Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин бажы мыйзамдары 2017-жылдын 1-январынан тарта иштей баштай тургандыгын билдирди.

Кыргыз бажы кодекси 2017-жылдын 1-январына чейин иштейт — бул тууралуу Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын орун басары Мукай Кадыркулов курамына жеткирип берүүчүлөр менен жүк ташуучулар кирген Консултациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) киргенден кийин бажы салыктары менен техникалык жөнгө салуу эрежелери өзгөрө тургандыгын билдирди — айтымында, алар «катаалдаштырылат».

Кыргызстан Бажы салыктары жана техникалык жөнгө салуулар жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган — өзгөртүүлөргө ылайык, ал нормалар ББнын мыйзамдарына ылайыкташтырылууда. Бажы салыктары ББнын Бирдиктүү бажы тарифтери менен аныкталат.

Тема боюнча: Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: техникалык кароо кайтып келип, бажы салыктары өзгөрөт

Кадыркулов 2015-жылдын 1-апрелинде кыргыз делегациясы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык жана Бажы биримдиктеринин (ЕАЭБ жана ББ) толук кандуу мүчөсү болушу үчүн зарыл болгон протоколдор боюнча акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага учуп кете тургандыгын кошумчалады.

Көзөмөл өткөрмө пункттарын жабдуу

Бажы кызматынын башчысынын орун басары Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арадагы көзөмөл өткөрмө пункттарын (жалпысынан 20 өткөрмө пункт) жабдуу үчүн Кыргызстанга эки жыл убакыт бергендиктерин айтты. Бир чек ара өткөрмө пунктун жабдууга орточо эсеп менен 115 млн. АКШ доллары керектелет.

«[ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен] сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз алгачкы убакытта [Кыргызстан] биринчи кезектеги нерселерди гана алабыз деген түшүнүшүүгө келдик. Алсак, азыр биз көчмө көзөмөлдөө жабдууларына канааттануудабыз», — деди ал.

Кадыркулов биринчи кезекте «бажы салыктары алынып жаткан товарлардын 90 пайызы» өтө турган кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам өтмөктөрүнө жабдуулар орнотулуп, жаңылана тургандыгын белгиледи.

Орусия менен Казакстан мамлекеттик чек араларды бекемдеп, көзөмөл өткөрмө пункттарды жабдуусу үчүн Кыргызстанга 160 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Кадыркулов ЕАЭБдин ичинде маалымат алмашуу үчүн бардык чек ара пункттарында маалыматтык система орнотула тургандыгын кошумчалады. Ал системанын болжолдонгон баасы — 3-4 миллион АКШ долларын түзөт.

Жол-жоболордун өзгөрүшү жана бажы чек араларынын жоюлушу

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары 2015-жылдын 9-майынан тарта (Кыргызстан ЕАЭБ менен ББнын толук кандуу мүчөсү боло турган болжолдуу дата) Казакстан менен болгон бажы чек арасы жоюла тургандыгын, бирок чек ара көзөмөлү сакталып каларын билдирди.

«Азыр Казакстан менен болгон бажы чек арасын жоюу боюнча жигердүү иштер жүрүүдө. Казак бийлиги алгач алар бажы салыктарын жогорулатып, андан кийин гана чек араларды ала тургандыктарын айтып каршы болууда», — деди Кадыркулов.

Кадыркуловдун айтымында, Казакстан үчүн башкы коркунуч автоунаалар болуп эсептелет.

«Бирок казактар өз аймагына Кыргызстанга 2014-жылдын 1-январына чейин алынып келинген унааларды өткөрүүгө макул болушту. Эгер кийинчерээк алынып келинген унаалар болсо, анда алар Казакстанга кошумча акча төлөнгөн соң өткөрүлөт», — деп билдирди Кадыркулов.

Ал бажы чек аралары жоюлгандан кийин жеткирип берүүчүлөр менен жүк ташуучулар үчүн «бажычыларга баруу керек болбой каларын» айтты.

«Өз ара соода жүргүзүүдөгү [ташуулар үчүн] бажы көзөмөлү алынгандан кийин — силердин бажычыларга барууңар керек болбойт», — деп кошумчалады Бажы кызматынын башчысынын орун басары.

Анын айтымында, үчүнчү өлкөлөрдөн, алсак, Кытай же Түркиядан товарларды импорттоодогу бажы жол-жоболору өзгөрбөйт.

ЕАЭБ жана ББ

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Белоруссия тарабынан негизделген интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан бери биримдикке Кыргызстан менен Армения кирген.

ЕАЭБдин бажы биримдиги — бул аталган өлкөлөрдүн бирдиктүү бажы аймагы.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши тууралуу макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. Үч жылдан кийин, 2014-жылдын майында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кириши боюнча Жол картасын жактырышкан.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы жана Еврациялык экономикалык биримдиктерге карай кантип барды?

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, андагы өлкө башчылары менен жолугуп, бизнес-форумдарга катышып жатат. Анда ал европалык ишкерлерге Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» болуп бериши мүмкүндүгүн айтып, аларды өлкөгө инвестиция салууга чакырды.