Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш-сапары менен Европа өлкөлөрүндө жүрөт. Брюсселде ал журналисттер, эксперттер жана эл аралык дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор, 2010-жылдын апрелинде Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүү жана украин каатчылыгына болгон көз карашы тууралуу айтып берди.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор тууралуу
Ооба, биз өнүгүүнүн парламенттик жолун тандап алды, анткени ар бир өлкө өз өнүгүү жолун тандашы керек деп эсептейм. Анткени кайсыл бир өлкөгө тигил же бул жол менен кет деп таңуулоо — туура эмес.

Мына, мисалы, мен Саддам Хусейнди бийликтен алышканда абдан кубангам. Эми, диктатор химикаттар менен уулантып, он миңдеген кишилерди өлтүрдү. Бирок азыр Ирак кыйроонун алдында, менимче миллион болбосо дагы жүз миңдеген адамдар өлдү. Мына Ливиянын мисалы — ооба, Каддафи диктатор болуп, адамдарды өлтүргөндүр, мен билбейм. Бирок эми Ливия дагы кыйрап, миллион болбосо дагы жүз миңдеген адамдар өлүп жатат.

Ошондуктан мен кайсыл бир өлкөгө башкаруунун кандайдыр бир жолун таңуулагым келбейт, бирок Кыргызстан үчүн биз дал парламенттик жолду тандап алдык. Анткени биринчиден, биз арифметикалык жактан карап чыктык, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн көбү — бул парламенттик башкаруудагы өлкөлөр.

Жогорку кеңештин жыйындар залы.
Жогорку кеңештин жыйындар залы.

Экинчиден, биз качан өлкөнүн тагдыры бир адамдын колунда болгондо ал адам өз үй-бүлөсү, жакындары жөнүндө гана ойлоп баштарына ынандык. Кыргызстанда ошондой болгон.

Бизде бир үй-бүлө — алгач биринчи президенттин, андан соң экинчи президенттин — байып, а өлкө кедейленгенден кедейленип отурду, ошондуктан парламенттик өнүгүү жолун тандап алдык, анан да биз бардыгы мөөнөтүндө болушу керек деп чечтик.

Мен силерге таза парламенттик шайлоолорду өткөрүшүбүз керектигинин эмне себептен маанилүү экендигин айтып берем, анткени эки жарым жылдан кийин Кыргызстанда жаңы президентти шайлайбыз. Мен сөзсүз түрдө жаңы президенттин шайланышын өтө маанилүү деп эсептейм. Система болушу үчүн.

Албетте келечекте мисалы, Швейцариядагыдай жыл сайын жаңы президент болуп турса деп ойлойм. Бирок биз өз учурунда орунду бошотуп берүүгө көнүшүбүз керек. Беш жыл — мөөнөт, алты жыл өткөндөн кийин президенттик мөөнөт — Кыргызстанда ушундай болушу керек, Кыргызстанда башкача болбойт.

Жарандардын биздин таза, адилеттүү шайлоолорду өткөрө ала тургандыгыбызды көрүшү үчүн, эки жарым жылдан кийин кимди тандап алгандыктарынан күмөн санашпасы үчүн парламенттик шайлоолорду таза өткөрүп алуубуз өтө маанилүү. Анткени тилекке каршы, президенттик шайлоолор көпчүлүк учурларда өлкөдөгү ынтымактын бузулушуна алып келет. Биз муну азыр көрүп атабыз, Ооганстанда шайлоолор өттү — факты жүзүндө ал жакта дээрлик аягында макулдашууга келишти.

Биз эки жарым жылдан кийин Кыргызстанда адамдар эч кандай күмөн саноолорсуз шайлоолорго барышы үчүн быйыл парламенттик шайлоону жакшы өткөрүшүбүз керек. Анткени ага узак убакыт, эки жылдан бери даярданып келе жатабыз.

2015-жылдын күзүндө Кыргызстанда Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийинки экинчи парламенттик шайлоолор өтүшү керек.
2015-жылдын күзүндө Кыргызстанда Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийинки экинчи парламенттик шайлоолор өтүшү керек.

