Тоо кен өнөр жай жана геологдордун ассоциациясынын мүчөлөрү эмне себептен «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын базасында биргелешкен ишкана түзбөө керектигин түшүндүрүштү.

Толук видео:

Тексттик хроника:

11:40 Асаналиев Тоо кен өнөр жайчылардын ассоциация «Кумтөрдүн» улутташтырылышын колдой тургандыгын билдирди.

«Улутташтыруу гана. Чиновниктерибиздин компенсация төлөп калабыз деп айтып жатканы — бул куру кыйкырык, анткени «Центерра» андайга барбайт. Алар долбоордун азыркы бойдон уланышын каалап жаткан чиновниктер. Анткени көпчүлүгү ошол долбоордун эсебинен жашап жатышат», — деди ал.

11:30 Асаналиев Кыргызстанда чет элдик менеджерлерди алмаштыра ала турган адистердин бар экендигин айтууда. «Центерра» менеджментти өзүлөрү тандашат. Бүгүн биз өз жаратылыш байлыктарбызга өзүбүз ээ эмеспиз», — деди ал.

11:20 Тоо инженери Гали Асаналиев «Кумтөрдөгү» менеджерлерди алмаштыруу зарылдыгы тууралуу билдирди. Ассоциация мүчөлөрүнүн пикирлеринде, кенди иштетүүдө техникалык негиздемелер болгон эмес.

Контекст:

«Кумтөр» — Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү ири компания. Ага канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылат, өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» дээрлик 33 пайыз акциясына ээ.

Кыргызстандын бийлиги учурдагы макулдашуулар менен макул эмес жана канадалыктар менен акциялардын үлүштөрү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүүгө жетишүү аракетинде. Ал ортодо парламент эгер «Центерра» менен макулдашууга мүмкүн болбосо компанияны улутташтырууга даяр экендиги тууралуу билдирди.