Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлгөндүгүн ырастады. Мекеменин билдирүүсү боюнча, тинтүү иштери «экстремизмге» шектелген америкалык журналисттин кармалышына байланыштуу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) маалыматы боюнча, америкалык журналист Умар Фарук 25-мартта кармалган.

«[Фарукту] текшерүүнүн жүрүшүндө жакында эле «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун лидерине жана террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишинин тергөө документтеринин көчүрмөлөрү табылган», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Фаруктун жанынан «диний-экстремисттик, террористтик мүнөздөгү видеоматериалдар» жана «жихад менен диний аралык кастыкка чакырыктарды» камтыган DVD-дисктер табылган.

Атайын кызматтагылар америкалык журналист маалымат топтоо менен «аккредитациясыз» алектенип жүргөндүгүн билдиришти. Өз кезегинде Кыргызстандын Конституциясы өлкө аймагындагыларга маалымат издөө, алуу, сактоо жана таратуу укуктарын кепилдейт.

Укук коргоочу «Бир дүйнө» уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Кеңсенин башчысы Хусанбай Салиевдин айтымында, тинтүү иштери ошондой эле анын үйүндө жана уюмдун юристтеринин бири Валерьян Вахитовдун үйүндө өткөрүлгөн.

Салиев Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын кызматкерлери «иштеген ноутбуктарын, флешкарта жана дисктерди», «ошондой эле жүздөгөн кылмыш иштери боюнча материалдарды алып кетишкендигин» билдирди.

«Ошондой эле тинтүү иштери жактоочу Валерьян Вахитов менен менин үйүмдө да жүргүзүлүүдө. Биздин кылмыш иштерибиздин бардыгын аңтарып чыгышты, а андай кылганга болбойт. Биз кылмыш иштери боюнча жактоочуларбыз. Анда жүздөгөн жактоочулук иштер бар болчу, биз ошолор боюнча адамдарды жактачубуз», — деди ал.

Ал соттун «тыюу салынган материалдар» боюнча тинтүү жүргүзүүгө кантип уруксат бергендигин түшүнбөй жатканын билдирди — анын айтымында, Кыргызстандагы бир дагы сот кандайдыр бир материалдарга тыюу салган эмес.

«Бирок Кыргызстанда тыюу салынган материалдар боюнча бир дагы соттук чечим жок. Ошондуктан мага алар тараптан тыюу салынган материалдар жок болсо, соттун мындай уруксатты кантип берип жаткандыгы түшүнүксүз болууда. Эмнеге кеңсеге, жактоочунун үйүнө келип жатышат?» — деп суроо салды ал.

Умар Фарук

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Фарук Умар АКШнын жараны болуп эсептелет жана Кыргызстанга 2010-жылы Ош менен Жалал-Абадда орун алган улуттар аралык кагылышуулар, ошондой эле Сириядагы согушка кетип жаткандар тууралуу материал даярдоо үчүн интервьюларды чогултууга келген.

Саипов ал Ошко 15чи же 16-мартта келгендигин айтууда. Шейшемби күнү, 24-мартта Фарук, Саипов жана журналисттин кабарчысы болуп үчөө Кара-Сууга барып, жергиликтүү базар менен мечитте болушкан. Февраль айында андагы мечиттин имамы Рашат Камалов Кыргызстандын жарандарын Сириядагы согушка үгүттөөгө айыпталып камакка алынган болчу.

«Анан мен кайрадан тез аранын ичинде Ошко кетишим керек болчу, а Фарук менен котормочусу кимдир бирөө менен жолугушуу үчүн Кара-Сууда калышкан — ким менен экенин мен так билбейм. Шейшемби күнү кечинде биз кайра жолуктук, анан ал көйгөй бар экенин — анын артынан атайын кызматтагылар аңдып жүргөндүктөрүн айтты», — деп билдирди Саипов.

Саиповдун айтымында, Фарух 25-мартта Оштон Бишкекке учушу керек болчу, бирок ал күнү эртең менен аны Ички иштер министрлигинин 10чу башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармап, УКМКга өткөрүп беришкен.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде Фаруктун милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын ырастады. ИИМ өкүлүнүн айтымында, журналист «экстремизмге» шектелген жана ал кармалганда жанынан «экстремисттик адабият» табылган.

Саиповдун айтымында, Фарук майып жана балдак менен жүрөт. Kloop.kgнин Фарук менен тааныш кабарчылары да анын айткандарын ырасташууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан америкалык мыйзамдарга ылайык, бул окуя боюнча түшүндүрмө бербей тургандыктарын билдиришти.

Умар Фаруктун жеке блогунда ал америкалык жана эл аралык басылмалардын штаттан сырткаркы кабарчысы болуп иштей тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал басылмалардын арасында «Аль-Джазира», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Уолл Стрит Джорнал» бар.