Милиция кызматкерлери Бишкек мэриясынын имаратынын алдында башталган жалгыз активисттин пикетин үзгүлтүккө учуратышты. Алар окуяны видеого тартып жаткан журналистке тоскоолдук кылышып, ага «көттөнбөй, башка нерселерди чагылдырчы» деп айтышкан.

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун акциясы 26-мартта Бишкек мэриясынын имаратынын алдында өтүшү керек болчу. Ал шаардык кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүктөрүн чагылдырып келген «Бишкек шамы» гезитинин чыкпай калгандыгына каршы нааразычылыгын билдирмек.

Анын акциясын ал жерге барган милиция кызматкерлери үзгүлтүккө учуратышкан — алар Токтонасыровдун акция өткөрүүсүнө мүмкүндүк беришпей, «Топньюз» басылмасынын журналисти Жылдыз Джускембаеванын окуяны видеокамерага тартуусуна тоскоолдук кылышкан.

Джускембаева Kloop.kgге берген маегинде милиционерлер аны адепсиз сөз менен аташып, окуяны чагылдырбоосун өтүнгөндүктөрүн айтты.

«Бир милиционер кыз фотоаппаратымды алып алууга аракет кылды. Видеого тартайын десем алар мени өткөрбөй, камераңды өчүр деп айтышты. Токтонасыровдун колундагы кагазды тартып алышты — бул кадр видеодо бар […] Мага: «Көттөнбөй, башка нерселерди чагылдырчы» дешти», — деди ал.

«Топньюз» тарабынан жарыяланган видеодо милиция кызматкерлеринин адепсиз сөздөрдү айткандыктары тартылган эмес. Бирок анда милиционерлердин журналисттин видеого тартуусуна тыюу салышып, активистти түртүп жаткандыктарын көрүнүп турат.

Токтонасыров Kloop.kgге берген маегинде милиционерлер аны «жинди» деп аташып, колундагы кагазын жыртып салышкандыгын билдирди — анын бул айткандарын Джускембаева да ырастоодо.

«Мен эркекмин, милиция кызматкерлери айткан сөздөрдү колдонбойм. Уят сөздөр менен тилдешти. Журналисттин сүрөттөрүн тарып алууга аракет кылышып, түрткүлөштү», — деди ал.

Активист Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине карата кандайдыр бир чараларды көрүү талабы менен даттануу ниетинде.

Токтонасыровдун өзү саясий маселелер боюнча жалгыз акцияларды өткөрүп келгендиги менен белгилүү — ал өлкөдөн качкан мурунку президент Курманбек Бакиевди Минсктен алып келүү талабы менен ушундай эле акцияларды бир нече жолу өткөргөн.

Укуктардын бузулушу

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынан Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып көрүү кеңешин беришти.

Кызмат боюнча начальниктин орун басары Акылбек Бекишев Kloop.kgге акция өткөн жерде анын кызматкерлери болбогондугун, ошондуктан кайсыл милиционерлердин акция өткөрүүгө тоскоолдук кылгандыгын билбестигин айтты. Ал аларды кайгуул кызматынын өкүлдөрү болгон болушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Медиа Полис Институтунун» юристи  Алтынай Исаева милиция кызматкерлеринин аракеттери боюнча өз пикирин билдирди — анын айтымында, алар өз оюн эркин билдирүүгө болгон конституциялык укукту, сөз эркиндигин жана «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамды бузушкан.

«Тынчтык чогулушун өткөрүү маалында ИИБдин өкүлдөрүнүн акция катышуучуларынын же башка адамдардын сүрөткө жана видеого тартуусуна тоскоолдук кылуусуна тыюу салынат («Тынчтык чогулуштар жөнүндөгү» мыйзамдын 7-беренеси)», — деп билдирди ал жазуу түрүндө калтырган пикиринде.

Анын айтымында, тынчтык чогулушуна соттун уруксаты менен же согушту, зомбулукту, басмырлоо аракеттерин пропагандалаган, улуттук коопсуздукту бузуу чакырыктар сыяктуу коркунучтар бар болгон маалда чектөө киргизилет.

«Муниципалдык гезитти коргоп чыккан жалгыз адамдын пикетинде жогоруда айтылган коркунучтардын бирин да болбогондугу ачык эле көрүнүп турат. Деги эле жалгыз бир адамдын өткөргөн акциясы башка жарандардын коопсуздугуна кандай реалдуу коркунуч жаратышы мүмкүн эле?» — деди Исаева.