Опера жана балет театрынын мурунку директору Тимур Саламатов кызматтан алынышынын мыйзамдуулугунан күмөн саноодо. Ал кызматынан маданий жайдын сахнасында уюштурулган отуруштан кийин алынган.

Саламатов театрдын сахнасындагы отурушту кызматтан алууга болгон «мыйзамдуу» себеп деп эсептебейт. Ал кызматынан 26-мартта, театрдын сахнасында ишкерлер кесиптешинин туулган күнүн белгилегенден кийин алынган.

«Юридикалык жактан алганда мен эч кандай мыйзам бузуу жасаган жокмун, а моралдык жагы — бул моралдык жагы», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Саламатов отуруштун уюштуруучулары 20 миң АКШ доллары өчөмүндө компенсация төлөгөндүктөрүн билдирди. Айтымында, ал акчалар Опера жана балет театрынын бюджетине түшкөн.

«Ошентип, мен өзүмдүн кетүүм менен театрга дагы 1,2 млн. сом иштеп таптым», — деп билдирди театрдын мурунку директору.

Саламатов театр имаратын ижарага берүүдөн «жаман» нерсе көрбөй жатканын кошумчалады — анын айтымында, мындай ыкма Европанын театрларында пайдаланылып келет.

Ал каражаттын жетишсиздигинен улам имараттын бөлмөлөрүн ижарага берүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен буга чейин Маданият министрлигине кайрылгандыгын, бирок анын сунушу четке кагылгандыгын айтты.

Макала жарыяланып жаткан учурга карата өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты.

Опера жана балет театрынын сахнасында уюштурулган отурушта тартылган сүрөттөр «Вечерний Бишкектин» сайтына 23-мартта жарыяланган — алгач басылма салтанатка Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катышкандыгын жазган.

Бирок депутаттар ал жакта болбогондуктарын жана отуруштун уюштуруучуларын айыптай тургандыктарын билдиришкен. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ачык кат менен кайрылып, театрдын жетекчилигинин ээлеген ордуна татыктуулугун карап чыгууну сунуштаган.

Оторбаев банкетти уюштурууга жооптуу адамдарды табууну тапшырып, 26-мартта театр директору Тимур Саламатовду кызматынан кетирген.

Банкеттин сүрөттөрү Интернет колдонуучулардын арасында көптөгөн кыжырданууларды жараткан. Алар «искусствонун ыйык сахнасында отуруш өткөрүлгөндүгүнө» нааразы болушкан. Өз пикирлерин калтыргандардын көпчүлүгү банкетти «бузуку» көрүнүш катары эсептешкен.

Саламатовдун өзү Kloop.kgге окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусун көрбөгөндүгүн айтты.

Автор: Никита Серов