Биз бардык өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап келип Монголиянын тажрыйбасына токтодук. Ал кичинекей өлкө бизге өтө окшош. Эң башкысы эгер буга чейин алардагы шайлоолор түрдүү жасалмалуулуктар менен өтүп, ал эмес бир жолу бир нече адам өлгөн болсо, акыркы шайлоодо Монголиянын учурдагы президенти дээрлик ондон үч пайыз артыкчылык менен гана жеңишке жетти. Бул жакшы схема.

Бизде өткөн шайлоодо мен 63 пайыз, а атаандашым 14 пайыз алып калып: «Бул туура эмес. Жалган» деп айткан. Ошондуктан биз адамдарды шайлоолорго да ишенүүгө боло тургандыгына даярдоону каалап жатабыз.

Албетте азыр парламент шайлоолор жөнүндөгү мыйзамды талкуулап, кандайдыр бир жаңы эрежелерди киргизүүгө аракет кылып жатат. Бирок мен фракция лидерлерине мыйзамда сөзсүз түрдө аялдарга, улуттук азчылык өкүлдөрүнө жана жаштарга квоталар болсо гана кол кое тургандыгымды айтып катуу эскерттим — бизде 2010-жылы ушундай болгон жана ал өзүн актады.

Бизде буга чейинки парламентте аялдар болгон эмес, а азыр кеминде 30 пайыз квота болушу керек, 15 пайыз улуттук азчылык өкүлдөрү жана кеминде 15 пайыз 35тен ашпаган адамдар болушу керек. Мен ушундай шарттарда гана мыйзамга кол кое турганымды айттым.

Биз шайлоолорду татыктуу өткөрөбүз деген үмүттөмүн. Европарламенттин төрагасы Шульц мырза менен, Юнкер мырза жана Туск мырзалар менен болгон жолугушууда бул маселе тууралуу сөз болуп, мага конкреттүү колдоо убадалашты. Анткени чынын айтканда, демократиялык шайлоолор, Кыргызстанда демократиянын өнүгүшү сыяктуу маселелерде биз албетте Европа биримдигинин колдоосуна таянабыз.

Ооганстан жана өнүгүү жолу тууралуу
Ооганстан — бул микрофон тууралуу унутуп кала тургандай тема да ээ? Албетте Ооганстандагы абал бизди өтө тынчсыздандырат, бирок биз бир нече жыл мурун эле кандайдыр бир идеяларды, баалуулуктарды куралдын жардамы менен таңуулоого болбойт деп ойлоп келгенбиз.

Мен дагы бир жолу кайталап кетким келүүдө, Ооганстанда триллиондогон долларлар, Ирак, Ливияда жүз миллиарддаган долларлар сарпталды, бирок биз бардык жерде, ошол эле Ливия менен Иракта таптакыр башкача жыйынтыктарды — башаламандык менен кан төгүүлөрдү көрүп жатабыз.

Менимче, жакшы бир нерсени жакшы үлгүнүн жардамы менен гана куруу керек. Ислам өлкөлөрү, мусулмандар жакшы үлгүгө багыт алышса, ошондо гана жакшы бир нерсе кылууга болот.

Ооганстанда — мага мында Ооганстандын элчиси бар деп айтышты — мисалы, ошол эле апийимди өстүрүү жана анын түшүмү менимче бир нече эсеге чейин өскөн. Анда эмнеге триллион доллар куралга, канга кетти — бул жакшыбы? Эгер жыйынтыгында биз баары бир ошол эле Талибан менен сүйлөшүүгө туура келээрин көрүп турсак.

13 жылдык согуш, канчалган адамдар курман болушту, бирок баары бир Талибан менен сүйлөшүү керек, а биздин күч түзүмдөрдүн маалыматы боюнча, апийим талаалары бир нече эсеге кеңейген. Бул керектүү болгон жыйынтыкпы? Бул жакшы жыйынтыкпы?

НАТОнун коалициялык күчтөрүнүн Ооганстандагы аскерлери.
НАТОнун коалициялык күчтөрүнүн Ооганстандагы аскерлери.

