Америкалык журналист Умар Фарук «Твиттер» сервисиндеги баракчасына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны бошоткондугун жана ал «үйүнө кетип бара жатканын» жазды. Ал атайын кызматтагылар тарабынан «экстремисттик ишмердүүлүккө» шектелип жаткан.

Фарук аны 28-март күнү  ― кармалгандан үч күн өткөн соң бошоткондуктарын билдирди.

«Менин Ошто камалуум бүттү. Кыргызстандын бийлиги айып тагышкан жок, эми мен үйдү көздөй жөнөдүм», ― деп жазган Фарук «Твиттер» кичиблог сервисиндеги баракчасына.

Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саипов Фаруктун бошотулгандыгын жана ал Оштон Бишкекке учуп жаткандыгын ырастады. Анын айтымында, Фарук андан ары өлкөдөн чыгып кетет.

Фарук 25-мартта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматтары боюнча, анын жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерлери менен «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» карата козголгон кылмыш иштеринин материалдары табылган.

«Ошондой эле [Фаруктун жанынан] диний-экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ, «жихадка» жана диндер аралык кастыкка үгүттөгөн видеоматериалдарды камтыган DVD-дисктер алынды», ― деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш жана Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.

Фарук штаттан сырткаркы кабарчы болуп эсептелет жана «Уолл Стрит Джорнал», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Аль-Джазира» сыяктуу америкалык жана эл аралык басылмалар үчүн макалаларды жазат.

«Бир дүйнөдөгү» тинтүүлөр

Америкалык журналисттин кармалышына байланыштуу атайын кызматтагылар 27-мартта кыргызстандык «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Мекеменин басма сөз кызматы Фаруктун жанынан табылган тергөө документтеринин көчүрмөлөрүн чет элдик журналистке юристтер Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитов бергендигин билдирди ― укук коргоо уюмунун кеңсеси менен жактоочулардын үйлөрүндө тинтүү иштерин жүргүзүүгө ушул себеп болгон.

Алар тинтүүнүн жүрүшүндө «диний мазмундагы» флешкалар, DVD-дисктер, баракчалар жана китепчелер табылып, алынгандыгын белгилешүүдө. Жактоочулардын өзүлөрү УКМКнын кызматкерлери иштеп жаткан ноутбуктарды жана Салиев менен Вахитов алектенип жаткан кылмыш иштери боюнча «жүздөгөн кылмыш иштерин» алып кеткендиктерин айтып жатышат.

«Бир дүйнөнүн» кеңсеси менен жактоочулардын үйлөрүндөгү тинтүү иштери Кыргызстандын жактоочулар кеңешинин нааразычылыгын жаратты. Кеңеш атайын кызматтагылардын ал аракеттерин «мыйзамсыз» жана «жактоочулардын кол тийбестиги менен жактоочулук ишмердүүлүктүн көз карандысыздыгын бузуу» деп атады.

Салиев менен Вахитов Башкы прокуратурага доо арыз жазып, «Жактоочулук жана жактоочулук ишмердүүлүк жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыктары үчүн УКМКнын кызматкерлерине карата «катуу чараларды көрүүнү» талап кылышты, а Жактоочулар кеңеши көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышына жетишүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди.