Журналисттик иликтөөлөрдүн Global Witness порталы Максим Бакиев Улуу Британиянын Суррей графтыгындагы 5 млн. АКШ долларына бааланган хан сарайда жашап жаткандыгы тууралуу макала жарыялады.

Global Witness басылмасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын качкын президентинин уулу Максим Бакиевдин хан сарайы Суррей графтыгынын Рейгейт жана Банстед районунда жайгашкан.

«Суррейдеги ээликти ачыктоо үчүн пайдаланылып жаткан белгисиз компания мыйзамсыз жол менен Кыргызстандан чыгарылган акчалардын изин жашыруу үчүн пайдаланылган болушу мүмкүн», — деп жазылган басылманын маалыматында.

Global Witnessтин журналисттери хан сарай 2010-жылдын августунда — Максим Бакиев Улуу Британияга барып, баш калка сурагандан эки ай өткөндөн кийин сатылып алынгандыгын жазышкан.

Иликтөөгө ылайык, хан сарайга ээлик кылган компания — Limium Partners Limited — юридикалык жактарды каттоонун өзгөчө режими иштеген жана бийлик тарабынан компанияга ээлик кылган адамдын аты-жөнү билдирилбеген латынамерикалык Белизде катталган.

«Компания жапжаңы хан сарайды 3,5 млн. фунт стерлингге (5 млн. АКШ долларына) сатып алган […]. Анда бар, китепкана жана үй кинотеатры бар», — деп жазган басылманын журналисти.

Тема боюнча: Максим Бакиев Кыргызстанда эмнеси менен белгилүү?

Басылманын маалыматы боюнча, Бакиевдин аталган хан сарайда жашай тургандыгы 2012-жылы — мурунку кыргыз президентинин уулун АКШга өткөрүп берүү боюнча соттук угуулардын жүрүшүндө белгилүү болгон. Максим Бакиев АКШда Нью-Йорк фондулук биржасындагы инсайдерлик маалыматтар менен соода кылууга айыпталган.

Макаладагы маалыматка ылайык, Limium Partners Limited компаниясы 2010-жылдын апрелиндеги революция маалында Кыргызстандан миллиондогон долларларды алып чыгуу менен алектенген бир нече компания менен бир даректе жайгашкан. Ал компаниялардын бири — Brasfort — «Азия Универсал Банкы» аркылуу 30 млн. долларды чыгарып кеткен деп айыпталууда.

Global Witness басылмасы Британиянын Кыймылсыз мүлк жана жактоочулар боюнча агенттерин хан сарайды Белизде катталган компанияга «тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн» саткан деп айыптаган. «Акчалардын изин жашыруу жөнүндөгү» жана «Кышмыштуу жол менен ээ болгон кирешелер жөнүндөгү» эки мыйзамга ылайык, кыймылсыз мүлктүн келечектеги ээсине карата экспертиза жүргүзүлүшү керек.

Максим Бакиев жашап жатат делинген хан сарай.
Максим Бакиев жашап жатат делинген хан сарай.

Басылма Максим Бакиев өз өлкөсүндөгү коррупциялык иштерге шектелген алгачкы чет элдик саясатчы эмес экенин белгилеген — Global Witness андай саясатчылардын катарына Ливиянын өлтүрүлгөн лидеринин уулу Саади Каддафини, нигериялык мунай компаниясынын мурунку башчысы Джеймс Иборини, Пакистандын мурунку премьер-министринин күйөөсү Асиф Зардарини жана Кениянын мурунку президенти Дэниэл Арап Моини киргизген.

Максим Бакиев — өлкөдөн качкан президент Курманбек Бакиевдин уулу. Кыргызстандын бийлиги аны «коррупцияга», «банктардан каражат алып чыгып кетүүгө» жана «рейдердик басып алууларга» айыптоодо. АКШ Максим Бакиевди экономикалык кылмыштарга айыптап, Улуу Британиядан аны өткөрүп берүүсүн өтүнүп жатат.

Ал Кыргызстандан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин качып кеткен, кийинчерээк Улуу Британияда баш калка алган. Global Witness басылмасынын маалыматы боюнча, Максим Бакиев анда жашап туруу укугуна 2015-жылдын июнунда ээ болуп, 2016-жылы Улуу Британиянын жарандыгын ала алат.