Ошондуктан мен адамдарга кайсыл жол менен кетүү керектигин көрсөтүү керек деп эсептейм. Адамдардын окуп, жашоосуна кантип акча табуу керектигин билиши үчүн — апийим гана өстүрүп койбостон, башка бир нерсе кылуу керектигин айтуу зарыл. Доллар, курал менен көмүп салбаш керек, балыкты бербестен аны кармаганды үйрөтүү керек.

Менимче, биз бул багыттарды көп жолу сунуштап: «Бизге жардам бергиле, анан биз мусулмандарга, ислам өлкөлөрүнө кайсыл жол менен кетүү керектигин көрсөтөбүз, бул бир тигил, бир бул өлкөнү бомбалоого караганда кыйла эле арзан болот», деп айтканбыз.

Бул бомбалоолордун бардыгы тең кыйроолорго, башаламандыктарга алып барат. Ал Ливияда эмнеге алып келди? Иракта эмнеге алып келди? Эми Сирияда эмнеге алып барат? Ошондуктан мен буга башкача көз караштамын.

Анан албетте эгер биз Кыргызстанда светтик, демократиялык өлкөнү кура алсак — светтик, демократиялык жана ийгиликтүү өлкөнү — албетте бул Европадан Борбордук Азияга көпүрө болот; ал мусулман дүйнөсү менен Европанын, христиан дүйнөсүнүн ортосундагы көпүрө болот — мусулмандар кайсыл жол менен кетүү керектигин түшүнүшөт.

Революциялар жана Европанын «кош стандарттары» тууралуу
Сегиз күндөн кийин Кыргызстанда экинчи революция болгонуна 5 жыл толот. Көпчүлүгү жоогазын революциясы деп билген биринчи революция 2005-жылдын мартында болгон.

Анда менин топтордун биринин башында бара жатканым эсимде, чынын айтканда анда мен үйгө кайтып келбейм го деп ойлогом. Мен жубайыма «балдарды кара, мен тирүү келбей калышы мүмкүн» деп айткам. Бирок бизди өтө көп киши колдоп чыгып, биринчи президент жөн гана өлкөдөн качып кеткен.

Эгер биринчи президенттин учуранда анын үй-бүлөсү өлкөнүн байлыгын уурдаса, экинчи президенттин учурунда анын жакындары өлкөнүн байлыгын гана уурдабастан, кылмышкерлер менен бирге адамдарды өлтүрүп да башташкан.

Мен силерге мындай дейм, биздин качып кеткен президентибизге салыштырмалуу Украинанын экс-президенти Янукович жөн гана периште. Бизде оппозиционерлерди дагы, депутаттарды дагы, бизнесмендерди дагы, журналисттерди дагы өлтүрүшкөн. Болгондо да мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Мисалы, бизде Гена Павлюк (Геннадий Павлюк 2009-жылдын декабрында өлтүрүлгөн) деген мыкты журналист бар болчу. Анын колу-бутун байлап, оозун скотч менен бекитип, тирүү бойдон алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Бири Минскте, башкасы Лондондо, Ирландия, Америкада жашырынып жүргөн Бакиевдердин үй-бүлөсү мына ушундай болгон.

А качан президент Бакиевдин администрациясынын башчысы оппозицияга өткөндө, аны… ал Казакстандан келе жатканда кармап кетишип, түнү бою кыйнап, болгондо да экс-президенттин кичүү бир тууганы, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы жеке өзү кыйноого алып, тирүүлөй өрттөп жиберишкен.

7-апрелде митингчилерден турган топ Ак үйдү көздөй бара жатат. Бир нече сааттан кийин Бакиев бийликтен түшөт.
7-апрелде митингчилерден турган топ Ак үйдү көздөй бара жатат. Бир нече сааттан кийин Бакиев бийликтен түшөт.

Билишимче, Янукович менен анын үй-бүлөсү мындай нерселерди жасаган эмес. Бирок Бакиевдин бир дагы жакын адамы, анын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн бир дагы эсеби Европа же башка өлкөдө камакка алынган жок. Таптакыр! Кош стандарттуу саясат.

Анткени 2010-жылдын 7-апрели… Революция эмне үчүн башталган? 6-апрелде мени кошуп оппозиция лидерлеринин баарын камакка алышкан. Мени УКМКда суракка алып жатышканда эртең адамдар чыгышы мүмкүн, аларды токтотуу үчүн эртең оппозиция лидерлеринин бири эркиндикте болушу керектигин айткам.

Мага: «Силер үчүн эч ким чыкпайт, эл силерди сыйлабайт, силер 25 жылдан отурасыңар», деп айтышты. Бирок эртеси Бишкекте эл аянтка чогулду. Алгач, алар анчалык деле көп эмес болчу, болжол менен саат 12лерде алардын саны көбөйдү.

Анан ошондо бийлик тынчтык митингине чыккан адамдарды өлтүрө баштады. Биринчи адамды саат 12:30да өлтүрүштү. Анан ар 10-12 мүнөт сайын бир адамдан өлтүрүп турушту. Бирок адамдар уламдан улам көбөйүп жатышты. Ал массалык адам өлтүрүү учурунда аянтта фото сүрөтчүлөр болушкан, кээ бирлери мында отурушат, мен Оселедкону көрүп атам, Нина Горшкованы көргөм. Үчөөңөр аянтта болдуңар беле?

Бул жөн гана адамдарды өлтүрүү болгон, болгондо да жөндөн-жөн эле атышкан. Эмнегедир телефон менен сүйлөшүп жаткандарды атууга аракет кылышкан. Дароо эле жүрөккө атышкан. Ал күнү 79 киши өлтүрүлгөн, андан кийинки бир айдын ичинде дагы 20сы каза болду. Азыркыга чейин деле алган жарааттарынан улам эки-үч айда кимдир-бирөө өлүп турат.

Анан да Украинадагыдай эле бизде да революциядан эки ай өткөн соң Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык кагылышуулар уюштурулган.

Өзбекстандын президенти ал окуяга сырткы күчтөрдүн тиешеси бар болгондугун түз эле айтты, бирок көрсө аны далилдөө кыйын экен, андай экенине мен дагы толук ишенем. Бирок биз ал кагылышууларды төрт күндүн ичинде токтото алдык. Адамдар тынчтанып, анын чоң чагымчылдык экенин түшүнүштү.

Жетишкендиктер жана коңшулар менен болгон достук тууралуу

7257-1024x674

Мына беш жыл толуп жатат, биз парламенттик республика куруп жатабыз, ал аймакта парламенттик республика жок. Бул жолдо бизге дээрлик эч ким жардам берүүгө аракет кылбай эле. Бизге Евробиримдик Украина менен Грузияга жардам берип жаткандай жардам беришсе гана.

Бирок биз эч ким менен согушпай элебиз, биз эң башкысы — коңшулар менен достошуу экенин түшүндүк. Биринчи кезекте бардык коңшулаш өлкөлөрдүн мамилелерин эске алуу менен. Мүмкүн андан кийин гана алысыраак өлкөлөр менен достошуу керектир. Кайсыл гана өлкө болбосун, ал эмес эң радикалдуу реформаларга барып жаткан өлкөлөр дагы биринчи кезекте дал коңшуларынын кызыкчылыктарын эске алуусу керек. Ошондо гана ал каалаганын ишке ашыра алат.

Биз бардыгына өчөшкөндөй беш жылдан бери бутуна туруп келе жаткан өлкөбүз. Бир нече мисал келтирейин, акыркы үч жылдын ичинде эле бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсеге жогорулаттык, бул коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында гана жетишилген ийгилик.

Бажы жыйымдары үч жылдын ичинде үч эсеге көбөйдү. Мисалы силердин өлкөдө, Германияда, Орусияда же башка өлкөдө бажы жыйымдарынын үч жылдын ичинде үч эсеге көбөйгөнүн элестетсеңер. А бизде көбөйдү, анткени биз дагы күрөшүп жатабыз. Бизде укмуштуудай коррупция болчу.

Мурда чогултулган жыйымдардын үчтөн экиси жанагыдай уурулардын үй-бүлөлөрүнүн чөнтөктөрүнө кетчү. А ал уурулар азыр тынч жашап жатышат, анысы аз келгенсип канадалык соттор аркылуу Кыргызстандын активдерин камакка алып жатышат. Өлкөнү тоногондор, учурда Латвияда, башка европалык өлкөлөрдө жашап жаткан Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстанды тоноосун улантып жатышат.

Мына кош стандарттар.

А чынында Кыргызстан ошол эле Украина, Грузия үчүн демократияны курууда үлгү болуп бере алышы мүмкүн да. Келип көрүп кеткиле. Бирок бизге бир топ кыйыныраак, анткени айланабыздагы өлкөлөр бизге окшошпогон, таптакыр башкача өнүгүү жолундагы өлкөлөр.

«Мусулман өлкөсүндөгү» демократия тууралуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Франциянын президенти Франсуа Олланд.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Франциянын президенти Франсуа Олланд.

Анан да бизде калктын 90 пайызы — мусулмандар. Биз бул жерден да өз өнүгүү жолубузду таба алдык. Бул тармакта да биз өз өлкөбүздүн диний өнүгүүсүнүн концепциясын кабыл алып, өлкөдө күчөп баштаган радикалдуулуктун кескин өсүүсүн токтото алдык.

Бир гана мисал: акыркы айларда мен Бишкекте жүргөндө кара кийинген, хиджабчан аялдарды көрбөй калдым. Анан да акыркы айларда мечиттин имамдары менен жолукканда алардын мурунку — арабдар же пакистандыктардын — кийиминин ордуна учурдагы жарандык кийимдерди же улуттук кийим кийип жүрүп калгандыктарын көрүп жатам.

Бул аларды кимдир бирөө милдеттендирип жаткандыктан же ошондой мыйзамдын бардыгынан эмес — аны коом талап кылууда, анткени Кыргызстандын мусулмандары үчүнчү жолдун бар экендигин көрүштү. Жарым-жартылай демократия же кайсыл бир авторитардык режимдерден башка жол бар экенин түшүнүштү… билесиңерби, ошондуктан көпчүлүгү ислам радикализмине барып жатышат, анткени… дин адамдары: «Келгиле бардыгы үчүн адилеттүү коом түзөбүз» дешет.

Биз Кыргызстанда кайсыл бир Бакиевдин үй-бүлөсү же Акаевдин жакындары үчүн эмес, а бардыгы үчүн адилеттүү коом курулуп жаткан үчүнчү жолду көрсөтүп баштадык. Ошондуктан адамдар диний ишенимдерине, улутуна, денесинин түсүнө карабастан мунун туура, светтик-демократиялык мамлекеттин жолу экенине ишенип башташты.

Европа менен кызматташуу тууралуу
Атамбаев кыргыз-француз бизнес-форумунда.
Атамбаев кыргыз-француз бизнес-форумунда.

Бул сапарымдын жүрүшүндө эми Европа биримдиги менен мамилебиз таптакыр башкача мамиледе болчудай өндөндү, албетте мен буга өтө кубанычтамын. Олланд мырза, Фишер мырза, Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушуу маалында бүгүн Кыргызстанга таптакыр башкача мамиле экенине ынандым — бизге ишеништи.

Менин оюмча, Меркель айым менен да ушундай сүйлөшүүлөр болот. Биз алдын ала даярданып жатабыз, Германияга мына эртең учабыз. Менин оюмча, Кудай буюрса биздин Европа биримдиги менен болгон мамилебиздин жаңы баскычы башталат.

Бажы биримдик менен Европа биримдиги кантип сыйыша тургандыгы боюнча өтө көп сөздөр болгон. Мен буга Меркель айым менен президент Путин так жооп беришкен деп эсептейм. Меркелдин Европа Люксембургдан Владивостокко чейин болушу керек деп айтканы эсиңиздерди болсо керек, а Путин Европа Лиссабондон Владивостокко чейин болушу керек деп айткан, а мен ал Бишкекке чейин жетиши керек деп айткым келүүдө.

