Кыргызстандык «Троеразных» рэп-тобу коомчулукка «Третий» аталышындагы жаңы альбомун тааныштырды. Бет ачар концертке топтун 600гө жакын күйөрманы чогулду.

Альбомдун бет ачары «Metro Pub» оюн-зоок жайында өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары концерткке 600гө жакын киши келгендигин билдиришти.

Жаңы альбомго 18 ыр киргизилген, алардын үчөөсүн буга чейин эле интернеттен таап укканга мүмкүн болчу.

Топтун мүчөсү Лев Беловдун айтымында, алар топко жаңы адамдын кошулгандыгынын урматына «Третий» деп аташкан.

Белов «Третий» альбомунун үстүнөн топ «көпкө» иштегендигин кошумчалады, бирок ал пластинканы жазууга канча убакыт сарпталгандыгын тактап айткан жок.

«Троеразныхтын» «Будет день, будет пища» ырына тартылган видеоклип:

Альбомго кирген ырлардын тизмеси:

  1. Мама Война
  2. Будет день, будет пища
  3. Третий
  4. На злобу дней
  5. Холодные особняки
  6. Дымящий урбан [HOOK – Jax]
  7. Дикий Восток
  8. Не просто так
  9. Ещё один день [HOOK – Jax]
  10. 4MB
  11. Право
  12. Радист
  13. Совсем не жаль
  14. Дела
  15. Живём Сегодня
  16. Рай604
  17. Отведи
  18. Good morning

Топтун «Перемены» аталышындагы алгачкы альбому 2012-жылы чыккан. 2013-жылы топтун мүчөлөрү— Лев Белов менен Евгений Перекатов «Моё пространство» жана «Душу на волю» деген жеке альбомдорун жаздырышкан.

Оператор: Тилек Бейшеналиев.
Монтаж менен текст: Азат Рузиев.