«Бир дүйнөнүн» башкы кеңсесинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү жүргүзгөндүктөрүн ырасташты. Азырынча УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө бербей эле.

«Бир дүйнөнүн» башкы кеңсесинен билдиришкендей, азырынча тинтүү иштеринин себептери белгисиз.

«Саат 16:20да тинтүү жүрүп жаткандыгы жөнүндө СМС билдирүү келди. Башка эч нерсе билбейбиз», — деп билдиришти уюмдан.

«Бир дүйнөнүн» Оштогу кеңсесинин башчысы Хусанбай Салиевдин айтымында, тинтүү иштери 20:10до аяктады. Укук коргоочулардын «иштеген ноутбуктарын, флешкарта жана дисктерин алып кетишкен».

Салиев тинтүү иштери соттун уруксаты менен жүргүзүлгөндүгүн айтты — бирок ал дагы деле ыкчам иш-чаралардын себептерин түшүнбөй эле. Айтымында, уруксатта «тыюу салынган материалдарды сактоо тууралуу бир нерсе» деп жазылган.

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, тинтүү иштери УКМК тарабынан экстремизмге шектелип жаткан чет элдик журналист Умар Фарухтун кармалышына байланыштуу болушу мүмкүн. Фарук интервью алуу үчүн укук коргоо уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» уюмунун Бишкектеги өкүлү Аида Байжуманованын айтымында, укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесин тинтүү УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

«Уюмдун кире беришинде УКМКнын төрт кызматкери турат, алар кеңсеге эч кимди киргизбей жатышат. Анда укук коргоочулар, жактоочулар бар», — деди Байжуманова.

Азырынча «Бир дүйнө» тинтүү иштерин америкалык журналист Фарухтун кармалышы менен байланыштырбай эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов укук коргоо уюмунун кеңсесиндеги тинтүү иштери тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтты.

Үйлөрдөгү тинтүү

Байжуманова тинтүү иштери ошондой эле уюмдун Оштогу башчысы Хусанбай Салиевдин үйүндө да жүргүзүлүп жаткандыгын айтууда.

«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» Оштогу кеңсесинин башчысы Хусанбай Салиев Kloop.kgге берген маегинде тинтүү иштери чынында эле УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Айтымында, атайын кызматтагылар кылмыш иштеринин материалдары менен кеңседеги жабдууларды алып кетишкен.

«Ошондой эле тинтүү иштери жактоочу Валерьян Вахитов менен менин үйүмдө да жүргүзүлүүдө. Биздин кылмыш иштерибиздин бардыгын аңтарып чыгышты, а андай кылганга болбойт. Биз кылмыш иштери боюнча жактоочуларбыз. Анда жүздөгөн жактоочулук иштер бар болчу, биз ошолор боюнча адамдарды жактачубуз», — деди ал.

Ал соттун тыюу салынган материалдар боюнча тинтүү жүргүзүүгө кантип уруксат бергендигин түшүнбөй жатканын билдирди — анын айтымында, Кыргызстандагы бир дагы сот кандайдыр бир материалдарга тыюу салган эмес.

«Бирок Кыргызстанда тыюу салынган материалдар боюнча бир дагы соттук чечим жок. Ошондуктан мага алар тараптан тыюу салынган материалдар жок болсо, соттун мындай уруксатты кантип берип жаткандыгы түшүнүксүз болууда. Эмнеге кеңсеге, жактоочунун үйүнө келип жатышат?» — деп суроо салды ал.

Салиев УКМКнын кызматкерлеринин бул аракеттери боюнча даттана тургандыгын айтты.

Умар Фаруктун кармалышы

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Фарук 2010-жылы Ош менен Жалал-Абадда орун алган улуттар аралык кагылышуулар жана Сириядагы согушка кетип жаткандар тууралуу материал даярдоо үчүн интервьюларды чогултуп жүргөн.

Саипов ал Ошко 15чи же 16-мартта келгендигин айтууда. Шейшемби күнү, 24-мартта Фарук, Саипов жана журналисттин кабарчысы болуп үчөө Кара-Сууга барып, жергиликтүү базар менен мечитте болушкан. Февраль айында андагы мечиттин имамы Рашат Камалов Кыргызстандын жарандарын Сириядагы согушка үгүттөөгө айыпталып камакка алынган болчу.

«Анан мен кайрадан тез аранын ичинде Ошко кетишим керек болчу, а Фарук менен котормочусу кимдир бирөө менен жолугушуу үчүн Кара-Сууда калышкан — ким менен экенин мен так билбейм. Шейшемби күнү кечинде биз кайра жолуктук, анан ал көйгөй бар экенин — анын артынан атайын кызматтагылар аңдып жүргөндүктөрүн айтты», — деп билдирди Саипов.

Саиповдун айтымында, Фарух 25-мартта Оштон Бишкекке учушу керек болчу, бирок ал күнү эртең менен аны Ички иштер министрлигинин 10чу башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармап, УКМКга өткөрүп беришкен.

«Анын жанынан кандайдыр бир материалдар табылган, азыр алар текшерилип жатат», — деди Саипов.

Ал Фарук ошондой эле интервью алуу үчүн «Бир дүйнө» уюмунун юристтери менен жолуккандыгын жана тинтүү иштери дал ушуга байланыштуу болушу ыктымалдыгын айтты. Саипов Фаруктун майып экенин жана ал балдак менен жүрүүгө аргасыз экенин белгиледи.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев журналист Умар Фаруктун кармалгандыгын ырастады. Айтымында, журналист ИИМдин 10чу башкы башкармалыгы тарабынан экстремизмге шектелип кармалган.

«Умар Фарук чынында эле кармалган, аны кармоо иштерин ИИМдин 10чу башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн. Анын жанынан экстремисттик мүнөзгө ээ адабияттарды табышкан. Ал шектүү материалдар алынды. Андан соң чогултулган маалыматтар УКМКга өткөрүлүп берилген», — деди ал.

Осмонбаев учурда журналист Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта экендигин кошумчалады. ИИМ өкүлүнүн айтымында, бул ишти иликтөө менен Улуттук коопсуздук кызматы алектенет.

Шохрух Саиповдун айтымында, сот Фарукка карата баш коргоо чарасын 28-мартта белгилейт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан америкалык мыйзамдарга ылайык, бул окуя боюнча түшүндүрмө бербей тургандыктарын билдиришти.

Умар Фаруктун жеке блогунда ал америкалык жана эл аралык басылмалардын штаттан сырткаркы кабарчысы болуп иштей тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал басылмалардын арасында «Аль-Джазира», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Уолл Стрит Джорнал» бар.