Анткени кыргызстандыктар духу боюнча европалыктардай, толеранттуу, кандай гана экономикалык кыйынчылыктар болбосун жеңе алган, адилеттүүлүк үчүн ачкадан өлүүгө даяр адамдар. Биз ал адамдарды таптакыр билбейбиз, алардын бир тобу беш жыл мурун аянтта курман болушкан. Бирок мен аларга милдеттүү экенимди билем, алар болбосо мүмкүн мен эбак эле жок болмоктурмун.

Бакиевдердин кланы бизди «Ислам мамлекети» сыяктуу жапайы мамлекет кылып коймоктур, мен алардын өлкөдө эмнелерди кылгандактарын айтып бердим, ал алардын кылган иштеринин бир бөлүгү гана.

Кыргызстандын байлыгы да… бизде мунай менен газ жок, бирок бизде мына ушундай адамдар бар. Бизде адилетсиздикке чыдабаган, эркиндик үчүн өмүрүн аябаган элибиз бар. Анан албетте мен Кыргызстандын келечегине ишенем, анткени мындай адамдар кандай гана тоо болбосун томкоруп, эң жакшы өлкө куруулары керек. Албетте алыбызга жараша мунун үстүнөн иштейбиз.

Мен дагы бир жолу эмнеге биз Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикти камтыган чоң Европа менен коңшу болушун, же жок дегенде Европанын кичинекей бир бөлүкчөсү болушу керектигин каалап жаткандыгыбызды белгилеп кетким келүүдө, анткени биз демократиянын, эркиндиктин жолун тандап жатабыз. Бизди бул жолдон баш тартууга эч ким мажбурлай албайт деп ойлойм.

Кыргызстан тууралуу Европа менен ЕАЭБдин ортосундагы көпүрө катары
Кандай болгон күндө да Кыргызстан коңшуларынын бардыгы менен өз ара түшүнүшүүгө жетишет, аны менен катар биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды катуу эске алабыз.

Эки жыл мурун мага Евробиримдиктин өкүлү келип: «Силер эмнеге Бажы биримдигине кирип жатасыңар?», деп сураганда мен жооп катары: «Келгиле биз Евробиримдикке кирели. Ассоциация туралуу макулдашууга кол коелу да биримдикке кирели» дегем. Анда ал дароо эле: «Жок, жок, жок, бизде жалпы чек арабыз жок да» деп айткан. Тактап айтканда, биз колдо бар нерсени тандап жатабыз.

Бирок мен баары бир келечек чоң Европанын, кагылышуулар, түшүнбөстүктөр жок Европада деп эсептейм. Бүгүн болуп жаткан кагылышууларды токтотуу керек. Биз келечегибизди Европа менен Борбордук Азиянын, Европа менен Кытайдын ортосундагы көпүрө катары көрүүдөбүз; биздин жалпы чек арабыз — 1000 чакырымдан узун.

А көпчүлүктү чочутуп жаткан Евразиялык экономикалык биримдик — бул экономикалык гана биримдик. Бул тууралуу биримдиктин катышуучулары болгон Орусиянын президенти (Владимир Путин) дагы, Казакстандын президенти (Нурсултан Назарбаев) дагы бир нече жолу айтышкан.

ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн — Орусия, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Беларустун президенттери.
ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн — Орусия, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Беларустун президенттери.

Эгер экономикалык жактан гана алып карасак Кыргызстан бул башка — бир гана рынок, а эгер биз 200 миллион калктуу рыноктун катышуучусу болсок анын жөнү башка.

Биз — Евразиялык экономикалык биримдиктин курамындагы Кыргызстан —Евробиримдик менен Евразиялык экономикалык биримдиктин позицияларын болушунча жакындаштыруу максатында, келечекте Европа менен Орусиянын лидерлеринин Европа — Лиссабондон же Брюсселден баштап Владивостокко же Бишкекке чейин болсун деген каалоолору ишке ашышы үчүн бардык аракеттерди көрөбүз деп айткым келүүдө.