Каттамга жетишип, сүйлөшкөн кызын Кыргызстанга учурбай алып калуу үчүн «мас абалындагы» киши «Урал аба жолдорунун» «Екатеринбург — Бишкек» каттамында жардыруучу зат бар экендиги тууралуу кабарлаган.

«УралПолит» басылмасы окуя 24-марта «Екатеринбург — Бишкек» каттамында болгондугун жазды. Басылманын маалыматы боюнча, мас абалындагы киши полицияга телефон чалып, учакта жардыруучу зат бар экендиги тууралуу кабарлаган.

«Учакта жардыруучу зат бар экендиги тууралуу билдирүү полицияга саат 19:20да келип түшкөн. Мас абалындагы жүргүнчү Кыргызстанга уча турган каттамга кечигип жаткан жана мындай жол менен учакты токтото турууну каалаган», — деп жазды «УралПолит».

Текшерүүнүн жүрүшүндө жардыруучу зат табылган эмес. Басылма ал киши мындай жол менен Бишкекке учуп бара жаткан сүйлөшкөн кызын токтотуп калуу үчүн учакка жетишүүгө аракет кылгандыгын жазууда.

Полиция жардыруучу зат тууралуу тамашалаган адамды колго түшүргөн, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

«Комсомольская правда» гезити ал киши өзүнүн уюлдук телефонунан чалгандыктан полиция анын кайсыл жерде экендигин тез эле аныктаган.

«Көп өтпөй жалган маалымат берген адамды «Кольцово» аба майданынын Б терминалында колго түшүрүшкөн», — деп жазды «КП» Орусия ИИМинин Урал федералдык округу боюнча Транспорт башкармалыгына шилтеме жасап.

«Кольцово» аба майданынын стратегиялык байланыштар боюнча директору Дмитрий Тюхтин «УралПолит» басылмасына кошумча карап чыгуу үчүн каттам бир аз убакыт кармалгандыгын билдирген.

Анын айтымында, бул башка каттамдардын учуу тартибине таасирин тийгизген эмес.

Сүрөттө Екатеринбургдагы «Кольцово» эл аралык аба майданы.