Президенттикке мурунку талапкер Нурлан Мотуев журналисттердин алдында сүйлөп, дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмун колдой тургандыгын билдирди.

Өзүнүн адаттан тыш билдирүүлөрү менен белгилүү кыргыз саясатчысы Нурлан Мотуев журналисттер менен болгон 24-марттагы жолугушуусунда «Ислам мамлекетинин» (ИМ) согушкерлеринин катарына «сүйүнүү менен кошулмактыгын» билдирди.

«Бүгүн биз хадистердин биринин жүзөгө ашып жатканын көрүүдөбүз, кыямат күнгө аз калганда Сирияда халифат пайда болот. Бирок УКМК мага каршы кылмыш ишин козгоду. Мени жөн гана аба майдандан өткөрбөй коюшат. Алар кайсыл фактылар боюнча кылмыш ишин козгогондуктарын да айтышпай эле, болгону жөн эле сурактарга чакырып жатышат», — деп билдирди ал.

Мотуев бир канча өлкөдө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмун колдой тургандыгын мойнуна алды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) үстүбүздөгү жылдын башында ИМ уюму «жакынкы убактарда» Кыргызстанда да экстремисттик уюм деп табыла тургандыгын билдирген.

КирТАГ маалымат агенттиги Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен УКМКга шилтеме жасап милиция менен атайын кызматтагылар Мотуевдин маалымат жыйынында жасаган билдирүүсүн текшере тургандыгын жазды.

«Биз анын айткандары боюнча түшүндүрмө бере албайбыз, анткени бардык материалдарды изилдеп көрүшүбүз керек. Ошентсе да Кылмыш кодексинде улуттар аралык жана диндер аралык араздашууну козутуу үчүн 299-берене бар», — деп жазган КирТАГ басма сөз кызматтын билдирүүсүн.

Жаңылыктар басылмасынын билдирүүсү боюнча, ИИМден Мотуевдин айткандарын «сандырак кеп» деп аташкан.

Мотуев Кыргызстандын аймагында халифат куруу каалоосу тууралуу билдирүүсү үчүн буга чейин да атайын кызматтагылардын көңүлүн бурган — 2013-жылы ал сурак берүү үчүн УКМКга чакырылган болчу.

«Ислам мамлекети»

«Ирак менен Левантанын ислам мамлекети» — бул «Аль-Каиданын» Ирактагы бөлүмү башында турган 11 террористтик уюмдун биригүүсүнөн улам 2006-жылы негизделген уюм.

Уюм согушкерлери Ирактын аймагына кирип барышып, өкмөттүк аскерлерди кыйратуу менен дээрлик Багдадга чейин жетип барган 2014-жылдын жайында кеңири белгилүүлүккө жеткен.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары 2014-жылдын жайынан бери уюмдун согушкерлеринин катарын Европа, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Орусия, АКШ жана Жапониянын миңдеген жарандары толукташкандыгын билдиришүүдө.

2014-жылдын октябрынан тарта Европа менен Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн, Жапония жана Орусиянын бийликтери «Ислам мамлекетин» колдошу мүмкүн деп же Сирияга жаңы согушкерлерди жөнөтүү үчүн өлкө жарандарын уюмдун катарына тартуу аракетин көрүп жатат деп шектелгендерди кармап башташкан.