Буту менен сүрөт тарткан бишкектик сүрөтчү Төлөн Жумагуловдун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Анда Жумагуловдун 40ка жакын сүрөтү коюлган.
Төлөн Жумагуловдун көргөзмөсү борбордогу «Бишкек Парк» соода борборунда ачылды.
![Жумагуловдун сүрөттөрүнүн бири.](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/03/tolon0094-1024x745.jpg)
Жумагуловдун тууганы Айзада Шакиева Kloop.kgге берген маегинде сүрөтчү беш жашынан эле сүрөт тартып баштагандыгын айтты.
«[Жумагуловдун] колдору бала кезинен эле кыймылдабайт — ал кээ бир буюмдарды беш жашынан тартып эле кармай баштаган. […] Жыл өткөн сайын сүрөт тартуу анын кызыгуусуна айланган», — деди ал.
Шакиева бир сүрөттү аягына чыгаруу үчүн Жумагуловго болжол менен 4-5 күн убакыт талап кылына тургандыгын кошумчалады.
![Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев.](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2015/03/41-42-724x1024.jpg)