КТРКнын эфиринде көрсөтүлгөн сюжеттин автору террористтик «Ислам мамлекети» — «исламды жек көрсөтүү максатында түзүлгөн АКШнын долбоору» экендигин билдирген. Телеканалдын жетекчилиги бул үчүн расмий кечирим сурады.

«Ислам мамлекетинин» коркунучу тууралуу сюжет КТРКнын эфиринде 26-мартта көрсөтүлгөн. Материалдын кыргыз тилдүү версиясында журналист Жаннат Мажитова «Ислам мамлекетин» «бүткүл дүйнөгө бүлүк салып, исламды терс жагынан көрсөткөн америкалык долбоор» деп атаган.

Түп нускасында сүйлөм төмөндөгүдөй болгон: «Исламды жек көрсөтүп, дүйнө жүзүнө бүлүк салып жаткан америкалык ИГИЛ долбоорунун идеологиясына азгырылгандар токтой элек». Сюжеттин орус тилдүү версиясында «америкалык долбоор» тууралуу сөз болгон эмес жана автор тарабынан баа берилген пикир айтылган эмес.

Сюжеттин кыргыз тилиндеги версиясы 27-мартта КТРКнын YouTubeдагы каналынан өчүрүлдү. Текст коштолгон видеосюжет дагы телеканалдын сайтынан толугу менен алынды — материалдын шилтемесин басканда 2014-жылдын 5-июлунда жарыялангандыгы көрсөтүлгөн актай баракча ачылууда.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков твиттер-эккаунту аркылуу Мажитованын сюжети үчүн кечирим сурады. Айтымында, ал «өз журналистинин сабатсыздыгын мойунга алып, расмий кечирим суроого аргасыз».

Ошондой эле ал эфирде расмий кечирим суралып, кызматкерлерге карата тартипке чакыруу чарасы көрүлө тургандыгын убадалады.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү Турат Макенбаев Kloop.kgге КТРК жол берилген катаны оңдоп, алардан кечирим сурагандыгын айтты.

«КТРКнын жетекчилиги катаны оңдоп, чараларды көрдү. Бүгүн жаңылыктарда ал катаны оңдоп, кечирим сурашты. Жол берилген катачылыкты оңдоодо профессионалдуулугун көрсөткөндүгү үчүн КТРКнын жетекчилигине ыраазыбыз», — деди Макенбаев.

«Ирак менен Левантанын ислам мамлекети» — бул «Аль-Каиданын» Ирактагы бөлүмү башында турган 11 террористтик уюмдун биригүүсүнөн улам 2006-жылы негизделген уюм. Ал Кыргызстанда 2015-жылдын мартында террористтик уюм деп табылган.

Уюм согушкерлери Ирактын аймагына кирип барышып, өкмөттүк аскерлерди кыйратуу менен дээрлик Багдадга чейин жетип барган 2014-жылдын жайында кеңири белгилүүлүккө жеткен. Дүйнөлүк маалымат каражаттары 2014-жылдын жайынан бери уюмдун согушкерлеринин катарын Европа, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Орусия, АКШ жана Жапониянын миңдеген жарандары толукташкандыгын билдиришүүдө.

Кыргыз атайын кызматынын маалыматы боюнча, «Ислам мамлекети» тарапта 150дөн ашык Кыргызстандын жараны согушуп жатат.