Кыргызстандын жараны Хайрулложон Матанов АКШнын Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун кызматкерлерине Бостон марафону маалындагы теракт жөнүндө жалган айткандыгын мойнуна алды. Айтымында, ал жардырууларды уюштурууга шектелгендердин компьютерлеринен далилдерди өчүрүп салган.

«Бостон Глоуб» гезити соттун документтерине шилтеме жасап Матанов өз күнөөсүн мойнуна алгандыгын жазды.

Ал АКШнын Федералдык тергөөлөрдүн бюросунун (ФБР) кызматкерлерине «жалган маалымат берип», терактты уюштурууга шектелген бир туугандардын бири Джохар Царнаевдин компьютериндеги далилдерди жок кылгандыгын айткан.

Матанов Кыргызстандын жараны болуп эсептелет жана 2010-жылдан бери Бостондун четиндеги Куинсиде жашайт. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал терактты уюштурууга шектелип, колго түшүрүү маалында өлтүрүлгөн Тамерлан Царнаевдин досу болгон.

Ал Царнаевдердин сүрөттөрү ФБР тарабынан жарыяланып, алардын жардырууларга шектелип жаткандыктары кабарлангандан кийин маалыматтары менен полицияга барып, кийинчерээк полиция тарабынан кармалган.

Ал эки жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок эгер кыргызстандык тергөө менен кызматташуудан баш тарта турган болсо ал сот алдында жоопко тартылышы ыктымал — эгер анда ага карата айтылып жаткан айыптоолор далилденсе 20 жылга камалышы мүмкүн.

«Матанов туулуп-өскөн Кыргызстандан АКШга 2010-жылы келип, такси айдоочусу болуп иштеп жүргөн. Ал күнөөсүн кыйылып мойнуна алып жаткандай. Сотто ал өзүнүн күнөөлүү экендигине ишенип жаткандыгын, бирок тергөөдө аны эркиндигинен ажыратууга жетиштүү фактылардын бар экендигинен коркуп жаткандыгын айтты», — деп жазган «Бостон Глоуб».

Сотто АКШнын башкы прокурорунун жардамчысы Скотт Гарланд тергөө Матановдун теракттарга тиешеси бардыгын далилдебегендигин, бирок марафондун марасындагы жардыруулардан 40 мүнөт өткөндөн кийин ал Тамерлан Царнаевге телефон чалып, кечинде бирге тамактанышканын билдирди.

Прокуратура ишендирип жаткандай, ФБР Царнаевдердин сүрөттөрүн жарыялагандан кийин Матанов Джохар Царнаев менен байланышууга аракет кылган, андан кийин компьютердеги файлдарды өчүрүп, бир туугандар менен сүйлөшкөн уюлдук телефонду жок кылган.

Бостон марафонунун марасындагы теракт 2013-жылдын 15-апрелинде болгон — анда эки жардыруунун жыйынтыгында үч адам каза болуп, 206сы түрдүү жаракаттарды алышкан.

Америка бийлиги бир тууган Тамерлан жана Джохар Царнаевдерди терактты уюштуруп, ишке ашырышкан деп айыпташууда. Жардыруулардан бир нече күн өткөн соң Тамерлан полиция менен болгон атышууларда өлтүрүлгөн, а Джохар жарадар болуп, камакка алынган.

Джохар Царнаевдин үстүнөн соттук процесс 2015-жылдын январында башталган жана азыркыга чейин уланууда.

Сүрөт: Associated Press