Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери оор маңзатын ташып өтүүчү эл аралык канал уюштургандыгы үчүн үч чет өлкөлүк жаранды кармашты. Атайын кызматтагылар алардын жанынан 125 килограмм оор маңзатын табышкан.

Кармоо иштери 28-мартта жүргүзүлгөн — УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адамдар «Түркия-Иран-Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Бельгия» каттамы боюнча маңзатын ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан.

«УКМКнын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн автоунаанын чиркегичин текшерүүдө эки түптүү жашыруун орун табылган. Ал жактан жупжука жылтырак металлга оролгон 500-550 граммдык 240 даана ором маңзаты табылган. Алардын жалпы салмагы 125 килограммды түзөт», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, табылган маңзаты боз-күрөң түскө жана «уксус ангидриддин» өзгөчө бир жытына ээ.

«Болжолдуу түрдө «героин» маңзаты болуп эсептелет. Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 204чү («Аткезчилик») жана 247чи («Маңзатын мыйзамсыз сатуу») беренелери менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Кармалган чет элдик жарандар УКМКнын тергөө абагына камалышты.