Germanwings немис аба жолдорунун 144 жүргүнчүсү жана 6 экипаж мүчөсү бар учагы Франциянын түштүгүндө кыйроого учурады.

Airbus A320 учагы Барселонадан Дюссельдорф немис шаарына учуп бара жаткан. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:47де (Бишкек убактысы боюнча 15:47де) учкуч коркунуч тууралуу билдирген. Учак Франциянын Жогорку Прованс Альп аймагына жеткенде бийиктигин жогото баштаган.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:20да учак радарлардан биротоло жоголгон. Коркунуч тууралуу билдирилээри менен кырсык болгон жерге дароо куткаруучу тик учактар жөнөтүлгөн.

Франциянын түштүгүндөгү учак кулаган жер

Germanwings компаниясы учакта 144 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү бар болгондугун билдирди — алардын бардыгы тең каза болушкан.Компания «туугандарын кошумча басымдан сактоо үчүн» азырынча каза болгондордун аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбай тургандыгын билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, учакта 67 немис, 42 испан жана белгисиз сандагы Түркия жарандары болушкан, а француздар жок болгон.

Франциянын транспорт министри Олланддын аман калгандардын жок экендиги тууралуу айткандарын ырастоодо

Америкалык NBC телеканалынын журналисти Карло Энгерер Германиянын Абада учууларды башкаруу башкармалыгына шилтеме жасап учакта 154 адам болгондугун билдирди.

«Ассошиэйтед Пресс» маалымат агенттиги билдиргендей, учактын сыныктары деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте.

GermanWings — Lutfhansa авиакомпаниясынын 1997-жылы негизделген лоукостери. FlightRadarдын маалыматы боюнча, кулап түшкөн Airbus A320 учагы компаниянын паркындагы эң эски учактардын бири болуп эсептелген жана 1990-жылдан бери эксплуатацияда болгон. Бул авикырсык — GermanWingsтин тарыхындагы алгачкы кырсык.

Бул өткөн жылдан бери кырсыкка учураган төртүнчү учак.

2014-жылдын мартында «Малайзия аба жолдору» компаниясынын каттамдарынын бири Куала-Лумпурдан Пекинге бара жатып дайынсыз жоголуп кеткен.

Кыйроого учураган экинчи учак дагы «Малайзия аба жолдоруна» таандык болгон. 2014-жылдын жайында аны Донбасстын үстүнөн атып түшүрүшкөн ― анда ал аймакта украин армиясы менен Донецк элдик республикасынын жикчилдеринин ортосунда куралдуу кагылышуулар болуп жаткан.

«Эйр Алжир» компаниясына таандык болгон үчүнчү учак радарлардан 2014-жылдын июлунда жоголгон ― ал маалда учак Малинин түндүк райондорунун үстүндө учуп бара жаткан болчу.

Башкы сүрөт Michael Frank Franz / flickr