29-мартта Kloop.kgнин окурманы Айзат Шакиева Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда тартылган видео жөнөттү. Анын айтымында, кардуу бороон менен тайгактан улам анда 300гө жакын унаа тыгында турат.

Шакиева Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде унаа тыгында дээрлик төрт саат туруп, андан соң кайра Бишкекке кайтып келүүгө аргасыз болгондугун айтты. Ал кеминде тыгында 300гө жакын унаа тургандыгын кошумчалады.

«Тайгактан улам көптөгөн унаалар туруп калды. Биздин айдоочу көбүндө жайкы дөңгөлөктөр экенин айтты. Кар менен шамал күчөп баратат. Мен көргөндөн он унаа бири-бири менен сүзүштү», — деди ал.

Бишкек-Ош унаа жолундагы кардуу бороон аба ырайынын +10 градустан -2 градуска чейин кескин төмөндөшүнө байланыштуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба-ырайынын өзгөрө тургандыгы жөнүндө 27-мартта билдирген.

«2015-жылдын 29-мартынан 30-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100- чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдары, (Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот», — деп билдирген ӨКМ.