Бишкектин Октябрь райондук соту «Ислам мамлекети» (ИМ) уюмун Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик деп тапты.

Чечим 13-февралда кабыл алынып, 16-мартта күчүнө кирген, деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

«Экстремизм менен терроризмдин алдын алуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Улуттук коопсуздук органдары чогултулган материалдардын негизинде «Ислам мамлекетин» террористтик жана экстремисттик уюм деп табуу тууралуу сот органдарына жөнөтүлгөн доо арызды даярдашкан», — деп жазылган билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы «Ислам мамлекети» уюмун экстремисттик деп табуу үчүн мекеме документтерди даярдап жаткандыгы тууралуу декабрда эле билдирген.

«Ислам мамлекети» — Кыргызстандын аймагында экстремисттик жана террористтик деп табылган 14чү уюм.

«Ирак менен Левантанын ислам мамлекети» — бул «Аль-Каиданын» Ирактагы бөлүмү башында турган 11 террористтик уюмдун биригүүсүнөн улам 2006-жылы негизделген уюм.

Уюм согушкерлери Ирактын аймагына кирип барышып, өкмөттүк аскерлерди кыйратуу менен дээрлик Багдадга чейин жетип барган 2014-жылдын жайында кеңири белгилүүлүккө жеткен.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары 2014-жылдын жайынан бери уюмдун согушкерлеринин катарын Европа, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Орусия, АКШ жана Жапониянын миңдеген жарандары толукташкандыгын билдиришүүдө.