөнүндөгү] бул кооптонууларды талкуулоо боюнча мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, президент Атамбаевге өлкөсүндөгү адам укуктарынын бузулушун токтотушу керектигин айтып, эскертүүлөрү керек», ― деп жазган ХРВнин Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттманн.

Атамбаев өзүнүн Европага болгон сапарынын жүрүшүндө Франция, Германия, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнө жана Европа биримдигинин саясий борбору болгон Брюссель шаарына барат. Брюсселде кыргыз президенти биримдиктин негизги институттарынын башчылары менен жолугушат.

«Демократиялык илгерилөөлөр жоголду»

ХРВ уюму өзүнүн жыл сайын чыгарыла турган отчетунун 2015-жылга арналган бөлүгүндө Кыргызстан тараптан акыркы жылдары жетишилген демократиялык илгерилөөлөрдүн бардыгы тең 2014-2015-жылдары «жоголгондугун» белгилеген.

ХРВнин изилдөөчүлөрүнүн пикирлеринде, адам укуктарынын сакталышы боюнча өлкөдөгү абал «начарлап кеткен» ― буга «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» жана «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдардын кыргыз парламентинде каралышы таасирин тийгизген.

Андан сырткары адам укуктарынын сакталышы тармагындагы абалдын начарлашына тынчтык чогулуштарды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөр менен жаза өтөө мекемелериндеги кыйноолорго байланышкан көйгөйлөрдүн уланып жатышы таасирин тийгизген.

«Европа лидерлери Кыргызстандын адам укуктарынын сакталышы тармагындагы өзгөртүүлөрдү жактап жаткандыгын кайрадан ырастап, бул тармактагы көз көрүнөө укук бузууларды токтотуу үчүн кыргыз президентинин сапарынан пайдаланып калуулары керек», ― деп жазган ХРВнин Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттманн.

«Басмырлоочу мыйзам долбоорлор»

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленип, парламенттин кароосуна ошол эле жылдын июнунда киргизилген.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелер дегенде бир жыныстагы адамдарга карата болгон сексуалдык ынтызарлыкка жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштарга негизделген индивиддердин ортосундагы мамилелерди түшүнүүгө болот», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Учурда мыйзам долбоору парламенттин экинчи окуусунда. Анын демилгечилери Европарламент менен БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн чакырыктарына карабастан аны кароодон чакырып албай тургандыктарын билдиришкен.

«Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам долбоору кыргыз депутаттары тарабынан экинчи жолу каралууда ― документтин биринчи редакциясына президент Алмазбек Атамбаев кол коюудан баш тарткан болчу.

Атамбаев 2014-жылдын ноябрында кыргыз телеканалдарына берген маегинде «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдын идеясын колдоп, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн артында «кимдердин тураары белгилүү болушу үчүн» алар «ачык», «отчет берме» болуулары керектигин билдирген.

Анда 40тан ашык бейөкмөт уюм президентти «тирешүүнүн ордуна кызматташууга» чакырышкан.