Кытайдын Каржы министрлиги Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкын түзүүгө катышуу тууралуу Кыргызстандын билдирмесин кабыл алды, деп билдирди Кытайдын мамлекеттик «Синьхуа» маалымат агенттиги. Дүйнөлүк банкка альтернатива түзүүгө азыр 30 өлкө кошулду.

Кыргызстан 2015-жылдын 24-мартынан баштап Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкынын (ИИАБ) түзүүчүлөрүнүн бири болуу каалоосу тууралуу билдирген  — өкмөт менен долбоорго катышкан өлкөлөр өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев меморандумдун долбоорун жактыруу тууралуу буйрукка кол койду.

Кытай мамлекеттик «Синьхуа» маалымат агенттиги Кытайдын Каржы министрлиги Кыргызстандын ИИАБды түзүүгө катышуу боюнча билдирмесин кабыл алгандыгын билдирди.

«Расмий веб-сайтта жазылгандай, эгер долбоордун башка катышуучулары Кыргызстандын билдирмесин жактыра турган болушса, өлкө 9-апрелден баштап [ИИАБдин] түзүүчүсү болуп калышы мүмкүн», — деп жазды «Синьхуа».

Басылма Кытайдын Каржы министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИИАБди түзүүгө катышуу чечими өткөн жумада жактырылгандыгын кошумчалаган.

Инфраструктуралык инвестициялар боюнча Азия банкы — 2013-жылдын октябрында Кытай тарабынан түзүү сунушталган эл аралык каржы институту.

Расмий маалыматтар боюнча, ИИАБды түзүүгө азыр 30 өлкө кошулган. Алардын арасында Орусия, Улуу Британия, Сингапур, Малайзия, Индия, Швейцария, ошондой эле Кыргызстандын коңшулары — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар.

ИИАБдин баштапкы капиталы — 50 миллиард доллар, анын көпчүлүк бөлүгүн Кытай көтөрөт.

Банк Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюталар коруна альтернатива катары кабыл алынууда. АКШ, Жапония жана Европанын бир катар өлкөлөрү ИИАБны түзүүгө катышуудан баш тартышкан.

Кытайдын каржы министри Лоу Цзивей 2014-жылдын апрелинде ИИАБдын ишмердүүлүгү Азиядагы инфраструктуралык курулуштарга багыттала тургандыгын билдирген.

«Банк мамлекеттер аралык уюмга караганда коммерциялык уюмга жакыныраак болот», — деп билдирген анда Цзивей.

Банкты түзүүнү 2015-жылдын аягына карата аяктоо пландалууда.

Сүрөттө: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытай лидери Си Цзиньпинь.