«Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму атайын кызматтагылар тарабынан уюмдун Оштогу кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштери мыйзамсыз экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 27-март күнү кечинде «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.

IMG_0261

УКМК кызматкерлери жактоочулар жүргүзүп жаткан кылмыш иштери боюнча материалдарды, уюмдун флеш-карта, дисктер жана компьютерлер сыяктуу жабдууларын алып кетишкен.

IMG_0260

Атайын кызматтагылар уюм «экстремисттик материалдарды» сактоого шектелип жаткандыгын билдиришип, тинтүү иштерин «экстремизмге» шектелген америкалык журналист Умар Фаруктун кармалышы менен байланыштырышты.

Укук коргоочулардын өзүлөрү тинтүү иштери мыйзамсыз жана күбөлөр жок жүргүзүлгөндүгүн билдиришти — алар Кыргызстанда бир дагы сот кандайдыр бир материалды эч качан «экстремисттик» деп тааныбагандыгына карабастан соттун «тыюу салынган материалдарды» издөөгө уруксат бергендигине нааразы.

IMG_0259

Уюм тинтүүнү укук коргоочулар менен жактооочуларга карата бийликтин басымы катары баалоодо. «Бир дүйнө» өз пресс-релизинде тинтүү маалында УКМК тараптан «одоно мыйзам бузуулар» болгондугу тууралуу жазды.

IMG_0258

Уюмдун өкүлүнүн айтымында, атайын кызматтагылар алардын юристтеринин «жактоочулук ишмердүүлүктөрүнө тоскоолдук кылышып», алардын ишмердүүлүктөрүнө «кийлигишишкен». Анын пикиринде, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Тинтүү иштери «Бир дүйнөнүн» Оштогу кеңсесинде гана эмес, уюмдун юристтери — Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитовдун үйлөрүндө да жүргүзүлгөн.

IMG_0257

Салиев Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын кызматкерлери анын иштеген ноутбугун, флэш-карталарын, дисктерин жана жүздөгөн жактоочулук иштери боюнча материалдарды алып кетишкендигин билдирди.

IMG_0256

Өз кезегинде УКМК тинтүү иштерин «Бир дүйнөнүн» юристтери «экстремизмге» шектелип жаткан америкалык журналист Умар Фарук менен карым-катнашта болушкандыгы менен түшүндүрдү.

Өз кезегинде Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саипов Фарук 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылыштын кесепеттерин чагылдырып, террористтик «Ислам мамлекети» уюмунун өлкөгө тийгизген коркунучу тууралуу жазып келгендигин айтты.

IMG_0263

Фаруктун өзү майып жана балдак менен жүрөт. Ички иштер министрлигинен анын кармалгандыгын ырасташып, ал иш боюнча тергөө иштерин УКМК жүргүзө тургандыгын айтышты.

IMG_0244

Учурда журналист убактылуу кармоочу жайда камакта. Ага карата баш коргоо чарасы 28-мартта белгилениши керек.