Жактоочулар кеңешинин мүчөсү Нурбек Токтакунов «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсеси менен анын юристтеринин үйлөрүн тинтүү маалында УКМК кызматкерлери жактоочунун кол тийбестигин бузгандыктарын билдирди.
Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери жактоочулар Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитовдун үйлөрүндө тинтүү жүргүзүү менен «жакшы эмес прецедент» түзгөндүктөрүн билдирди.
Салиев менен Вахитовдун үйлөрүндө, ошондой эле «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинде тинтүү иштери 27-март күнү кечинде жүргүзүлгөн. Жактоочулардын айтымдарында, тинтүүнүн жүрүшүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана алар иштеп жаткан кылмыш иштеринин материалдары алынган.
«Албетте, биз нааразыбыз. […] [Жактоочуларга карата] кандай гана аракет болбосун: документтерди суратып алуу, текшерүү, көчүрүү жана конкреттүү бир кылмыш иши боюнча юридикалык жардамга байланышкан маалыматтарды чогултуп, аларды пайдалануу ― мунун бардыгына жактоочу айыпталуучу катары жоопко тартылып жаткан учурда гана жол берилет. А аларды айыпталуучу катары жоопко тартууга башкы прокурор, же анын орун басары тарабынан кылмыш иши козголгондон кийин гана болот», ― деди ал.
Салиев менен Вахитовдун өзүлөрүнүн айтымдарында, аларга карата эч кандай айыптоолор тагылган эмес, а тинтүү иштери «экстремизмге» айыпталып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка каршы козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн.
Токтакуновдун айтымында, атайын кызматтагылар жактоочулук ишмердүүлүктүн көз карандысыздыгы менен жактоочулардын өзүлөрүнүн кол тийбестигин бузушкан.
«Мен бул тинтүүлөрдү реакциялардын процессинин уландысы катары баалап жатам. Алгач бейөкмөт уюмдарга карата чабуулдар ― «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алууга даярдоо иштери толук кандуу жүрүүдө, эми жактоочулук ишмердүүлүктү чектөө. Жактоочуларды ордуна койгон процесстер башталууда ― буга чейин аларга, жок дегенде жактоочуларга тийишчү эмес да», ― деп эсептейт Токтакунов.
Салиев менен Вахитов үйлөрүндөгү тинтүү иштерин Кылмыш-процессуалдык кодекси менен «Жактоочулук жана жактоочулардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамды бузуу деп аташып, 28-мартта Башкы прокуратурага доо арыз жазышты.
Токтакунов башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кабылдамасына жеке өзү доо арыз таштагандыгын айтууда. Ал Жолдубаеванын өзү «арызды кабыл алууну зарыл деп эсептебегендигин» кошумчалады.
«Мен муну башкы прокурордун ыйгарым укуктарына кирген, мурун болбогон учур деп эсептейм ― мекеменин башчысы бул олуттуу ишке өзү реакция жасашы керек. Качандыр бир кезде ага да жактоочу керек болуп калышы мүмкүн ― бул жөнүндө ал бир аз унутуп жатат», ― деди Токтакунов.
Жактоочулар кеңешинин 28-март күнү эртең менен чыгарылган пресс-релизинде жактоочулардын кол тийбестиги менен көз карандысыздыгынан сырткары УКМКнын кызматкерлери Салиев менен Вахитов иштеп жаткан кылмыш иштери боюнча документтерди текшерүү менен «жактоочулук сырды» бузушкандыгы жазылган.
Жактоочулар кеңеши Салиев менен Вахитовдун доо арыздарынын каралышына жетишүүгө аракет кылат жана жактоочулардын кол тийбестигин бузгандыктары үчүн УКМКнын кызматкерлерине карата мыйзамда каралган «катуу чараларды көрүүгө» чакырат.
«Бир дүйнөдөгү» тинтүүлөр
Салиев менен Вахитов башкы прокурор Индира Жолдубаевага жазган доо арызда Ош шаардык сотунун тинтүүгө берген уруксатына ылайык, алар Фарукка «жалданмачылыкка», «курал сактап сатууга» жана «каракчылыкка» айыпталып жаткан И. Салибаев менен А. Юсуповдун айыпталуучу катары жоопко тартылышы тууралуу токтомду жана өз визиттик карталарын беришкен.
Андан сырткары жактоочулар атайын кызматтагылар тарабынан диний экстремизмге жана «Сирияга адамдарды жөнөтүүгө» айыпталып жаткан Кара-Суу районундагы мечиттин мурунку имамы Рашод Камаловдун билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлгөн теологиялык экспертизанын жыйынтыктарынын көчүрмөсүн беришкен имиш.
«Бирок теологиялык экспертизанын корутундусунун мазмуну милиция органдарынын басма сөз кызматтары тарабынан биз жактоого алган адамдын жазыксыздык жоромол принцибин бузуу менен ЖМКларга жарыяланган. Көрсөтүлгөн иштер боюнча биз болжолдуу тергөөнүн материалдарын ачыкка чыгарбоо тууралуу колкат берген эмеспиз», ― деп жазылган Вахитов менен Салиевдин доо арызда.
Жактоочулар арызда УКМКнын аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип, тинтүү учурунда алынган буюмдар менен тергөө иштерине байланыштуу болгон материалдарды кайтарып берүүнү жана «жактоочулук кол тийбестиктин бузулгандыгы үчүн чараларды көрүүнү» өтүнүшкөн.
Умар Фарук
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Бир дүйнөнүн» Оштогу кеңсеси менен анын юристтеринин үйлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштери америкалык журналист Умар Фаруктун кармалышына байланыштуу болгондугун билдирди.
Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, Фарук «экстремизмге» шектелүүдө. Аны кармоо маалында жанынан «Хизб-ут-Тахрирдин» лидерине жана «террористтик топтордун белгилүү бир мүчөлөрүнө» каршы козголгон кылмыш ишинин материалдарын табышкан.
«Ошондой эле [Фаруктун жанынан] диний-экстремисттик жана террористтик мүнөзгө ээ, «жихадка» жана диндер аралык кастыкка үгүттөгөн видеоматериалдарды камтыган DVD-дисктер алынды», ― деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.
Мекеменин басма сөз кызматы алынган тергөө документтеринин көчүрмөлөрүн америкалык журналистке Салиев менен Вахитов бергендигин билдирүүдө ― бул «Бир дүйнө» укук коргоо уюмунун кеңсеси менен жактоочулардын үйүндө тинтүү жүргүзүүгө себеп болгон.
Алар тинтүү иштеринин жүрүшүндө «диний мазмундагы» флешкалар, DVD-дисктер, баракчалар жана китепчелер табылгандыгын белгилешүүдө. Мекеменин билдирүүсүндө иштеп жаткан ноутбуктар жана кылмыш иштери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
Жактоочулардын доо арызы жана жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин «мыйзамсыздыгы» жөнүндөгү айыптоолор боюнча түшүндүрмө алууга УКМКнын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.
Kloop.kgнин Оштогу кабарчысы Шохрух Саиповдун айтымында, Умар Фарук түштүк борборго 15-16-мартта келип, 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыш жана Сирияга согушка кетип жаткан адамдар тууралуу макалалар үчүн маалымат топтоо менен алектенип жүргөн.
Умар Фаруктун жеке блогунда ал америкалык жана эл аралык басылмалардын штаттан сырткаркы кабарчысы болуп иштей тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал басылмалардын арасында «Аль-Джазира», «Лос-Анджелес Таймс» жана «Уолл Стрит Джорнал» бар.