Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Дастан Догоев кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоодо көйгөйлөрдүн бар экенин мойнуна алды. Ал азырынча маалыматтык базаны коргоодо жыйынтыктардын жоктугун билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын топтоодо жана аларды сактоодо көйгөйлөрдүн бар экендигин мойунга алууда. Бул тууралуу кызматтын башчысынын орун басары Дастан Догоев бийлик өкүлдөрү менен эксперттердин 26-марттагы бейформал жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.

Догоевдин сөзү жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо, коргоо жана пайдалануу механизмин киргизүүдө Мамкаттоо кызматы дуушар болуп жаткан каталар менен көйгөйлөргө арналган.

Мамкаттоо кызматы билдирген башкы көйгөйлөр:

  • мыйзамдагы карама-каршылык;

Догоев Мамлекеттик каттоо кызматы юридикалык мүнөздөгү көйгөйлөргө дуушар болуп жатканын билдирди. Бирок ал кайсыл көйгөйлөр экенин так айткан жок, болгону «алар тууралуу кабарланган» деп гана айтты.

  • маалыматтарды коргоо механизмдерин стандартташтыруудагы көйгөйлөр;

«Азыр бул маалыматтар мамлекеттик борбордун электрондук башкаруу ишин аракетке келтирүүнүн алкагында каралып жатат, бирок азырынча бул багытта реалдуу жыйынтыктар жок», — деди ал.

Догоев бул көйгөйдү чечүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

  • дактилоскопия боюнча адистер жок;

Каттоо кызматынын башчысынын орун басары дактилоскопия боюнча адистердин жоктугунан улам ИИМдин криминалистика борборунун кызматкерлеринин арасында биометрикалык маалыматтар менен иштөө боюнча окутуулар өткөрүлгөндүгүн билдирди.

  • техникалык адистердин жетишсиздиги;

Догоев биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча техникалык адистердин санынын жетишсиздигинен улам жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен министрликтин кызматкерлерин окутуу жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Биз ал адамдарга таасир этүүчү активдүү рычагдарга ээ эмеспиз, бирок аларды Административдик жана Кылмыш кодекстерине ылайык жоопкерчиликке тарта алабыз», — деди ал.

  • убакыт менен ресурстардын жетишсиздиги;

«Бизге кызматкерлерибиздин дараметин күчөтүп, башкаруу системасын алмаштырып, маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын киргизүүгө туура келип жаткандыгы фактысын констатациялоого туура келүүдө», — деди Мамкаттоо кызматынын башчысынын орун басары.

  • Мамлеттик каттоо кызматындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйбанын жетишсиздиги;

«Азыркы тапта биздин кызмат тарабынан маалымат коопсуздугу боюнча атайын топ — жетекчилик көрсөтмөлөр бар документтерибизди тартипке келтире турган комитет түзүлдү», — деди Догоев

Ал «Интернет саясат боюнча жарандык демилге» коомунун сунушу боюнча биометрикалык маалыматтарды топтоо долбоору аяктагандан кийин маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча көз карандысыз IT-аудит жүргүзүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Юридикалык маселелер

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтарды мажбурлап топтоого каршы экенин жана алардын атайын кызматтагыларга жеткиликтүү экендигине кабатырланып жаткандыгын билдирди.

«Биринчиден, биз муну адамды сыйлабастык деп эсептейбиз. Бул тармакта биздин маалыматтарыбыздын корголуу экендигине байланышкан көйгөйлөр көп. […] Биз УКМКнын — ролу көбүрөөк билүүдө, кийлигишүүдө болгон атайын кызмат экенин түшүнөбүз», — деди юрист.

Токтакунов шайлоо учурларында «жакшы программисттер» биометрикалык маалыматтарды «алдамчылыктар» үчүн пайдаланышы мүмкүн деп эсептейт: «Мындай шарттарда андай чоң тизме кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүгө эмес, а кылмыштуулуктун күчөшүнө алып келет».

«Интернет саясат боюнча жарандык демилге» коомунун юристи Ирина Байкулова калк арасында жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү маалымдуулуктун жоктугуна кабатыр.

«Жеке биометрикалык маалыматтар мындан да катуу корголушу керек болгон сезгич маалыматтардын атайын категориясы болуп эсептелет», — деди ал.

Ал Кыргызстандын мыйзамдарында биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар үчүн жазаларды аныктай турган нормалардын жок экенин кошумчалады.

«Азырынча биздин репрессиялар тууралуу билбегендигибиз кызык учур. Биз Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоордун бар экенин билебиз. Балким анда милиция кызматкерлери жарандарды токтотуп, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандыктару тууралуу маалымкат талап кыла алгыдай жана эгер андай маалымкат жок болсо айып пул төлөтүү каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жаткандыр», — деди ал.

Автор: Азат Рузиев

Аудио: Тилек Бейшеналиев